Бишкек 2019 кыргыз тили


Башканы коюп, «Манасты» айт деген эмне?



Pdf көрінісі
бет88/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   84   85   86   87   88   89   90   91   ...   233
1. Башканы коюп, «Манасты» айт деген эмне? 
а) Накыл сөз: «Бардык маалыматты «Манас» эпосунан тапса болот».
б) Элдик макал: «Башканы коё туруп, алгач «Манасты» билип ал».
в) Фразеологизм: «Манастан» айтып сүйлөсөң, тилиң так болот». 
2. Кызырдуу кыргыз эли дегенди кандай түшүнөсүңөр?
а) Кызырдуу кыргыз элибиз этти жайында жана кышында жейт.
б) Кызыр пайгамбар колдогон, жолдуу, ийгиликтүү кыргыз эли.
в) Жайы, кышы эт жеген, Кызыр менен кыдырып жүргөн элибиз. 
3. Кыргыздар кїндїз тамаша, тїнкїсїн оюнду кайсы мезгилде єт-
кєрїшєт?
а) Кыргыздар күнү-түнү оюн-тамашаны жайында өткөрүшөт. 
б) Күндүзү оюн-тамаша куруп, жайлап жатчу жерде түнү ойносо 
болбойт.
в) Кыргыздар күндүзү тамаша курушат да, түнү оюн өткөрүшпөйт. 
4. «Коштоп кийип суусар бєрк, Ыргап жатчу жер» дегенди кандай 
түшүнөсүңөр? 
а) Суусардан тигилген бөрктөн экини кийип, башын ыргап жатчу 
жер.
б) Өзүнүн мал-мүлкүн, байлыгын мактанып, башын ыргап жатчу жер. 
в) Суусар бөрктүн улам бирин кийип, жыргап жашаса боло турган жер.
5. Эпостун бул үзүндүсү Кыргызстан їчїн жарнама боло алабы? 
а) Жарнаманы жарнамачы адистер гана жасай алышат.
б) Ооба, жогорудагы үзүндү жарнаманын милдетин аткара алат.
в) Биз Кыргызстанды жарнама кылбай эле жашай алабыз. 
4-ТАПШЫРМА. 
Кыргызстан жөнүндө маалымат боюнча 
туристтик жарнама жазгыла
Жарнама жасоонун эрежелери:
y
Жасаган жарнама эффективдүү болуш үчүн жарнамалап жаткан нерсе 
жөнүндө бүт бардыгына угузуп жарыя салгыла. 


КЫРГЫЗ ТИЛИ
100
y
Жарнамалык тексттин аталышы ири тамгалар менен жазылсын. 
y
Барактын ортосунда көз кубандырган кооз сүрөт болсун.
y
Текст кошумча сөз баштарына бөлүнсүн. Алар жеңил, бат көз жүгүртүп 
окугудай болсун. Керектүү жерлер башка түс менен же курсив менен 
бөлүнүп турсун. 
y
Жарнамалап жаткан нерсеңер эмнеси менен айырмалана турганын 
белгилеп айткыла. 
y
Барактын төмөн жагында оң жакта телефон номер жазылсын. Силерди 
кантип табуу керектигин, дарегиңерди түшүндүрүп айткыла.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   84   85   86   87   88   89   90   91   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет