7-ТЕМА
121
Кыз Мазар
Биздин айылдан он эки чакырым алыстыкта «Кыз Мазар»
деген
капчыгай бар. Капчыгай ичи арча, карагай, жапайы карагат, бөрү ка-
рагат, ышкынга толуп, жолдун четинде көк кашка тоо суусу агып өтөт.
Асмандан бүркүт шаңшып, айланып учса, борчуктарда жойлогон түлкүлөр,
кез-кез чакчыгайдын чаңырыгы бадал түбүнөн булт этип суурулуп, кайра
жашынган коён, түркүн куштардын сайроосу кооздуктун көркү сыяктанат.
Бул капчыгайдын «Кыз Мазар» аталып калышы жөнүндөгү уламышты
укканым боюнча жаздым.
Илгери Акбулак өрүшүндө малы күтүрөп,
желе-желе бээ байланып,
кымыз, айран, жуурат, эжигей, курут, сары май берекеси төгүлүп, бир
айыл эл болуп ынтымакта жашашчу экен. Айылда туура сүйлөгөн сөзү,
көрө билген көзү бар калыс Бердике уста жашаптыр. Кемпири экөө
карыганча жалгыз кызынан башка балалуу болушпаптыр. Күндөн-күнгө
кызы суналып, ажары жанган, келишимдүү, айдай сулуу, колунан бардык
иш келген уз, акылы жетик токтоо болуп, суктанбаган жан калбайт. Жуу-
чунун саны көбөйүп, бирок кыздын көңүлүнө жакпайт. Жетиген уруусунун
Жедигер байы, жетимишке барып калса да, Айгеримди токолдукка алам
деп эки жолу колун суратып киши жиберет. Бердике ичинен чочуласа
да, ичи күйүп түтөсө да:
– Кызым өзү каалаганына барат, Жедигер байга менин кызыман башка
кыз толуп жатпайбы? – деп жөнөтүп коёт.
Бул жооптуу уккан Жедигер бай жинденип, үчүнчү жолу өзү келип:
– Кызыңды сыйың менен бергиниң, болбосо, кемпириң экөөңдү кул
кылып, үйүңдү өрттөп, кызыңды зордоп алып кетем.
Эртең даяр кыл-
гын, – деп жигиттери менен тебелеп кетчүүдөй омуроолор кетет.
Бердике аялы экөө көз жашын төгүп:
– Эркек болуп калсаң эмне, каралдым. Буга чейин жашыраак бирөөнө
макул болуп койгондо эмне! – деп чолпондой жанган кызын Жедигер
чалга ыраа көрбөй ичи өрттөнүп, айласы куруп турганда, кызы суйсала
басып келип:
– Ата, апа, ыйлабаңыздар, тагдырыма жазганын көрөйүн. Жедигер
чалга баргыча, жер кезип тентип өлөйүн.
Багым болуп аман болсом
кабарлашам, – дейт.
Ата-энеси ыйлап-сыктап акыры макул болушат. Эртеси таң салганда
Айгерим эркекчесинен кийинип, чачын башына ороп түйүп, жан азыгын
алып, бычагын жанына салып, ата-энесин ойготпостон жөнөп кетет. Кыз
шашып, чуркап да, басып да жүрүп олтуруп, капчыгайдын оозуна келип,
булакка жүзүн жууп, эс алып отура кетет.
Күн көтөрүлүп калган эле. Кыз жүрөгү коркунучту туюп,
ордунан тура
капчыгайды аралай чуркайт. Куугун жакындагандан жакындайт. Бирде
жыгылып, бирде туруп, чуркап олтуруп, капчыгайдан чыгып, өйдө төш
таяна жөрмөлөп чыга баштайт.
Жедигер чал жигиттери менен текирең-таскак түшүп жетип келишип,
тоого чыгып бараткан кызды көрүп, «тигине кармагыла» дешип,
аттарын
таштап, жабыла жөнөшөт.
Айгерим тоонун кыл чокусуна чыгып, эки жагын караса, аркасы аска,
алды жагында жан алгычтай жабылып келе жаткан Жедигердин жигиттери.