ok, mermi (?)
бөздө -аркар атса ~п ал-
dağ koyunu ateş etse beze
sararak (?) almak.
Ошентип, жогорудагы принциптердин негизинде түзүлгөн «Манас» эпосунун чоң
көрсөткүч сөздүгү Түркияда Түрк тил куруму тарабынан басылып, дүйнөлүк коомчулукка
сунушталганын жана Жусуп Мамай нускасы боюнча түзүлгөн көрсөткүч сөздүк да басмага
даяр турганын белгилей кетмекенибиз оң. Эгерде бул үч нусканы салыштыра келсек, анда
төмөнкүдөй статистикалык даректерге күбө болобуз:
1. Нускалардын көлөмү. Жусуп Мамай нускасынын текстин компьютерге жүктөп, анын
көлөмүн аныктоо маселесин койгонубузда аталган варианттын көлөмү 750904 сөз
колдонушун камтыры айкын болду. Бул, алибетте, эбегейсиз зор көлөм. Анткени ал
Сагымбай менен Саякбайдын өйдөкү варианттарын кошуп эсептегендеги 598956 сөз
колдонуш көлөмдөн да ашып түштү. Сал.:
Жусуп
Мамай
Сагымбай
Саякбай
Сагымбай+Саякбай
750 904
163 962
434 994
598 956
2. Сөз формасынын жалпы саны. Эпосто колдонулган сөз формасынын тизимин алып,
тизимге камтылган бирдиктерди эсептей келгенибизде Ж.Мамайдын вариантында 58690 сөз
формасы катталганы анык болду. Эгерде бул көрсөткүчтү салыштыра келсек, Сагымбай
менен Саякбайдын варианттары сөз формасы байлыгы жагынан Ж.Мамайдын нускасынан
алда канча төмөн турары аныкталды. Сал.:
Жусуп
Мамай
Сагымба
й
Саякбай
(бардыг
ы)
Сагымба
й
Саякбай
Манас+Се
мет.+
Сейтек
Сагымбай
Саякбай
(бирдейлери
)
58 690
52 703
27 424
39 089
13 808
Көрүнүп тургандай, Жусуп Мамай нускасы, омонимдерди ажыратпаган учурда да, сөз
формаларынын молдулугу жагынан Сагымбай менен Саякбайдын варианттарынын ар
биринен болжол менен 1,5-2 эсеге ашып түшсө, эки вариантты бириктиргендеги бардык сөз
формаларынан 6000 ге ашып түштү.
3. Сөз байлыгынын жалпы саны. Сагымбай менен Саякбайдын варианттарынын негизинде
түзүлгөн чоң көрсөткүч сөздүктө 20 миң чамалуу сөз камтылганы анык болду. Ал эми Жусуп
Мамай нускасынын сөз байлыгын аныктоо үчүн дагы кошумча илик абзел.
Жыйынтыктап айтканда, «Манас» эпосунун улуттук корпусун түзүү жумушу учурда
улантылууда. Бул корпус келечекте кыргыз тилинин улуттук корпусунун бир бөлүгү болору
анык. Учурда 4 млн.дон ашуун сөз колдонушту камтыган ар кандай жанрдагы текстер
корпуска жүктөлүүдө. Мындай олуттуу ишти аркалоодо корпустук лингвистикада топтолгон
бай тажрыбаны чыгармачылык менен өздөштүрүү керектиги айдан ачык.