114
5
КЫРГЫЗДЫН
АЛА-ТООСУ
Сүрөттөрдү карап, Кыргызстандын тоолорун сүрөттөгүлө
1-ТАПШЫРМА.
«Курч текөөр бүркүт, түлкү, аюу, жолборс,
сүлөөсүн, марал, эчки, теке, кекилик, чил» деген
сөздөрү бар текст кандай жанрдагы текст деп
ойлойсуңар?
2-ТАПШЫРМА.
Ушул сөздөрү бар «Кыргыздын Ала-Тоосу» деген
ырда эмне жөнүндө окуйбуз деп ойлойсуңар?
Оюңарды жуптарда бөлүшкүлө
3-ТАПШЫРМА.
Эки мамычадагы сөз айкаштарды салыштыргыла.
Өз алдыңарча тыянак чыгаргыла
Эмне кылган?
Кайсы?
Түлкү жойлогон
Жойлогон түлкү
Түлкү таштан-ташка секирген
Таштан-ташка секирген түлкү
Айбандар жойлогон
Жойлогон айбандар
Чымчыктар сайраган
Сайраган чымчыктар
Маралдар маараган
Маараган маралдар
Аюу, жолборс, сүлөөсүн
аралашып ойногон.
Аралашып ойногон аюу, жолборс,
сүлөөсүн.
Этиш сөздөрдөн атоочтуктар жасалат
Мисалы: түлкү (эмне кылган?)
жойлогон (жойлогон – кыймыл-аракет –
этиш). Жойлогон (кайсы?) түлкү (жойлогон – атоочтук);
Түлкү таштан-ташка
секирген (түлкү эмне кылган?). Таштан-ташка
Достарыңызбен бөлісу: