Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет87/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   83   84   85   86   87   88   89   90   ...   233
1-ТАПШЫРМА
Төмөнкү сөздөр жана сөз айкаштарды колдонуп
кыргыз жери жөнүндө текст түзгүлө
Ала-Тоонун башы, байлап жатчу жер, жайлап жатчу жер, ыргап жатчу 
жер, жыргап жатчу жер, тамаша, кермеге ат байла-, куш сал-, күлүктү 
сергит-.
2-ТАПШЫРМА.
Текстти окугула. «Манас» эпосунда кыргыз жери 
кандай сүрөттөлгөн? 
Башканы коюп, «Манасты» айт
(«Манас» эпосунан үзүндү)
Башынан кары кетпеген,
Ала-Тоо биздин жерибиз.
Жайы, кышы эт жеген,
Кызырдуу кыргыз элибиз. 
Кермеге күлүк сергитип,
Байлап жатчу жер экен.
Күн тамаша, түн оюн,
Жайлап жатчу жер экен.
Коштоп кийип суусар бөрк,
Ыргап жатчу жер экен.
Кунан минип, куш салып
Жыргап жатчу жер экен.
(Манасчы Саякбай Каралаевдин айтканынан)
ƒ
„
Адабий термин
Эпос (грек тилинде – «сүйлөө, айтуу»)
1. Көркөм адабияттагы үч түрдүн бири.
2. Фольклордогу ыр түрүндөгү көлөмдүү чыгарма. Ал элдин башынан 
өткөргөн баатырдык иштерин даңазалайт. Эпосто элдин, улуттун, 
өлкөнүн тагдырын чече турган зор окуялар көркөм сүрөттөлөт.
3-ТАПШЫРМА.
Суроолорго жооп бергиле
1. Тоолордун чокусунан эмне үчүн кышы, жайы кар кетпейт? 
2. Жайы, кышы эт жеген кыргыз элибиз кандай эл? Эмне үчүн кыргыздарды 
кызырдуу эл дейт?
3
САЯКАТЧЫЛАР ҮЧҮН
ЖАРНАК


6-ТЕМА
99
3. Жайлоодо күлүктү сергитип кермеге байлаганын көрдүңөр беле? 
Эмне үчүн кермеге байлайт деп ойлойсуңар? Даракка, же мамыга 
неге байлабайт? 
4. Күндүзү кандай тамаша-оюн куруп, түнү эмне оюн өткөрүшөт? 
5. Эгерде эки суусар бөрктүн улам бирин кийип, башын ыргап жатса, 
анда бул адамдын кайсы сапатын байкаса болот? Бул анын эс алып 
жатканыбы? Же бекерчиликтин белгисиби? Балким, бул анын коомдогу 
ордун көрсөтүп тургандыр? 
6. Кыргыз жери жашаган эл үчүн ыңгайлуу, кооз жана сүйүктүү экенин 
кайсы ыр саптары баяндайт? Ал саптарды таап, ынандыргыла. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   83   84   85   86   87   88   89   90   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет