9
бет булчуңдарынын жыйрылышы да ар түрдүү информация туюндура алат. Мисалы,
«кабагын түйүү» ымдоо-жаңсоосу - адамдын кимдир бирөөнү жактырбагандыгын,
аны менен сүйлөшкүсү келбегендигин, капалангандыгын
туюндурат;
«башын
мыкчуу» - аргасыз ал-абалды, кайгырууну билдирет.
2. Ар бир колдонулган
ымдоо-жаңсоонун өзүнүн угарманы, окурманы болот.
Алар башка бирөөлөр үчүн аткарылат, же белгилүү бир адамга арналат. Себеби
сүйлөө процессинин өзү кимдир бирөөлөр үчүн түзүлөт.
А.Б.Байбурин менен А.Л.Топорковдор жазышкандай: «Сүйлөшүүдө ымдоо-
жаңсоолор кандайдыр бир информация туюндуруу үчүн түздөн-түз бир адамга
багытталышы керек, б.а., ар бир ымдоо-жаңсоонун жөнөтүүчүсү жана адресаты
болушу шарт»
1
.
3.
Кандай гана ымдоо-жаңсоо болбосун, анда, сөзсүз,
кандайдыр бир максат
камтылат. Себеби кандай гана информация болбосун, анын көздөгөн максаты
болот. Ошол себептен ымдоо-жаңсоонун максаты да ар түрдүү мүнөзгө ээ. Мисалы,
сүйлөшүү учурунда кимдир бирөөнү колдоп-кубаттоо, тарбия берүү, акыл айтуу,
эскертүү, коркутуу, басынтуу, шылдыңдоо, кемсинтүү, таасир этүү максатында ар
түрдүү ымдоо-жаңсоолор колдонулат. Сүйлөшүүдө
«көзүнүн төбөсү менен кароо»,
«далысын салуу», саламдашууда
«колунун учун берүү» кыймыл-жаңсоолору -
кимдир бирөөнү теңине албоо, шылдыңдоо максатында колдонулса;
«муштумун
Достарыңызбен бөлісу: