Логика ой жүгүртүүнү жана тыянак чыгарууну изилдөөчү илим


§2. Математикалык логика боюнча негизги түшүнүктөр. Көптүктөр теориясы



бет4/7
Дата08.09.2023
өлшемі159,91 Kb.
#106756
1   2   3   4   5   6   7

§2. Математикалык логика боюнча негизги түшүнүктөр. Көптүктөр теориясы.

Логика сөзү гректердин “logos- сөз, ой ,кеп, акыл” деген сөзүнөн алынып, логика илими ой жүгүртүү менен туура чечим кабыл алуу усулдары жана мыйзамдары жөнүндөгү илим болот. Ал үч бөлүктөн турат: диалектикалык логика, математикалык логика жана формалдуу логика.
Диалектикалык логика – адамдын ой жүгүртүүсүндө объективдүү дүйнөнүн турпатын чагылуу абалы жана чындыкты таанып – билүүнүн мыйзам ченемдери жөнүндөгү илим. Анын элементтерин байыркы Гераклит, Платон, Аристотель ж. б. ойчулдардын эмгектеринде, ал эми таанып-билүүнүн, ой жүгүртүүнүн жалпы принциптери жана методдору боюнча Ф. Бекон, Декарт, Лейбниц ж. б. окууларында жолуктурууга болот. Диалектикалык логиканы өнүктүрүүгө Кант менен Гегель белгилүү салым кошушкан. Анын негизги маселеси катары, заттардын кыймыл аракетин, диалектиканын мыйзамдары аркылуу түшүнүктөрдө чагылдырууну изилдөө, анын негизинде ой жүгүртүүнүн өзүнүн өнүгүшүн үйрөнүү, таанып – билүүнүн жалпы мыйзам ченемдери болуп эсептелет.
Формалдуу логика – ойдун формаларынын (ойдо талдоо, ой жыйынтыктоо, түшүнүү, далилдөө ж. б.) логикалык түзүлүшүн үйрөтүүчү илим. Формалдуу логиканын негизги максаты – корутунду билимге ээ болуу жараянында сакталуучу мыйзамдарды жана принциптерди иштеп чыгуу болуп саналат.
Математикалык логика  – математиканын формалдуу методдорун жана математикалык ой жүгүртүүлөр менен далилдөөлөрдүн, логикалык изилдөөлөрдү колдонуунун натыйжасында түзүлгөн билимдер тармагы. Математикалык логикада: логикалык процесстер – логикалык эсептөөлөр сыяктуу формалдаштырылган тилдерде, аларды чагылдыруу аркылуу изилденет. Логикалык эсептөөлөрдүн формалдуу түзүлүшүн изилдөө менен катар эле, эсептөөлөр жана алардын интерпретациясы менен моделдери болуп кызмат кылуучу мазмундуу тармактардын ортосундагы катыш – байланыштарды кароо милдети да турат.
Математикалык логиканын изилдөө ыкмаларында математикалык тамга – символдор, сөз – сүйлөмдөр менен кошо, логиканын өзүнүн символдордон куралган тили колдонулат. Логиканын негизги түшүнүктөрүн бирин “Айтуу” дейбиз.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет