4-Тема: Окуучуларга адептик тарбия берүү жумуштарында кыргыз элдик оозеки чыгармаларын колдонуунун методикалык принциптеринин өзгөчөлүктөрү
Максаты: Окуучуларга элдин адепдик-этикалык баалуулуктарын берүү ыкмалары менен болочоктогу мугалимдерди тааныштыруу
Планы:
1. Кыргыз мектептериндеги билим берүүнүн мазмуну жана андагы элдик адептүүлүк идеалдарынын чагылдырылышы.
2. Кыргыз элдик оозеки чыгармаларын “Адеп” сабагында колдонуу.
3. V-VIII класс окуучуларын кыргыз элинин адептик-этикалык маданияты менен тааныштыруунун проблемалары.
Методикалык көрсөтмөлөр
“Адеп” сабагынын окуу программасынын, окуу китептеринин жана колдонмолорунун элдик педагогиканы пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн талдагыла.
V-VIII класстарындагы сабактарга байкоо жүргүзүп, окуучуларды элдин адептүүлүк идеалдары менен тааныштыруу планындагы натыйжалуулугун аныктагыла жана өздүк тажрыйбаңарга таянып толуктоолорду киргизгиле.
Элдик педагогиканын элементтерин колдонуп кыргыз адабиятынан сабак өтүүнүн план-конспектисин түзгүлө.
“Эл агартуу”, “Кут билим”, “Кут билим сабак” ж.б. газета-журналдардагы макалаларды, практикалык сунуштарды (тарбиялык иш-чаралардын сценарийлери) топтогула жана аларга талдоо жүргүзгүлө, тиешелүү толуктоолорду киргизгиле.
5-Тема: Класстан тышкаркы иштерди жүргүзүүдө кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде окуучуларга адептик тарбия берүү жумуштарынын мазмуну жана негизги формалары
Достарыңызбен бөлісу: |