Бишкек 2019 кыргыз тили


КЫРГЫЗ ТИЛИ 194 Зат атооч мүчөсү жок айтылат



Pdf көрінісі
бет157/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   153   154   155   156   157   158   159   160   ...   233
КЫРГЫЗ ТИЛИ
194
Зат атооч мүчөсү жок айтылат
Зат атооч мүчөсү бар айтылат
Объект мурун белгисиз зат болсо:
Убакыт үнөмдөгүң келсе – тил үйрөн.
Объект мурун белгилүү зат болсо:
Өз убактыңды үнөмдөгүң келсе – өзүң кызыккан 
тилди үйрөн.
Этиш логикалык басым менен айтылса: 
Тил үйрөнүү пайдалуу. 
Объект логикалык басым менен айтылса: 
Тилди үйрөнүү пайдалуу.
Бир өңчөй мүчөлөрдө эң акыркы сөзгө уланат:
Химия, физика, биологияны жакшы окуйм.
6-ТАПШЫРМА.
Сөздөргө -ды мүчөсүн оозеки улагыла
Станциялар… , жөндөмдүүлүгүңүз…, окуган…, кабарлар…, маалыматтар 
…, бирөө…, сөздөр …, каталар …, текст…, сайт…, тил…, үйрөнүү… .
7-ТАПШЫРМА.
Сүйлөмдөрдү туура түзгүлө
1. (Убакыт, убакытты) үнөмдөгүң келсе – (тил, тилди) үйрөн. 
2. Ишке киргенде (компьютер, компьютерди) сабаттуу колдоно алуу 
менен бирге бир канча (тил, тилди) билүүсү шарт. 
3. (Дүйнө, дүйнөнү) кыдыргың келсе – англис (тил, тилин) үйрөн. 
4. (Аң-сезим, аң-сезимди) өстүргүң келсе – (тил, тилди) үйрөн. 
5. (Чындык, чындыкты) билгиң келсе – (тил, тилди) үйрөн. 
6. Азыркы (технология, технологияны) үйрөнүү үчүн көп (тил, тилди) 
билүү керек. 
8-ТАПШЫРМА.
Текстти окугула, тапшырманы аткаргыла
Кырдаал: Ийгиликке жетүү үчүн тил үйрөнүү зарыл. Азыркы учурда 
технологиянын жардамы менен тил үйрөнсө боло турган 
кандай кеңеш берет элеңиз? Бири-бириңер менен маектешип, 
эң пайдалуу эки кеңешти сунуштагыла.
Тил үйрөнүү үчүн эң пайдалуу кеңештер
Азыркы технологиянын жардамы менен диваныңызда отурган жерден 
эле тил үйрөнсө боло тургандыгына байланыштуу бир канча керектүү 
кеңеш беребиз: Мисалы, Tuneln.com сайтына кирип, каалаган тилиңизде, 
каалаган тармагыңызда, каалаган өлкөңүздүн радиосун акысыз уга аласыз. 
Даяр категорияларга бөлүнгөн радио станцияларды каалаган убагыңы-
зда, каалаган жериңизде угуп, жаңы тилде угуу жөндөмдүүлүгүңүздү 
өркүндөтө аласыз.
Эгерде окуганды жакшы көрсөңүз анда www.alexa.com сайтына ки-
рип, өлкөдө болуп жаткан ар кайсы тармактагы кызыктуу кабарларды 
жана маалыматтарды окуп турсаңыз болот.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   153   154   155   156   157   158   159   160   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет