Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет32/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   28   29   30   31   32   33   34   35   ...   233
КЫРГЫЗ ТИЛИ
40
бири-бирибизге эрмек болуп, сырдашабыз. Эми биз менен жаштар 
кечке олтуруп сүйлөшпөйт да», – деди. http://project19461.tilda.ws/
page942856.html 
Абдышїкїр Нарматов, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору:
– Бир хадисте мындай деп айтылган: «Кимдин бүгүнкү күнү менен 
кечээги күнү окшош болсо, ал адам жашоодон уткузуптур». Жашоодо 
инсандын эч нерсеге алмаштыргыс эң чоң капиталы болуп ден соолук 
жана убакыт эсептелет. Ошондуктан ар бир секундду баалай билип, туу-
ра кадамдарды жасайлы. Мен болсо көбүнчө бош убактымды үй-бүлөм 
менен өткөрөм. Күнүгө келинчегим жана балдарым болуп белгилүү бир 
убакытта китеп окуйбуз. Ошондой эле ар жума күнү элдин алдына чыгып 
сүйлөө үчүн 5–6 сааттай китептерди окуп, ар тараптан изденем. Кээде 
үй-бүлөм менен сейил бактарга барып, жаратылышта эс алабыз. 
Кубат Касымбеков, «Азаттык» їналгысынын кабарчысы:
«… азыркы учурда компьютерде кандай программалар болсо, адам 
ошондой нерселерди да мээге түзүүгө туура келет экен. Анткени жа-
сай турган иштер аябагандай көп, бирок эмнегедир убакыт чектелүү. 
Көпчүлүк учурда бош убакыт болбойт, иш учурунда ар нерсеге алаксыбай, 
жумуштарды бүтүрөм. Кечкурун бош болгондо социалдык тармактарга 
кирип досторумда, дүйнөдө эмне жаңылыктар болуп жатканына көңүл 
бурам. Негизинен мен досторум менен баарлашканда, сейил бакка жөө 
басып барганда деле эс алып калам. Ал эми кээде жашоону кызыктуу 
кылуу үчүн досторум менен бирге коньки тебүүгө, боулингге, сейил бак-
тарга жана башка жакшы атмосферадагы көңүл ачуучу жайларга барып 
эс алып келүүнү жактырам.
Зарина Урманбетова, Кыргыз-Тїрк «Манас» Университетинин 3-курсунун студенти:
– Мен бош убакытымда көбүнчө интернетте отурам. Дайыма соци-
алдык тармактардан, блоктордон кызыктуу, пайдалуу нерселерди алам. 
Андан сырткары комуз ийримине катышам. Менин оюмча, ааламдашуу 
каада-салттарды унутуу эмес, улуттар арасында чек аралардын ачылышы, 
өзүбүздүн каада-салттарды дүйнөгө таанытуу жана жаңы нерселерди 
кабыл алуу деп ойлойм.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   28   29   30   31   32   33   34   35   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет