Бишкек 2019 кыргыз тили


бергиле. Тапшырмаларды аткаргыла



Pdf көрінісі
бет22/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   18   19   20   21   22   23   24   25   ...   233
бергиле. Тапшырмаларды аткаргыла
I
Акыра шаарда өз үй-бүлөсү үчүн жаңы үй курду. Ал курган үй акы-
ралар үчүн бийик шып, бийик эшиктери менен эң сонун, мыкты үй 
болду. Үйдүн бийик терезелери бөлмөлөрдү жарык менен камсыз кылат. 
Терезелерден айлана-тегерек кооз болуп көрүнөт. Тар коридорлору үй-
дүн пайдалуу аянтын үнөмдөйт. Акыранын үй-бүлөсү бул үйдө ээн-эркин 
жашайт. Акыра курган жакшы үй «Акыранын мыкты үйү» деген улуттук 
байге алды. Үй ээлери мыкты үйү менен сыймыктанышчу. 
1-тыным. Акыранын үйүн сүрөттөп бергиле
Анын үйү эмне үчүн «Акыранын мыкты үйү» деген улуттук байге алды?
Көп чекиттин ордуна мүчөлөрдү улагыла
Акыра шаар… үй курду. Терезелер бөлмөлөр… жарык менен камсыз 
кылат. Үй-бүлө үй… жашайт. Тар коридорлору пайдалуу аянт… үнөмдөйт. 
ДОСУМДАН ЭЧ НЕРСЕ АЯБАГАН
МҮНӨЗҮМ БАР
2


КЫРГЫЗ ТИЛИ
26
II
Күндөрдүн бир күнүндө акыра үйүнүн жертөлөсүндөгү жыгач иштетүүчү 
устаканасында иштеп жатып, терезеден сыртты карады. Көчөдө пил бара 
жаткан экен. Акыра: «Мен муну тааныйм, – деп ойлоду. – Биз мектепте 
ата-энелер комитетинде чогуу иштегенбиз. Ал дагы мыкты жыгач уста. 
Устаканама кир деп чакырайын. Балким, чындап эле кандайдыр бир 
долбоорду чогуу иштеп каларбыз». Акыра терезеден башын чыгарып, 
пилди чакырды.
Акыра пилди кайдан тааныйт? Ал пилди эмне үчүн чакырды?
2-тыным. Абзацка ат койгула. Таблицага маалымат толтургула
Күндөрдүн бир күнүндө

терезеден карады
пил
… .
Акыра
пил менен
… .
мыкты
жыгач уста.
Акыра

башын чыгарды.

чакырды.
III
Пил ыраазы болуп калды. Ага акыра менен чогуу иштеген жакчу
жакындан таанышкысы келчү. Анын үстүнө, ал акыранын жыгач иштетүүчү 
устаканасы жөнүндө угуп, көргүсү келип жүргөн. 
– Кир, кир, – деди акыра. Бирок пилге кирүү кыйын болду. Пил 
эшиктен башын киргизип, андан ары өтө албай туруп калды. 
– Биз устаканага жабдыктарды киргизүү үчүн кеңейтүүчү эшик кой-
гонубуз, ошонубуз жакшы болгон экен, – деди акыра. – Бир мүнөт коё 
тур, оңдоп коём. 
Ал бир нече бураманы жана панелдерди чыгарып, пилди ичкери 
киргизди. Тааныштар бир-бирине кубанышып, жыгач иштетүү тууралуу 
ар кандай окуялар жөнүндө сүйлөшө башташты. Аңгыча акыранын аялы 
жертөлөнүн тепкичтеринен башын эңкейтип, күйөөсүн чакырды: 
– Телефонго, кымбаттуум, сенин боссуң чалып жатат. 
– Мен жогору чыгып эле жооп бергеним оң, – деди акыра пилге. –Тез 
эле келем. Кенен-кесири отура бер.
Пил эмне үчүн акыранын устаканасына кире албай кыйналды? Акыра аны 
кантип киргизди? «Кенен­кесири отура бер» дегенди кандай түшүнөсүңөр?


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   18   19   20   21   22   23   24   25   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет