Кыргыз республикасынын


кинесиканын элементи болуп эсептеле бербейт. Сүйлөшүү учурунда



Pdf көрінісі
бет10/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   25
кинесиканын элементи болуп эсептеле бербейт. Сүйлөшүү учурунда 
информация туюндурууга жөндөмдүү болгон кыймыл-аракеттер гана 
кинесиканын тутумуна кирет. Албетте, информация туюндуруу андагы стилдик, 
кырдаал-шарттык, максаттык, мамиле-катыштык өзгөчөлүгүнө жараша ишке ашат. 
Демек, сүйлөшүү учурунда адамдын тулку-боюу, отуруп-тургандыгы, көз карашы

1
Формановская Н.И. Русский речевой этикет: лингвистический и методологический аспекты. - М.: Рус. яз., 


1982. - 126 с.


9
бет булчуңдарынын жыйрылышы да ар түрдүү информация туюндура алат. Мисалы, 
«кабагын түйүү» ымдоо-жаңсоосу - адамдын кимдир бирөөнү жактырбагандыгын, 
аны менен сүйлөшкүсү келбегендигин, капалангандыгын туюндурат; «башын 
мыкчуу» - аргасыз ал-абалды, кайгырууну билдирет.
2. Ар бир колдонулган ымдоо-жаңсоонун өзүнүн угарманы, окурманы болот. 
Алар башка бирөөлөр үчүн аткарылат, же белгилүү бир адамга арналат. Себеби 
сүйлөө процессинин өзү кимдир бирөөлөр үчүн түзүлөт.
А.Б.Байбурин менен А.Л.Топорковдор жазышкандай: «Сүйлөшүүдө ымдоо-
жаңсоолор кандайдыр бир информация туюндуруу үчүн түздөн-түз бир адамга 
багытталышы керек, б.а., ар бир ымдоо-жаңсоонун жөнөтүүчүсү жана адресаты 
болушу шарт»
1
.
3. Кандай гана ымдоо-жаңсоо болбосун, анда, сөзсүз, кандайдыр бир максат 
камтылат. Себеби кандай гана информация болбосун, анын көздөгөн максаты 
болот. Ошол себептен ымдоо-жаңсоонун максаты да ар түрдүү мүнөзгө ээ. Мисалы, 
сүйлөшүү учурунда кимдир бирөөнү колдоп-кубаттоо, тарбия берүү, акыл айтуу, 
эскертүү, коркутуу, басынтуу, шылдыңдоо, кемсинтүү, таасир этүү максатында ар 
түрдүү ымдоо-жаңсоолор колдонулат. Сүйлөшүүдө «көзүнүн төбөсү менен кароо», 
«далысын салуу», саламдашууда «колунун учун берүү» кыймыл-жаңсоолору - 
кимдир бирөөнү теңине албоо, шылдыңдоо максатында колдонулса; «муштумун 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет