Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет34/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   233
Нарын облусу Куланак айылында 8-классты аяктаган Айзат ушул жылы жайында алгачкы 
жолу жумушка орношту. Үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн ал жайкы эс 
алуусун толугу менен тигүү цехинде өткөрөт. 
«Ден соолук үчүн эң пайдалуу эс алуу – бул жайлоого барып, кымыз, 
сүт ичүү деп эсептейм. Бирок менде андай мүмкүнчүлүк жок, мен каникул 
бүткөнгө чейин ушул жерде иштейм», – деди Айзат. 
«Учкун» айылынын 9-классынын окуучусу Найзабек Мукамбет уулу 
жайкы эс алуусун талаада иштеп, ата-энесине жардам берип өткөрүп 
жатканын айтты. 
«Үй жумуштарына жардам берип, эгинди сугарам. Үй-бүлөбүз менен 
бирге Бишкекке же Ысык-Көлгө баралы деп жатабыз»,– деди ал. 
Куланак айылындагы мугалим Нурипа Дондошева балдар кайсы 
жакта эс алышпасын, алардын маданиятка үйрөнүүсү зарыл деп эсеп-
тейт. «Мен балдарды жайды китеп окуп, пайдалуу иштерди үйрөнүү 
менен өткөрүүсүн каалайт элем. Эң башкысы – ата-энелер эс алуу үчүн 
мүмкүнчүлүк түзүп берип, кантип туура эс алуу керектигин үйрөтүүсү 
керек», – деди Н. Дондошева.
Ош облусу Айкынбек 9-классты Кызыл-Булак айылында аяктады. Азыр ал ата-энесине 
чөп жыйнап, жардам берип жатат. Бирок ал көбүрөөк эс алып, убакты-
сынын көбүн достору менен өткөрүүнү каалайт. 
10-класстын окуучусу Нурзат дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн клас-
сташтары түрдүү жерлерде болуп кайтышса экен деп кыялданат. Ал өзү 
акылды өстүрүүчү ийримдерге катышат. 


КЫРГЫЗ ТИЛИ
42
«Жайкы каникулда мен биздин акын-жазуучуларыбыздын ырларын, 
аңгемелерин окуп, акылды өстүрүүчү ийримдерге барам», – деди ал. 
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Мультимедиялык борбордун 
координатору Жеңишбек Абсатаров жергиликтүү балдардын басымдуу 
бөлүгү убактыларынын көбүн жаңы бассейнде өткөрө турганын айтты. 
«Бирок балдар лагерде эс алышса жакшы болмок», – деди ал.
Талас облусу Бакай-Ата айылында жашаган Бакайдын быйылкы жайда Орусияга барып 
келүү каалоосу бар. 
«Мен жайкы эс алууну досторум менен кызыктуу өткөрүүгө аракет 
кылам. (…) Өлкөбүздүн көптөгөн жерлерин көрдүм, быйыл Орусияга 
барып, ал жакты көрүп келсем дейм», – деди ал.
Бакайдын классташы Алижан, тескерисинче, жайды Кыргызстанда 
туугандарыныкында эле өткөрөт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет