Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет144/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   140   141   142   143   144   145   146   147   ...   233
3
ЖОГОРКУ ОКУУ
ЖАЙЛАРЫ


КЫРГЫЗ ТИЛИ
178
анын базасында 1950-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогика институту 
түзүлүп, ага 1952-жылы В. В. Маяковскийдин ысмы ыйгарылган (И. Ара-
баев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети). 1951-жылы Оштогу 
мугалимдер институтунун базасында жана 1955-жылы Пржевальскидеги 
мугалимдер институтунун базасында педагогика институттары түзүлгөн. 
Кыргыз мамлекеттик университети педагогикалык институттун базасында 
түзүлүп (1951), СССРдин 50 жылдыгы атындагы (1972), кийин Ж. Баласагын 
атындагы Кыргыз улуттук университети (2002) аталган. 1954- жылы Фрунзе 
политехникалык институту (И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик 
техникалык университети), 1955- жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия 
институту (Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы), 
1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту (Б. Бейшеналиева 
атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту) ачылган. Ошондой 
эле 1979-жылы Фрунзеде орус тили жана адабияты педагогика инсти-
туту (К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, 1994), 
1991- жылы Бишкек милиция жогорку мектеби (Э. Алиев атындагы Кы-
ргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясы, 1999), 
1992- жылы Кыргыз архитектуралык-курулуш институту (Н. Исанов атын-
дагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура универ-
ситети, 1998), 1991-жылы Көркөм-сүрөт колледжи (Т. Садыков атындагы 
Кыргыз Республикасынын улуттук көркөм-сүрөт академиясы, 2004), Кыргы-
зстан Эл аралык университети (1991), Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия 
Славян университети (1991), Кыргыз-Түрк «Манас» университети (1995), 
Нарын мамлекеттик университети (1996), Борбордук Азиядагы Америка 
университети (1998), К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консер-
ваториясы (1998), Талас мамлекеттик университети (2000), Баткен мам-
лекеттик университети (2002) жана башка окуу жайлары бар. Ошентип 
1991-жылдан кийин бир нече жаңы ЖОЖдор ачылып, институттардын 
университетке айланышы менен ЖОЖдордун жана студенттердин саны 
өстү. Кыргызстандын аймагында 1980–90-жылдарда бардыгы 10 ЖОЖ 
болсо, 2000–01-окуу жылында республикада ЖОЖдордун саны 40, ал эми 
студенттердин жалпы саны 188,2 миңди түзгөн, бул болсо 1999–2000-окуу 
жылына салыштырганда 29,5 миңге көп болгон. 2002-жылы университет, 
институт, академиялардын саны 46га жеткен. 2002-жылы 54 окуу жайы, 
анын ичинен 31и мамлекеттик, 15и жеке менчик жана 8и КМШ ЖО-
Ждорунун филиалдары болуп, аларда окутуу кыргыз, орус, казак, өзбек, 
англис, түрк, тажик, немис тилдеринде жүргүзүлгөн. Коммерциялык ЖОЖ, 
факультеттер, бөлүмдөр ачылган. 1990-жылга салыштырмалуу 2002–03-
окуу жылында келишимдик негизде окугандардын саны 5,6 эсеге көбөй-
гөн. Окуу квалификациясында жана окутуу процессинде да реформалар 
жүргүзүлүп, бакалавриат жана магистратура пайда болду. Тест, рейтинг 
системасы, кредиттик саат киргизилген. Кыргызстанда ЖОЖдордун жал-
пы саны 1994–2004-жылдары 22ден 49га чейин өскөн. 2009-жылы 32 
мамлекеттик ЖОЖ, 20 мамлекеттик эмес ЖОЖ болгон.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   140   141   142   143   144   145   146   147   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет