Вестник КазНПУ имени Абая, серия «Фило.-югичаские шіуки», Л° 2 (32), 2010 г.
78
мугалимдер V класстын окуучулары үчүн лирикалык жанрдын бөлүнүшторүн окуу
оорчулук түзот деген маанайда сабактьш жүрүшүндо ырдын идеялык мазмунуна гана коңул
бурушуп, анын жанрдык табиятына анча маани беришпей журушот. Биздин жеке
пикирибизде бул туура эмес, тескеринче, сабакта ырды
анализдеп жатып,
анын темасына
айкалыштырып, идеялык мазмунуна, кеторгон проблемасына жараша жанрдык
болүнүштөрүн айта кетуу окуучуларды бир ырдан экинчисин айырмалоого кандайдыр бир
деңгээлде чек коюш аны шңүлүнө түйуп алууга мүмкүнчүпүк түзүлөт.
Ошондой эле мындай багытта иш алып барууга кыргыз адабиятын окутуунун азыркы
программасында ыңгайлуу шарт бар. Тагыраак айтканда, лирикалык жанрдын кандай туру
болбосун, биринчи ырды өткөндө анын жанрдык касиети, өзгөчөлугү тууралуу мугалим
окуучуларга маалымат берсе, экинчи ырда аны бышыктап, ;іл тургай анын лирикалык
табиятына байланышкан айрым толуктоолорду киргизуүгө да болот. Мисалга, V класста
А.Осмоновдун «Фрунзе» ырындагы негизги мазмунду - акындын борбор шаарга карата
патриоттук сезимин окуучуларга тушундуруп жатып, мугалим
патриопук поэзия тууралуу
маалымат берген болсо, Б.Сарногоевдин «Бешигим - Мекен» аттуу ырындагы лирикалык
каармандын оз Мекенине арналган ички толгонуулары, атуул катары Ала-Гоосун
урматтоосун чечмелеп беруу менен бирге патриопук лириканын жанрдык бөтөнчөлугуно
тиешелуу ойлорду кайталап, бышыктап кетууго мумкунчулук берилет. Ошону менен катар
патриопук лирика кыргыз поэзиясына гана таандык эмес экендигин, ал башка элдерде да
кучтуу онуккендугун Р.Гамзатовдун «Эне тил» ырындагы поэтик&тык ойлорго, учкул
табылган саптарга таянуу аркылуу далилдоого болот. Ушундай эле пикирди V класста
окутулуп жаткан лирикалык жанрдын башка турлоруне да багыттоого негиз бар. Бирок
мугалим окуучулар тарабынан оздоштурулуучу лирикалык чыгармаларды окуп уйронуудо
жанрдык касиетин V класста башкы орунга койгону анча ийгиликтуү болбой калышы
мумкун. Ошондуктан мугалим окугууга сунуш кылынган ар
бир лирикалык чыгарманы
окутууда Л.Гинзбург айтмакчы, адам анда автор, же аны баяндоочу объект катары гана
катышпастан, анын субъект и си. чыгармаиын эстетикалык түзүлүшуне сиңирилген анын
кыймылдагы элемента (Гизнбург Л. О лирике. Изд. 2-е -Ленинград, Сов. Писатель,1974. С.
7.) катары кирерине өзгочө басым койгону оң. Бул боюнча орус адабиятында лирикалык
чыгармаларды окутууну изилдеген методист З.Рез томонкудой пикирин билдирет: “Лирика
обладает удивительным педагогическим свойством: она способна активизировать
эмоцнанально-нравственные возможности учеников. Почему можно утвердительно говорит
об этом? Современные психологи, основываясь на открытом И.П.Павловым действии слова
как реального раздаржителя, приходят к выводы, что художественное произведение
способно вызвать у человека такое же душевные состояние,
какое вызывает реальные
события. В самом деле, каждый человек может вероятно, припомнит минут, когда чуства,
выраженные стихотворении, вдруг совпадали с его собстеннными или становились ими”.
(Рез.З.Я. Изучение лирических произведений - В кн.: Методика преподавания литературы. -
Москва: Просвещение, 1977. С.244.).
Асыресе, бардык эле учурда автор менен окурмандын пикири дал келе бербейт.
Мугалим лирикалык жанрдагы чыгармаларды окутууда автор менен окуучунун оюн дал
келтирбесе да, сабакта автордун коз карашын,ырда берейин деген оюн окуучуларга
жеткируугө милдеттуу. Ал милдетти аткаруу учун мугалим биринчи кезекте оздөштүрүлүп
жаткан лирикалык жанрдаі ы чыгарманын коомдогу көркөм- эстетикалык ордун, саясий же
жарандык позициясын, ички ой-толгоолорун, ар кандай озгорушко
карата багытгалган
индивидуалдуу байкоолорун окуучулардын кабыл алуу мүмкүнчүлугүнө жараша окутуунун
формасын тандоосу маанилуу. Албетте, бул мугалимдин педагогдук чеберчилигине
байланыштуу чечилет. Эгерде мугалимде андай чеберчилик жетишсиз болсо, анда эн сонун,
өзүн-озу тушундуруп турган ыр да окуучуга анча таасирдуу болбой калышы мумкун.
Ошондуктан мугалим жаш өспүрумдөрдүн алдындагы озунун инсандык жоопкерчилигин
сезии, алардын лирикалык чыгармаларды андаштырууга карата кабылдоо табитин,
эмоционалдуу ички туюм-сезимдерин тарбиялоосу керек. Окуучуда мындай касиеттерди
калыптандыруу - жакшы менен жаманды ажырата билип, реалдуу турмушка кайдыгер
болбой, кооздукка суктанып, коркомдукко таасирленип, бироонун кубанычын озундой
сезип, азап-кайгыга боору ооруп, дегинкиси бардык
кубулушка карата эмоциясын
билдирууго, жетиштуу айтканга оңой болгону менен, коп жылдык жана еистемалуу окутуп-
үйрөтүүнү тапап кылган түйшүктүу імгек болуп саналат. Эн, башкысы, мугалим сабакта
өздөштүрулүп жаткан лирикалык чыгарманын көркөм мазмунуп, идеясын окуучуларга
Вестник КазНПУ имени Абая, серия «Фило.-югичаские шіуки», Л° 2 (32), 2010 г.
79
түіііондүрүүдө, ал ырда көтөрүлгөн проблема, айтылган ой кимдир бирөо тарабынан
көркомдөлгән деген сыяктуу мам и л еде болбошу керек. Ырдын мазмунундагы коз караш
мугалимдин езүнүн көөдонунөн кайнап чыгыл жаткан дай, ошондой эле ал окуучулардын ар
биринин жан дүйносүндө мурда болгондой, бирок аны алар башта байкабагандай, мына
азыр байкап көрүп жаткалдай деңгээлде уюштурулса, анда ;іл класста билим, тарбия алган
бала сабакта, андан кийин орто мектепти аяктаган соң лирикалык чыгармага кайдыгер карай
албайт.
Достарыңызбен бөлісу: