Бишкек 2019 кыргыз тили


өтө маанилүү, анткени балдар кайсы … бүтүргөнүнө жараша кесип



Pdf көрінісі
бет149/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   145   146   147   148   149   150   151   152   ...   233
өтө маанилүү, анткени балдар кайсы … бүтүргөнүнө жараша кесип 
тандайт. Тактап айтканда, бир гана гимназиянын бүтүрүүчүлөрү … 
тапшыра алышат.
а) окуу жайды / чоң окуу жайларга 
б) университетти / магистратурага
в) орто мектепти / университеттерге 
г) бала бакчаны / мектептерге
8. Мектептин пайда болушу адамзат коомунун … менен, андагы өн-
дүрүштүк мамилелердин татаалданышы жана эмгектин коомдогу 
… менен түздөн-түз байланыштуу.
а) жаралышы / бөлүштүрүлүшү 
б) билим берүүсү / орду
в) калыптанышы / ажыратылышы 
г) өнүгүшү / өркүндөшү
ƒ
„
Окшоштуктар тести: 
1. китеп : окуу
а) диван : уктоо
б) үстөл : отуруу
в) фильм : көрүү
г) нан : кесүү


10-ТЕМА
183
2. ортон : сөөмөй
а) кол : бут
б) манжа : чыканак
в) бейшемби : жума
г) көз : кулак
3. күрүч : дан
а) ит : күчүк
б) эмен : дарак
в) өрүк : данек
г) жүгөрү : арпа
4. күкүк : чыйырчык
а) карышкыр : ит
б) торгой : талаа
в) түлкү : сагызган
г) төө : бото
5. алыс: ыраак
а) кенен : жайык
б) жайлоо : кыштоо 
в) кеме : деңиз
г) жылуу : муздак
6. өрнөк : үлгү
а) көктөм : жаз
б) шамал : куюн
в) короз : тоок
г) дарак : жалбырак 
ƒ
„
Сүйлөмдөрдү толуктоо тексти:
1. … гана адам бардыгын билемин деп мактанышы мүмкүн. Ал эми 
… адам улам жаңыны үйрөнгүсү келип, бул дүйнөнүн сырын эч 
убакта толук билип болбостугун сезип, аздыр-көптүр өмүрүндө 
жок дегенде тигил же бул нерсени үйрөнүп алууну … .
а) билимдүү, акылдуу, эңсейт 
б) мактанчаак, кадырлуу, каалайт
в) акылсыз, билимдүү, самайт 
г) көйрөң, жөнөкөй, тилейт.
2. Тынымсыз жер казган … акыры сууга жеткендей, … илим-
билимге жетет. 
а) өжөр, үлгүлүү окуучу 
б) кежир, нарктуу окуучу
в) көк, тартиптүү окуучу 
г) өзүмчүл, билимдүү окуучу
3. Көздөгөн максатына жетүүгө умтулган адам … багынууга … . 
М. Ю. Лермонтов
а) турмушту, ылаажысыз кылат 
б) тагдырды, аргасыз кылат 
в) кыялды, айласыз кылат 
г) бакытты, амалсыз кылат
4. «Мен … калсам эле окуп кирчүмүн. Канчалык көп окуган сайын 
жабылуу эшиктер ачылып, тынчым кете баштады. Басып-туруп 
эле мамлекет жөнүндө ойлой берчү болдум. Эгерде биз тапкан- 
ташыганыбызды … сыяктуу мамлекеттин … кандай сонун болор 
эле! В. Шукшин
а) эркин боло, чабалекей, кирешесине койсок
б) бош боло, кумурска, пайдасына жумшасак
в) ээн боло, жөргөмүш, казынасына топтосок
г) бекер боло, аары, капчыгына салсак


КЫРГЫЗ ТИЛИ
184
5. Киши өзүнүн күч-кубатын өзү тандап алган кесибине мүмкүнчүлүгү 
… жумшоосу керек. … улуу нерсени жаратып коюшу да мүмкүн. 
Адамдын бактысы, жөндөмү, парасаты, коомдогу орду анын 
көпчүлүккө канчалык … менен аныкталат эмеспи. Д. Казакбаев
а) жетишинче, балким, пайдасы тийгендиги
б) келишинче, демек, зыяны тийгендиги
в) барынча, албетте, киреше бергендиги
г) чогулганча, болжолу, байлык топтогондугу
Чыңгыз Айтматовдун буга чейин кыргыз окурмандарына таптакыр 
белгисиз болуп келген «Чоор жана жер» («Флейта и земля») аттуу 
жаңы чыгармасы табылды. Ал чыгарма болгар тилинде жарык көргөн. 
Окурмандар бул чыгарма жөнүндө бир нече жылдар мурда кабардар 
болгон эле. Бирок анын мааниси жана мазмуну жөнүндө кол жазма-
ны алгач академик Абдылдажан Акматалиев окуп чыгып, өз пикирин 
билдирген. Жакында А. Акматалиев «Чоор жана жер» чыгармасынын 
үзүндүлөрү Болгариянын «Пламьк» (1973), «Литературный фронт» (1974) 
аттуу журналдарында жана болгар тилинде жарык көргөн чыгармалар 
жыйнагынын 2-томунда 1974–1976-жылдары басылып чыккандыгын таап 
чыкты. Бул тууралуу айтматовтаануучу академик мындай дейт: «Чоор 
жана жер» орус тилинде жазылып, бирок орус тилинде, кыргыз тилин-
де да жарык көргөн эмес. Жазуучу өзүнүн макалаларында, маектерин-
де же сүйлөгөн сөздөрүндө бул чыгармасы жөнүндө бир да эскерген 
эмес. Чыгарма орус тилинен болгар тилине которулган. Болгар окур-
мандары кырк жылдан бери Ч. Айтматовдун аталган повести жөнүндө 
билишет, а бизде али күнгө чейин колубузга жете элек. Анын үстүнө 
бул факт – «Чоор жана жерди» Ч. Айтматов жазган эмес деген кээ бир 
ишенбөөчүлөрдүн ойлорун жокко чыгарды. Чыгарма Чоң Чүй каналы-
нын курулушуна байланыштуу окуяларды камтыйт. Мен бул повесттин 
болгар тилинде жарык көргөнүн үч жылдай издеп, акыры Болгариядан 
таап, алдырттым».
Мындан сырткары А. Акматалиев аталган чыгарманын башкы каарма-
нынын прототиби Бейше Асакеевдин Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 
Сталинградда баатырларча курман болгондугун да тактап чыкты.
Айта кетсек, «Элдик маданият» сериясында чыккан Ч. Айтматовдун 
бул жыйнагына «Кош, Гүлсарат», «Бетме-бет», «Ботогөз булак», «Эрте кел-
ген турналар», «Чоор жана жер» повесттери жана «Атадан калган туяк», 
«Уулу менен көрүшүү» деген аңгемелери кирген.
«Де­факто» гезити, № 43, 2016


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   145   146   147   148   149   150   151   152   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет