Жазуу ишин (РАФТ) баалоо критерийлери: 1. Маанисинин максатка дал келиши
1 2. Ролдун, аудиториянын, форманын жана теманын дал келиши.
1 3. Теманын толук (терең) ачылышы.
1 4. Тексттин сабаттуу жазылышы.
1 5. Публикация жана суроолорго жооп берүү.
1 Жалпы: 5 6-ТАПШЫРМА. Төмөнкү кырдаалдарда ар түрдүү ролдорду аткарып, берилген темага сүйлөп бергиле: y
Силердин класска башка өлкөдөн жаңы окуучу келди. Ага өз өлкөң
жөнүндө эмнелерди айтып бересиң? Кыргызстандын жаратылышын
сүрөттөп айтып бергиле.
y
Сен туристтер менен иштейсиң. Кыргызстанга биринчи келген тури-
сттерди аэропорттон тосуп алдың. Аэропорттон шаарга келе жаткан
жолдо алар менен сүйлөш. Алдыдагы туристтик эс алууга кызыктыр.
y
Сен Кыргызстандын жаратылышын сактоо темасындагы конференцияга
катышасың. Ал конференцияда кайсы көйгөй жөнүндө айтып бере
аласың? Чыгып сүйлөй турган сөзүңдүн кыскача тезистерин даярдап
жатасың. Бул даярдыктарың жөнүндө мугалимиңе айтып бер.
y
Үйүңө алыстан конок келди. Өз шаарың (айылың) жөнүндө айтып бер.
Минтип айтып беришиң керек: – сенин шаарыңдын (айылыңдын) аталышы, жери;
– шаарың (айылың) кандай (алдыңкы, өнөр жайлуу, маданий борбор);
– шаарыңда (айылыңда) кандай тарыхый кооз жерлер бар (борбордук
көчөлөр, эстеликтер, театрлар…);
– Сен кайсы кызыктуу жерлерди көрүүнү сунуштайсың;
109
КЫРГЫЗСТАНДЫН ТОО КЫРКАЛАРЫ Тоо кыркасы деген эмне? Кандай тоо кыркаларын билесиңер? Кыргыз тоолору жөнүндө текстте силер бир нече сан атоочтор- ду жолуктурасыңар. Сан атоочтун зат атооч менен айкалышына