Бишкек 2019 кыргыз тили


-ТАПШЫРМА. Сєз айкаштарды оозеки түзгүлө



Pdf көрінісі
бет83/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   79   80   81   82   83   84   85   86   ...   233
1-ТАПШЫРМА.
Сєз айкаштарды оозеки түзгүлө


КЫРГЫЗ ТИЛИ
94
Туристтер Кыргызстандын коруктарына жана жаратылыш паркта-
рына барышат. Алар кыргыз элинин үрп-адаттары менен таанышышат.
Туристтик фирмалар жана жергиликтүү эл кыргыз салттарын, улуттук 
оюндарды, элдик кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрүн даңазалап көрсөтүшөт. 
Кыргыз улуттук ашканасынан кыргыздын салттуу тамак-аштарынан даам 
таттырышат. Туристтер үчүн улуттук ат оюндарынан «Улак тартыш», 
«Кыз куумай», «Тыйын эңмей», «Эр эңиш» ойнолот. Манасчылар, төкмө 
акындар жана ырчылар катышкан фольклордук шоу өткөрүлөт. Үйлөнүү 
салтанатын, жаңы конушка колуктуну коштоп жеткирүүнү, тушоо кесүү 
ырымын көрсөтүшөт. Алгыр куштар, аңчы тайгандар менен аң уулап 
чыгышат. Ошондой эле туристтер улуттук кол өнөрчүлүк менен таанышы-
шат. Алар үчүн сувенирлер, кийиз төшөктөр, килемдер сунуш кылынат. 
Көргөзмөдөгү сувенирлер сатылат. 
Омонимдер:
Аң – 
I. чукур, жар. 
II. жапайы жаныбар (аңга чыкканда ата турган жандык).
III. аң-сезим, эс, ой.
4-ТАПШЫРМА. 
Текст боюнча суроолорго жооп бергиле
1. Кыргызстанда туризм өнүккөндүгү жөнүндө тексттин кайсы сүй-
лөмдөрү баяндайт? 
2. Эмне үчүн туристтер Кыргызстандын коруктарына жана парктарына 
барышат? Ал жактан эмнелерди көрө алышат? 
3. Туристтерди тейлеген кызматкерлер кыргыздын кайсы тамак-аштарын 
даярдашат?
4. Туристтер үчүн кайсы улуттук ат оюндарын өткөрүшөт? 
5. Эмне үчүн туристтерге фольклордук шоу көрсөтүшөт? 
6. Туристтер сувенирлерди, кийиз төшөктөрдү, килемдерди жана кыргыз 
тиричилигинин башка элементтерин сатып алышабы? Эмне үчүн? 
7. Куш менен аң уулаган кызыкпы же аңчы тайган мененби? Эмне үчүн? 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   79   80   81   82   83   84   85   86   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет