Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет19/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   233
АДАМДЫН СЫРТКЫ 
КЕЛБЕТИ. МҮНӨЗДҮН 
ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
1. Адамдын мүнөздөрү
2. Досумдан эч нерсе аябаган мүнөзүм бар
3. Үнөмчүлдүк жакшыбы же …
КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАР:
Эмнени їйрєнєбїз?
ƒ
ƒ
адамга мүнөздөмө берүүнү; 
ƒ
ƒ
анын сырткы келбетин сүрөттөөнү; 
ƒ
ƒ
мүнөздөрдү салыштырууну; 
ƒ
ƒ
өзүнүн мүнөзү жөнүндө айтып берүүнү; 
ƒ
ƒ
тестөөнүн окуп түшүнүү бөлүгүндөгү тексттин 
ырастоосун табууну.
Эмнени иштей алабыз? 
ƒ
ƒ
адамдын сырткы келбетин сүрөттөйбүз; 
ƒ
ƒ
мүнөздөрдү, алардын айырмачылыктарын 
салыштырабыз; 
ƒ
ƒ
адамга тиешелүү мыкты сапаттарды билебиз; 
ƒ
ƒ
тексттин мазмунун ырастаган ойду табабыз ж. б.
-ТЕМА
2


22
1-ТАПШЫРМА. 
Сүрөттөрдү карагыла. Аңгеме түзгүлө
АДАМДЫН
МҮНӨЗДӨРҮ
1
1-тайпа
2-тайпа
3-тайпа
4-тайпа


2-ТЕМА
23
Аңгеме түзүүдө төмөнкү сөздөрдү колдонгула: бир жолу, (кайда?) 
отур-, ал-, алып кой-, жанына кой-, жакындап бар-, байкаба-, басып 
былчыйт-, ачуулан-, кыйкыр-, бир калыпта кала бер-, тамеки тарт-, ыйла-, 
капа бол-, капалан-, тынчсыздан-, санаасы санга бөлүн-, таң кал-, көңүл 
ач-, шаттан-, каткыр-, шляпа, отургуч.
2-ТАПШЫРМА. 
Ойлонгула, талкуулагыла
y
Бул адамдардын жүрүм-туруму жөнүндө тыянак чыгаргыла. 
y
Кимдин жүрүм-туруму сага жакты? Эмне үчүн? 
y
Ушуга окшош кырдаалдарда сен эмне кыласың?
ƒ
„
Окугула
Флегматик – жоош, оор басырыктуу, токтоо адам. Жаңы шарттарга тез 
көнө албайт, андыктан айрым учурларда пассивдүү мамиледе болот. 
Ошол эле маалда жагдайларга жараша чыдамкай келет. Көп сүйлөбөйт, 
жалгандыкты жактырбайт. Стресстик абалда дүрбөлөңгө түшпөйт. 
Холерик – кызуу кандуу, эр жүрөк, шаңдуу. Ал демилгелүү жана эмоци-
оналдуу. Кыйынчылыктарды оңой жеңет. Анын маанайы чукул өзгөрүп 
кеткендиктен өз мүмкүнчүлүгүн баш аламан, туш келди жумшап, кызуу 
кандуулугунан жабыркайт. 
Сангвиник – жандуу, кыймылдуу адам, тегерегинде болуп жаткан оку-
яларга ыкчам реакция жасайт. Жамаат арасында жагымдуу маанай түзө 
алат. Айрым маселелерди шашылыш чечип алып, жасаган иши ага кы-
зыктуу болсо, аны ийгиликтүү аткарат, ал эми кызыгы тарап кетсе, ал 
бул иштен көңүлү бат эле кайтат. 
Меланхолик – сезимтал, көңүлү бат ооруган адам, ар түрдүү окуяларга 
кайгырат же кубанат, кызганчаак келет. Бирок аналитикалык ой жүгүртүүгө 
жөндөмдүү. Ишине чыгармачылык менен олуттуу мамиле жасап, аягына 
чыгарат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет