7-ТЕМА
119
«Пайдалуу кендер» тесттин суроолоруна жооп бергиле
а) геологдор
б) археологдор
в) биологдор
г) куруучулар
2. Кандай заттар пайдалуу кендер деп аталат?
а) бардык пайдалуу заттар
б) адамдар үчүн пайдалуу витаминдер
в) жер астындагы же үстүндөгү пайдалуу заттар
г) жер астындагы же үстүндөгү таштар
а) таш көмүр
б) мунай
в) гранит
г) жаратылыш газ
4. Ашыкчасын белгилегиле:
а) кирпич
б) кум
в) темир кени
г) топурак
5. Кайсы пайдалуу кендер курулушта пайдаланылат?
а) кум, чопо
б) гранит, торф
в) көмүр, аш тузу
г) көмүр, кум
6. Кайсы пайдалуу кендер отун болуп пайдаланылат?
а) темир кени
б) көмүр, жаратылыш газы
в) графит, күкүрт
г) алтын, калай
7. Кайсы пайдалуу кенден металлдарды алышат?
а) көмүрдөн
б) граниттен
в) рудадан
г) газдан
8. Берилген пайдалуу кендерди мүнөздөгөн сөздөрдү тандагыла.
Гранит: ______________________________________________________ .
Чопо: ________________________________________________________ .
Акиташ: ______________________________________________________ .
1. Кайсы адистер пайдалуу кендерди изилдеп табышат?
3. Аталган топко тиешеси жок пайдалуу кенди белгиле:
Жардамчы сөздөр: өңү ак, жакшы жабышат, катуу,
тунук эмес, борпоң,
күйбөйт, жумшак, боз же кызыл өңдүү, кооз.
9. Төмөнкү кендерди бири-бирине салыштыргыла.
Гранит, көмүр, чопо, кум, алтын, нефть.
Төмөнкү кептик таянычты,
жардамчы сөздөрдү пайдалангыла.
(Эмне) (эмнеден) эмнеси менен / кантип айырмаланат.
Кымбат, катуу, курам, сапат, форма, өң-түс, жыт, жумшак, баа.
Гранит көмүрдөн баасы менен айырмаланат. Көмүр чоподон отун болуп
күйүп айырмаланат. Чопо кумдан жумшактыгы менен айырмаланат…