Китепканама Чубак ажынын ысымын ыйгардым. Негизи бул жерде ажыке өзү сабак өтмөк эле



Дата06.01.2022
өлшемі17,96 Kb.
#15565

Кара-Суу районунун катардагы жашоочусу Зафар Мирбобоев Чубак ажы атындагы китепкана ачты
Зафар Мирбобоев: “Китепканама Чубак ажынын ысымын ыйгардым. Негизи бул жерде ажыке өзү сабак өтмөк эле”.

Чубак ажы Жалилов атындагы китепкана курулду, негиздөөчүсү Зафар Мирбобоев
Жакында эле Оштун Кара-Суу районунун Нурдар айылында Чубак ажы Жалилов атындагы китепкана ачылды. Бул китепкананы кесиби боюнча архитектор, айылдын катардагы жашоочусу Зафар Мирбобоев өзүнүн жеке каражатына салган. Бул саамалык тууралуу кененирээк Зафар мырза "Умма" журналына айтып берди.


  • Ассалам алейкум, Зафар мырза. Китепкана ачыптырсыз, куттуктайбыз. Китепканага эмнеге Чубак ажынын атын берүүнү чечтиңиз?



  • Валейкум ассалам. Негизи Чубак ажы менин досум да, устазым да эле. Эки жыл мурун курулуш иштери башталарда Чубак ажыга барып, ниетимди айтканымда, ал “ Абдан жакшы иш болот, жакшы ниеттериңиз бар экен. Мен дагы өз салымымды кошом, буюрса. Китепканаңызга ай сайын барып сабак өтүп, китептерди алып барып берем”, - деп аябай сүйүнгөн болчу. Ошондо менин китепкана куруу тилегим андан да күчөгөн эле. “Китепканабызда Чубак ажынын сабактары болот” деген жакшы үмүттөрүбүз бар болчу. Тагдыр экен, аалымыбыз бул дүйнөдөн өтүп кетти. Курулуш иштери бүткөн соң Чубак ажынын жакындары, досум Мыктыбек Арстанбек, Улан Давлеткуловдор менен кеңешип, бул жерге Чубак ажынын ысымын ыйгарууну чечтик.



  • Негизи эле китепкана куруу демилгеси сизде эмнеден улам пайда болду?



  • Китепкана куруу менин балалыктан берки арзуум болгон. Атам убагында мугалимдик кызматта иштеген. Ата- энем китепти көп окуган адамдар болгондуктан,кичинебизден китеп сүйүүчүлөрдөн болуп чоңойдук. Азыр технологиянын, интернеттин өнүгүшү менен адамдар китептен алыстап, окубай калышты. Ошондуктан, китеп окууну жандандыруу каалоосу менен китепкана курдум.



  • Курулуш иштерине кимдер көмөктөштү, кимдер колдоо көрсөттү?



  • Китепкана толук менин жеке каражатым менен салынды. Өзүм Кара- Суу аймагынын тургунумун. Бул жерде китепкана курганга жер тилкем да бар болчу. Ошондуктан, Аллах ыраазычылыгы үчүн 3 кабаттуу имарат салып, анын экинчи кабатын китепканага арнадым.



  • Эми бул жерге китептерди кайдан, кантип чогулттуңуз ?



  • Биринчи өзүбүздүн үй-бүлөлүк китепканабыздагы китептерди алып келдим. Андан тышкары, 10-20дан китепти белек кылгандар болду. Азыр 2000 ден ашык китеп болсо, алардын 30 пайызы дин багытында. Калганын дүйнөлүк адабият, тарых, сөздүк, энциклопедиялар түзөт. Мен өзүм диний аалым эмесмин, кесибим архитектор. Москвада архитектуралык университетти бүткөнмүн. Китепке кызыгуумдан улам аларды үй- бүлөбүз менен чогултуп келгенбиз.





  • Бул жерде бир катар иш- чара уюштуруу ниетибиз бар. Мисалга, ар кандай кесиптин ээлери, чыгармачыл адамдар, акын- жазуучулардын китептеринин презентацияларын, адабий кечелерди уюштурууну пландап жатабыз. Бул үчүн атайын чогулуш залыбыз бар. Эгерде ким семинар, сабак өтүп кетем десе, бардыгына эшигибиз ачык, акы төлөнбөйт, бекер болот.



  • Окурмандарга кандай кайрылууңуз бар?

  • Оштун, Кара- Суу районунун тургундарын китепканабызга чакырабыз. Анткени Оштон бул жерге машина менен 5 мүнөттө эле жетсе болот. Иштөө убактыбыз саат 09.00- 18.00го чейин. Эгер студенттер, же китепканада маанилүү иши барлар болсо, эртеби- кечпи кабыл алууга дайым даярбыз.



  • Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Ибадаттарыңызды Аллах Таала кабыл кылсын.


Достарыңызбен бөлісу:




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет