Бишкек 2019 кыргыз тили


өткөрүү жөнүндө эксперттердин изилдөөсүн



Pdf көрінісі
бет31/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   ...   233
өткөрүү жөнүндө эксперттердин изилдөөсүн, 
журналисттердин сурамжылоолорун жана 
жарандардын интервьюларын окуп чыгып, 
адамдар бош убактысын кантип өткөрөт?
деген суроого жооп бергиле 
Бош убакытты кантип өткөрөбүз? 
1. Эксперттер изилдеп, жарандар телевизор көрүүгө жана компью-
тердик оюндарга канча убакыт короторун эсептеп чыгышты. 
https://sputnik.kg/Kyrgyzstan/20160316/1023251738.html 
Кыргызстандыктар бош убактыларын кантип өткөрө турганын 
Улуттук статистикалык комитет иликтеп чыкты. Маалыматка ылайык, 
убактысынын басымдуу бөлүгүн жарандар телевизор алдында өткөрөт.


3-ТЕМА
39
Статистика көрсөткөндөй, телевизорго көбүрөөк шаар жеринде 
жашаган эркектер байланган. Алар күнүнө орточо эсеп менен теле 
алдында үч саат отурса, элет жериндеги аялдар буга эки саат жый-
ырма мүнөт коротот.
Эс алуунун экинчи орунда турган түрү – пикир алышуу. Буга айылда 
жашаган эркектер күнүнө бир жарым саат жумшайт. Ал эми шаардык 
аялдар сүйлөшүүгө бир сааттан да аз убакыт коротот.
Кыргызстандыктар орточо эсеп менен спортко күнүнө 18 мүнөт 
бөлүүгө даяр. Китеп окуу менен сейилдөөгө болгону 13 мүнөт жетиштүү 
деп эсептейт. Компьютердик оюндарга жана ар кандай чогулуштарга 
10 мүнөттүк убакыт керектелет.
2. Ар кайсы адамдар бош убактысын кантип өткөрө турганы жөнүндө 
маалыматтар менен Интернет булактарынан таанышабыз 
Салтанат Касымова Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка 
айылынын «Наристе» бала бакчасынын жетекчиси болуп эмгектенип 
келет. Ал бала бакчадагы бөбөктөрдүн тилин таап, алардын сүйүктүү 
тарбиячысына да айланган. Аны менен Turmush басылмасынын ка-
барчысы маектешкен учурда бош убактысын кантип өткөрө турганы 
жөнүндө мындайча жооп берген: 
«Мен бош убактымда шурудан сүрөт жасаганды жактырам. Мындан 
сырткары, өзүм үчүн спорт менен машыгам. Күнүгө алыскы аралыкка 
чуркайм». https://www.turmush.kg/ 
Аламүдүн районунун Гроздь айылынын жаштары бош убактысын 
гимнастика залында өткөрөт. Гимнастика залынын ачылышына себепкер 
болгон Кулжакүл Койчубекованын айтымында, алгач айыл эли кандай 
кабыл алат деген кооптонуу болгон. Учурда алардын башкы максаты 
шаардык мелдештерге окуучуларын алып чыгуу. Гроздь айылынын 
жаштары гимнастика залында көп убактысын өткөрүп жатышат. https://
www.azattyk.org/a/28212959.html 
22 жаштагы ыктыярчы Мэттью Блументал Чүй облусунун Жайыл 
районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кызыл-Ой айылындагы Түрк-
мөн атындагы орто мектебинде англис тилинен сабак берип иштеп 
жатат. Ал өткөн жылдын 14-августунда Америкадан келген. Аймактык 
кабарчы ыктыярчы менен таанышып, бош убактысын кантип өткөрөрүн 
билген. «Кызыл-Ой абдан кооз айыл болгондуктан бош убактымда 
тоолорго чыгып, эс алып жатам». http://www.turmush.kg/news:338891 
Ош шаарындагы Навои эс алуу жайы. Бактын кире беришиндеги 
шахмат үстөлдөрүндө бет маңдай тизилип отурган кишилерге шаар-
дыктар көнүп бүткөн. Акыл гимнастикасы менен алектенгендердин 
көбү пенсия курагындагылар. Шахмат шылтоо гана болбосо, ата-
лар өз ара баарлашып, эс алышат. Ак-Буура жээгиндеги ашканадан 
түштөнүшүп, күн кечтегенде гана үйгө кайтышат. Ошол аталардын 
бири Максут Төрөбаев мындай дейт: «Баарыбыз шахмат деле ойной 
албайбыз. Баарлашуу менен убакыт өткөрөбүз. Оштун борбордук ба-
зардагы чайканасына кел деп чакырабыз. Ашкананын бир каанасын 
аксакалдар өзүбүз эле ээлеп алганбыз. Бири кетсе, экинчиси келет. 
Көбүнчө самса жеп же суюк тамактарды ичебиз. Анан бир тамак
буюртма берсек, эки эсе көп көк чай ичип олтура беребиз. Карыганда 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   27   28   29   30   31   32   33   34   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет