7-ТЕМА
105
Кыргыз Республикасы
Негизделген
840-жыл (Кыргыз кагандыгы)
Эгемендүүлүк күнү
31-август, 1991-жыл
Тили
кыргыз тили –
мамлекеттик тили
орус тили – расмий тили
Борбор шаары
Бишкек
Ири шаарлары
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол
Башкаруу формасы
Парламенттик-президенттик республика
Президент
Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министр
Мухаммедкалый Абылгазиев
Жогорку Кеңештин төрагасы
Дастан
Жумабеков
Аянты • Жалпы
199 951 км
2
Калкы
6,140 200
[3]
адам (111-чи)
Акча бирдиги
кыргыз сому
3-ТАПШЫРМА.
Текстти инсерт ыкмасы менен белгилеп окугула
Кыргызстан – (расмий түрү:
Кыргыз Республикасы)
Орто Азиянын
түштүк-чыгышында жайгашкан мамлекет. Өлкө түндүктөн
Казакстан, ба-
тыштан
Єзбекстан, түштүк-батыштан
Тажикстан, ал эми түштүк-чыгыштан
жана чыгыштан
Кытай менен чектешет.
Кыргызстандын борбору –
Бишкек, калкы жана аянты боюнча эң
ири шаар.
Кыргызстандын калкы 6,0 миллиондон ашуун (2017-жыл) адам.
Анын 72,6% (4 млн 6 миң)
кыргыздар, 14,34% (816,2 миң)
Єзбектер,
6,87% (375,4 миң)
орустар, дунгандар – 64 565,
уйгурлар – 52 456,
та-
жиктер – 50 174, түрктөр – 40 953, казактар – 33 701, татарлар – 28 059,
азербайжандар – 18 946,
корейлер – 16 807,
украиндер – 14 485,
не-
мистер түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү
жашайт.
Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарам-
дуулар калктын 59,0%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар – 8,7% түзөт.
Мамлекеттик Туусу
Мамлекеттик Герби
Бишкек Герби
КЫРГЫЗ ТИЛИ
106
Кыргызстан Борбордук Азия цивилизациясынын жолунда жайгашкан.
Сулайман-Тоо, Өзгөндөгү тарыхый комплекс, Саймалуу таштагы сүрөттөр,
Манастын күмбөзү, Таш-Рабат тарыхый кербен сарайы, Бурана мунарасы
кыргыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметтери катары бааланат.
4-ТАПШЫРМА.
Кыргызстан жөнүндө видео тасма көргүлө.
Салыштыргыла
Төмөнкү шилтемелердин бирин тандап кирип, Кыргызстан жөнүндө
кызыктуу жана кооз видеороликтердин бирин көргүлө:
Достарыңызбен бөлісу: