Бишкек 2019 кыргыз тили


Таблицадагы аныктамалар кайсы катышуучунун пикирин



Pdf көрінісі
бет85/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   81   82   83   84   85   86   87   88   ...   233
Таблицадагы аныктамалар кайсы катышуучунун пикирин 
көрсөтөт? 
А.: 
Кыргызстан жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. 
Туризм биздин өнүгүүбүздө бир тепкичке өйдө көтөрүлүүгө шарт түзөт. 
Бразилия, Аргентина, Малайзия, Таиланд, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн 
катарына кошулууга жардам берет. 
Кыргызстанда энергетикалык ресурстар жана алтын бар, бирок көп 
каражат коротпосо, алардан чоң киреше алуу мүмкүн эмес. Ал эми ту-
ризм эбегейсиз чыгашаны деле талап кылбайт: системаны иштетүү гана 
керек. Дүйнөнүн кырктан ашык өлкөлөрүнөн Кыргызстанга визасыз кирүү 
тартиби түзүлгөндөн бери туристтердин саны кескин түрдө өстү. Келген 
туристтер биздин экономикабызга чоң салым кошуп жатышат. Туризм 
чөйрөсүндө Кыргызстандын чоң келечеги бар. Болгону бул тармактын 
өнүгүшүнө база даярдап, үзүрүн көрүш гана калды. 
Б.: 
Кыргызстан өзүн дүйнө жүзүнө туура жарнамалап көрсөтө албай келе 
жатат. Туристтик кызмат көрсөтүүнүн бүткүл дүйнөлүк рыногунда Кыр-
гызстан азыркыга чейин дээрлик белгисиз бойдон кала берүүдө. Кыр-
гызстанга келген туристтер Тянь-Шань тоолоруна жөө жана велосипед 
менен саякатташат. Альпинисттер, сноубордчулар, тоо лыжачылары көп 
эле келишет. Бирок жалпы пикир боюнча алганда, ар бир эле саякатчы 
Кыргызстанга экинчи жолу кайра келүүнү каалай бербейт. Себеби жер-
гиликтүү туристтик тейлөө өтө жай өнүгүп жатат. 
Туризмди өнүктүрүү үчүн туристтердин тамактануусу, жашап туруусу, 
унаа, экскурсия, көңүл ачуу оюндары, сатып алуулар жогорку деңгээлде 
болушу шарт. Кыргызстанга саякаттоо кимдер үчүн кызыктуу экенин анык-
таш керек. Ал үчүн өз мүмкүнчүлүгүбүздү аябай талдап чыгышыбыз зарыл. 
№ Аныктама
А. Б. Экөө тең Бирөө да эмес
1. Автор туризм Кыргызстанда жакшы өнүгүп жатат деген 
пикирге макул эмес.
2. Автор башка өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстанга 
визасыз кирүүсү туризмдин өнүгүүсү үчүн пайдалуу 
дейт.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   81   82   83   84   85   86   87   88   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет