Атты І халықаралық конференция ЕҢбектері


батын~ ы ачык эр Кошой    cesur Koşoy (?)  бүйөнгө



Pdf көрінісі
бет172/326
Дата07.01.2022
өлшемі8,57 Mb.
#19269
1   ...   168   169   170   171   172   173   174   175   ...   326
батын~ ы ачык эр Кошой 
 
cesur Koşoy (?) 
бүйөнгө (~ тийип мойнуна) 
 
ok, mermi (?) 
бөздө  -аркар атса ~п ал-  
dağ koyunu ateş etse beze 
sararak (?) almak. 
Ошентип,  жогорудагы  принциптердин  негизинде  түзүлгөн  «Манас»  эпосунун  чоң 
көрсөткүч  сөздүгү  Түркияда  Түрк  тил  куруму  тарабынан  басылып,  дүйнөлүк  коомчулукка 
сунушталганын жана Жусуп Мамай нускасы боюнча түзүлгөн көрсөткүч сөздүк да басмага 
даяр  турганын  белгилей  кетмекенибиз  оң.  Эгерде  бул  үч  нусканы  салыштыра  келсек,  анда 
төмөнкүдөй статистикалык даректерге күбө болобуз: 
1.  Нускалардын  көлөмү.  Жусуп  Мамай  нускасынын  текстин  компьютерге  жүктөп,  анын 
көлөмүн  аныктоо  маселесин  койгонубузда  аталган  варианттын  көлөмү  750904  сөз 
колдонушун  камтыры  айкын  болду.  Бул,  алибетте,  эбегейсиз  зор  көлөм.  Анткени  ал 
Сагымбай  менен  Саякбайдын  өйдөкү  варианттарын  кошуп  эсептегендеги  598956  сөз 
колдонуш көлөмдөн да ашып түштү. Сал.: 
Жусуп 
Мамай 
Сагымбай 
Саякбай 
Сагымбай+Саякбай 
750 904 
163 962 
434 994 
598 956 
2.  Сөз  формасынын  жалпы  саны.  Эпосто  колдонулган  сөз  формасынын  тизимин  алып, 
тизимге камтылган бирдиктерди эсептей келгенибизде Ж.Мамайдын вариантында 58690 сөз 
формасы  катталганы  анык  болду.  Эгерде  бул  көрсөткүчтү  салыштыра  келсек,  Сагымбай 
менен  Саякбайдын  варианттары  сөз  формасы  байлыгы  жагынан  Ж.Мамайдын  нускасынан 
алда канча төмөн турары аныкталды. Сал.: 
Жусуп 
Мамай 
 
Сагымба
й 
Саякбай  
(бардыг
ы) 
Сагымба
й 
Саякбай 
Манас+Се
мет.+ 
Сейтек 
Сагымбай 
Саякбай  
(бирдейлери

58 690 
52 703 
27 424 
39 089 
13 808 
Көрүнүп  тургандай,  Жусуп  Мамай  нускасы,  омонимдерди  ажыратпаган  учурда  да,  сөз 
формаларынын  молдулугу  жагынан  Сагымбай  менен  Саякбайдын  варианттарынын  ар 
биринен болжол менен 1,5-2 эсеге ашып түшсө, эки вариантты бириктиргендеги бардык сөз 
формаларынан 6000 ге ашып түштү. 
3. Сөз байлыгынын жалпы саны. Сагымбай менен Саякбайдын варианттарынын негизинде 
түзүлгөн чоң көрсөткүч сөздүктө 20 миң чамалуу сөз камтылганы анык болду. Ал эми Жусуп 
Мамай нускасынын сөз байлыгын аныктоо үчүн дагы кошумча илик абзел.  
Жыйынтыктап  айтканда,  «Манас»  эпосунун  улуттук  корпусун  түзүү  жумушу  учурда 
улантылууда. Бул корпус келечекте кыргыз тилинин улуттук корпусунун бир бөлүгү болору 
анык.  Учурда  4  млн.дон  ашуун  сөз  колдонушту  камтыган  ар  кандай  жанрдагы  текстер 
корпуска жүктөлүүдө. Мындай олуттуу ишти аркалоодо корпустук лингвистикада топтолгон 
бай тажрыбаны чыгармачылык менен өздөштүрүү керектиги айдан ачык. 
 
 


166 
 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   168   169   170   171   172   173   174   175   ...   326




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет