Бишкек 2019 кыргыз тили


КЫРГЫЗ ТИЛИ 180 4. Туура эмес жазылган энчилїї аттарды белгиле



Pdf көрінісі
бет146/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   142   143   144   145   146   147   148   149   ...   233
КЫРГЫЗ ТИЛИ
180
4. Туура эмес жазылган энчилїї аттарды белгиле. 
а) Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Э. Алиев атындагы Кыргыз 
Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясы;
б) И. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык акаде-
миясы, В. В. Маяковский атындагы Кыргыз Кыз-келиндер педаго-
гикалык институту;
в) Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Раззаков 
атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
г) Ош мамлекеттик университети, К. Карасаев атындагы Бишкек гу-
манитардык университети.
5. Тексттин жалпы мазмуну эмне жєнїндє?
а) окуу жайлардын саны, алардын аталыштары жөнүндө;
б) жогорку окуу жайларынын пайда болуу тарыхы жөнүндө;
в) Кыргызстандагы ЖОЖдордун аталыштары, пайда болуу тарыхы 
тууралуу;
г) Кыргызстандын окуу жайлары жана алардын аталыштарынын өз-
гөргөндүгү тууралуу.
6. Кыргыз Республикасында университеттер кантип пайда болду?
а) европалык жогорку окуу жайларынын үлгүсүндө;
б) институттардын университетке айландырылышынан; 
в) эгемендүүлүк алгандыгыбыздын эсебинен;
г) келишимдик негизде окуган студенттердин санынын көбөйүшүнөн 
улам;
2-ТАПШЫРМА.
Маектешүүнүн жүрүшүн иштеп чыгып, жупта 
аткарып көргүлө
1. Саламдашыңыз, акыбалын сураңыз.
2. Жооп кайтарыңыз.
1. Кайсы жерде окугуңуз келип жатканын айтыңыз.
2. Ал жерде окууга мүмкүн эместигин, себептерин айтыңыз. Башка окуу 
жай сунуштаңыз.
1. Сунуштаган окуу жайынан баш тартыңыз. Сиз жактырган окуу жайдын 
артыкчылыктарын айтып, маектешиңизди ынандырыңыз.
2. Дагы башка окуу жайларды сунуштап көрүңүз. Алардын жакшы та-
раптарын көрсөтүңүз.
1. Өзүңүз жактырган окуу жайга даярдыктарыңыз тууралуу айтыңыз.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   142   143   144   145   146   147   148   149   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет