Шашпа, жамгыр карап тур,
Айлык тийсе зонтик алам,
Мейли сыртың салып тур.
59
С Ы Р Д А Ш У У
____________________________________________________________________
Төрт саптар
Жай. Саратан сезим муздап көнүл үшүп,
Дайрасын ой-санаанын келем сүзүп.
Олтурам кур калгансып, бул тагдырдан,
Шагым сынып, жылдызым жерге түшүп.
Арман айтып, жаратканга таарынып,
Мен да жүрөм бала жытын сагынып.
Түшүнсөк кийин, балким, түшүнөөрбүз,
Калдыкпы, биз тагдырдан жаңылып.
Апам жок, кагылып тосуп алчу,
Айылга балдарымды алып барсам.
Апам жок жамандыктан калкалачу,
Ысыкта же суукта калып калсам.
Өкүнүү, көз жаш, арман – баарын берип,
Тагдыр да аябады мени көрүп.
Маңдайга жазылганы ушул беле,
Жетимдик да, жесирлик да бирдей келип.
60
Мен келемин үмүтүмдү жетелеп,
«Таш боор ажал, кое турчу, келбе» !- деп.
Калгым келет көнүлдөрдү жаз кылып,
Өмүр өтүп кетелекте эртелеп.
Оо табийгат, жашатасың азгырып,
Өмүрлөрдү жаратасың аз кылып.
Өмүр кымбат, биз жашоонун коногу,
Ортобузда жашасынчы жакшылык!
Жетпеген бактыма колум сунуп,
Кусалуу олтурамын улутунуп.
Кун өтсө, эрки бекем жүрөгуңдө,
Каламын бир күнү мен унутулуп.
Окшошкон күндөр өтөт билинбеген,
Жол караган жалбыракмын дирилдеген.
Көп жигиттин ичинен сени күткөн,
Мен бир жанмын анча көзгө илинбеген.
61
У м а р о в а Ж ы п а р
____________________________________________________________________
_
Мага жагат сени келет деп
Кыялымдын мени алдашы
Төгүлсө да көз жаш каректен
Сен бар үчүн бакыт көз жашы
Санаа тартып, арман жүгүн артынбайм
Саат жылып, өмүр өтсө кайгырбайм,
Алды жакта өмүр узун жол узун.
Уулум, кызым өмүр улайт артымдан.
Ден- соолутум - уулумдун көздөрүнүн,
Мончок-шуру чачыласы
Өтүп кеткен жаштыгым - ал
Кызымдын сербейген сары чачы.
Көзүндү ачкын, соолук эртерээк,
Жашоо кандай сонун керемет.
Унутпагын Адам экениң,
Ким бирөөгө жакын эн керек
62
С Ы Р Д А Ш У У
____________________________________________________________________
Жанга шерик болуп сүйбөсөң,
Азабымды тартып күйбөсөң.
Не кылайын жалгыз калганда,
Өзүм менен өзүм сүйлөшөм.
63
У м а р о в а Ж ы п а р
____________________________________________________________________
_
АРНОО ЫРЛАР
Булбул Суранчиева эжекеге!
Билим берип, асыл сөздөр айттыңыз,
Сапар улап, келбес жакка кайттыңыз.
Окуйбуз деп, чачыңызды агарттык,
Ушул жерде -биз -олтурган жалпыбыз.
Жаздын жытын жакшы көрчүү элеңиз,
Сөзүңүздү жаштарга айтып беребиз.
Арабызда жок болсо да көзүңүз,
Өзүңүзгө таазим кылып келебиз.
64
С Ы Р Д А Ш У У
____________________________________________________________________
Маматова Дамира эжеге
Эшиктен кирип келсем аяр басып,
Китептер күтүп турат жол карашып.
«Чакырчы, эже кайда кеткен»,-дешип,
Китептер Сизди күтөт жалдырашып.
Көзүмдү алакачам китептерден
Кандай гана оор сөз «келбейт» - деген.
Колуңуздун издерин издей берем,
Баягы китеп турган текчелерден.
Апасын күтүп турган балага окшоп,
Бир китеп сизди күтөт кайгы коштоп.
Кантсин анан үмүтүн үзө албай,
Китеп ыйлайт, мен да ыйлайм сизди жоктоп.
65
У м а р о в а Ж ы п а р
____________________________________________________________________
_
Зыйнат эже!
Кичи пейил, мүнөзүңүз өтө сылык,
Бизден жакшы билесиз жашоо кызык.
Зыйнат эже төрүбүздө жүрө бериң,
Жашооңузда болбосун кыйынчылык.
Минавар эже!
Көйнөк кийген, же пушту, же кырмызы,
Майин мүнөз факультеттин бир кызы.
Жүзүңүзге түшпөсүн дейм көлөкө,
Маңдайы ачык дайым жарык жылдызы.
Мастура!
Чачың узун, тилегиң дагы узун,
Көз салышып, суктанышат тымызын.
Тил илимин жалпылап жүрүш жаса,
Заман өзү барктап алат бир кызын.
66
С Ы Р Д А Ш У У
____________________________________________________________________
Салтанат!
Кызыл гүлгө окшотобуз бир карап,
Сендей кыздар пейилинен бак табат.
Нурга бөлөн, үй бүлөңдө аман бол,
Биз сыйлаган Аманова Салтанат.
Асылкан!
Болду эми «болбойт дегенд ойду бузгун,
Өзүңө жакшы шартты кенен түзгүн.
Сүйүүнүн калагы жок кайыгында,
Сен дагы түйшүк тартып талбай сүзгүн
Жылдыз!
Жүзүңдө күлмүңдөгөн жылуулук бар,
Кудайым кур койбогон сулуулуктан.
Жайнаган жылдыздардын арасынан,
Ак жылдызсың бизге жакын жанып турган.
67
У м а р о в а Ж ы п а р
____________________________________________________________________
К А А Л О О Л О Р
Кызым - Жыпаргүл!
Сизге мамлекеттик экзаменде жолуктум. Уктум! Аяп кеттим! Мен
жетимиш жети жаштамын. Көкүрөккө түнөгөн, Сизге тиешеси жакындаган
каалоо – кеңешимди жазгым келди.
I. «Өзүңдү сүй бир гана». Бул Пушкиндин сөзү. Чын. Керектүүлүгүң
азайса, суз тиктөө көбөйөт экен. Бала деле, эр деле, тууган деле
жалындоосун жапырт көргөзбөй калышат тура! Ошондуктан оорубоонун,
кор болбоонун камын жаштайыңдан өзүң жасап бар.
II. «Саны көптүн баркы жок». Бул да чын. Баркыңды кемитпегиң
келсе, күлкүнүн, шаан-шөкөттүн, мамиленин, кийүү-ичүүнүн санын азайт.
Дегеним, биз өмүр бою жакын жана кайдыгер адамдардын арасында
жашоону уланта берет турбайбызбы. Алардын мамилеси кадыр-барктын
рельсасы менен жылып келет тура.
III. Кара башты кара тагдырдын түртүп кетмей адаты бар. Түртүндү
түртүп өтсө, түңүлүп апкаарыба. Андай учурда эки пикирди медер тута
жашоону улант.
1-пикир: мындан да жаман болуп калсам кантээр элем? Шүгүр–дейин.
2-пикир: ушул азаптуу күн – менден да өтөөр, кетээр. Ишенейин – деп
күн өткөр.
IV. Төрөдүң. Балабы? Балээби? Экөөнүн тең үйдөн чыгышы мүмкүн.
Ошондуктан, ыйманга шире. Кызды үй турмушуна, уулду жашоо
турмушуна көнүктүр. Кыздын, уулдун милдеттерин тизмеле. Он жыл кетсе
да, жылдарга бөлүп, четинен каныктырып, көнүктүрүп бар.
V. Көндүм адат – алаксытуучу, азгыруучу пейил. Ага өзүңдүн
эрктүүлүгүңдү каршы кой. Азыр шайтанга жеңдиргендер жалгыздык дей
беришчү болду. Чындыгы бар. Бирок анын ыраатында, наалатын да түзүүчү
- адам өзү. Ошону иштесе да күн өтөт, иштебесе да күн өтөт. Минуттук
шам-шумга шайтандын кол жоолугу болуу - өтө эле пастык иш.
VI. Жашооң – жазгы күндөй;
келечегиң – таңкы үмүттөй;
ден соолугуң – койдун уузундай;
өмүрүң – Жамбыл жашындай;
кадырың – Курманжан даткадай болушун каалайм!
Мамади Байымбетов
«Республиканын Эл мугалими»
«Республиканын эмгек сиңирген мугалими»
«Республиканын өзгөчө эмгек сиңирген пенсионери»
Ош МУнун Ардактуу профессору жана окумуштуулар кеңешинин мүчөсү
СССдин, Кыргызстандын Эл агартуусунун отличниги.
12.11.2003. Ош ш.
68
Атанын кызы – Жыпаргүл
Көк-Белдин келбетинин кооздугун, кереметтүүлүгүн, берекелүүлүгүн,
анын тарыхын эч нерсе менен салыштырууга болбойт.
Чындыгында, айрым инсандардын ою да тоодой бийик, тоодой залкар
экенин көрүүгө болот. Албетте, теңдешсиз жер, чиркин! Көптөгөн уул-
кыздары менен сыймыктанабыз.
Атаңдын дагы бирге иштешкен кесиптештери да, эл да, туугандары
да, бийликтегилер да, байлыкка чиренгендер да, өз курбалдаштары да зор
урмат, зор сый көрсөтүп турушар эле. Чынында эле, ал киши турмушту,
жашоонун маңызын акыл-парасат менен туюп, аны талдап, келечегин өз
курбалдаштарынан бир кадам алдыга суурулуп чыгып, көрө билген
билимдүү, чыгаан инсандардан эле…
Сен ата менен сыймыктанууга жана ал жөнүндө түбөлүктүү из
калтырууга тийишсиң. Ошондуктан Мому агабыз жөнүндө материал
топтоп, тамшанта турган поэма жаратууну унутпагын. Бул жагдайда сенин
чыгармачылык талантың, күч-кубатың, дараметиң жетерине ишенем.
Айрыкча анын мукам үнү, кара жаак чечендиги, бийик адамгерчилиги,
билими, жетекчилик иши, айкөлдүгү, боорукерлиги, өткүр мүнөзү,
жөнөкөйлүгү өз замандаштарынын сезиминин түпкүрүнөн түнөк тапканын
изилдеп табуу милдети сенин мойнуңда турат.
Жыпар! Сени «түптүү элдин кызы» - дешет, сени «атанын кызы» -
дешет. Бул сөз айкаштарынын тереңинде не деген баалуу философиялык
ойлор жатат. Сендей кыздары менен көк-белдиктер да сыймыктанышат
жана ага негиз бар.
Казыбаев Ташан
Кыргыз ССринин эл агартуусунун отличниги.
31.01.2004. Көк-Бел айылы.
69
Жыпар эжекеге
Жүзүнөн төгүлөт нурлары,
Сулуулук өзгөчө бул дагы.
Эч качан тартпастан капалык,
Жашасын, көп болсун сый жагы.
Ыр да жазат: «Болбой калдым колуктуң»…
Бул кечеде жакшы мага жолуктуң.
Дайым бар бол. Ачык турсун асманың,
Сен болбосоң факультетке толот муң.
К.Кимсанов. акын.
25.03.2004.
Жыпар эжекеге
Жылдыз болчу жанып өчкөн жымыңдап,
Жылуулукту чаччы күндүн нурундай.
Жакшылыктан үмүт үзбө жылмайган,
Жарашпастыр санаа сага кымындай.
Алымбек
2004.
70
Жыпар эжекеме
Агартуучу арасынан Жыпар эжем,
Алла Таала талантынан берген белем.
Ар убак көргөн сайын суктанамын,
Ал өңдөнүп мен да акын болсом дегем.
Китептерге болдуңузбу шам чырак,
Эмгектенип алга карай камчылап.
Жыпар эже өзү сүйгөн кесип менен,
Өнөрүңүз өсө берсин ташкындап.
Эмгектенип жалаң гана жакшылыкта,
Эчактан Сиз иштедиңиз ушул нукта.
Болгуң келсе Жыпар эже сыяктуу,
Ырга бай филфактын суусун уурта.
Кудайбердиева Бегайм 3-курс.
Жыпар эжекеме
Муңайыштуу бирде шаттуу, кайгылуу,
Жүргөндөйсүз сырлар ичте катылуу.
Билгим келет бирок кантип сурайм,
Сурай албай ойлуу карап турамын.
Сулуу жүздү неге тырыш басып барат,
Ушул суроо кайра эле кыйнап турат.
Муңайымдуу көрүнбөчү эжекебай,
Сыйлаган, урматтаган сиңдиң сурайт.
Студентиңиз 311- окуу залы.
2004.
Достарыңызбен бөлісу: |