Ош мамлекеттик университетинин жарчысы



Pdf көрінісі
бет11/39
Дата03.03.2017
өлшемі2,34 Mb.
#5512
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   39

2012 
 
- 57 - 
 
тышкы душмандардан коргоп туруучу фактор катары кызмат өтөгөн. 
Ошентип,  саясий  бийлик  менен  экономиканын  азыраагы  көчмөндөрдө,  ал  эми 
экономикалык  байлык  отурукташкан  тургундарда  топтолгон  абал  түзүлгөн.  Мындай  абал  саясий 
күчтөр менен экономикалык байлыктын өз ара тең салмактуулугун пайда кылып, бир эле учурда 
тең тайлашкан, бирок тынчтыкта жанаша туруп, бири-бирисиз жашай албаган, отурукташкан жана 
көчмөн  элдердин  эки  тобунун  уникалдуу  синтезин,  башка  сөз  менен  айтканда  тиричиликтин 
Ферганалык вариантын калыптандырган. (Караңыз: Кененсариев Т. Фергана өрөөнүнүн этникалык 
тарыхы: айрым тактоолор. //www.sayasat.kg11/07/11 09:19) 
Түрдүү  этникалык  жана  чарбалык  жамааттар  өрөөндө  аралаш-келки  жайгашышкан. 
Мисалы, шаарлар менен кыштактардын алгач иран, кийинчерээк түркий тилиндеги отурукташкан 
тургундары  жергиликтүү  булактарда  “сартиййа”  деген  аталыш  алып,  түрктөрдөн,  тажиктерден, 
отурукташкан  өзбектерден  куралган.  Аларды  “илатиййа”  (элет)  деп  аталган  көп  сандаган  көчмөн 
жана  жарым  көчмөн  кыргыздардын,  кыпчактардын,  кийинчерээк  отурукташып  кеткен 
өзбектердин,  түрктөрдүн  кыштоолору,  жаздоолору  жана  жайлоолору  курчап  турган.  Сартиййа 
жана илатиййанын кыштактары менен айылдары, алардын айдоо жерлери жана жайыттары обочо 
ээликтерди эмес, бири бирине жанаша турган аралаш-келки ээликтерди түзгөн. Аталган коомдук-
социалдык абал  байыртадан эле калыптанып, жаңы доорго жакын кокон амирлигинин түптөнөөр 
алдында деле ушундай мүнөздө болучу. 
Саясий  мамилелерде  жогоруда  атап  өткөн  тең  тайлашуу  көп  учурда  эки  жамааттын 
ортосунда күрөштөрдү пайда кылып, алардын мүнөзү негизинен борбордук бийликти талашуу, же 
башка  бир  саясий,  жеке  инсандык  маселелер  менен  чектелчү.  Бул  атаандаштык  эч  качан 
этникалык  мүнөздү  алган  эмес.  Мисал  катары  ага  1709-жылдан  1876-жылга  чейин  жашап  турган 
Кокон  мамлекетинин  турмушун  келтирүүгө  болот.  169-жыл  жашаган  хандыктагы  болуп  өткөн 
сандаган  кагылышуулардын  эч  бирин  этникалык  тариздеги  араздашуу  деп  саноого  мүмкүн  эмес. 
(Караңыз:  Кененсариев  Т.  Фергана  өрөөнүнүн  этникалык  тарыхы:  айрым  тактоолор. 
//www.sayasat.kg11/07/11 09:19) 
ХVIII  кылымдын  башында  өзбек-кыргыз  илатиййасы  (Шахрух  бий  менен  анын  күйөө 
баласы  Акбото-бий  кыргыз)  бийликти  колго  алашты  да,  жаңы  кокон  амирлигин  орнотушуп, 
кадимки  улуу  көчмөн  Тимурдун  насили  Бабурдун  урпагы  шакрухтардын  династиясын 
негиздешти.  Бул  окуя,  кадимден  келаткан  тең  салмактуулук  принцибинин  кезектеги  чагылышы 
болгон.  Илатиййа  менен  сартиййанын  тең  салмактуулугунун  шартындагы  бийлик  чөйрөсүндө 
турган  күчтөрдүн  жайгашынын  ар  кандай  вариациясын  байкоого  болот.  Жергиликтүү  жазма 
булактардын  эң  абройлуусу  Молдо  Нияз  Хукандинин  “Тарих  и-Шахрохи”  эмгегиндеги  пикирге 
караганда Кокон мамлекетинде төмөнкү төрт этносоциалдык топ аракеттенген: этникалык миңдер, 
этникалык  кыргыздар,  этникалык  кыпчактар  жана  социалдык  сарттар  болучу.  Кокон  тарыхында 
бийлик  чылбыры  негизинен  дайыма  илатиййанын  (аталган  үч  этникалык  топтун)  өкүлдөрүнүн 
колунда  болуп,  бирок  иш  жүзүндө  сартийаанын  чордонун  түзгөн  сарттар  тобунун  кайсыл 
этникалык  топту  жактагандыгына  карата  тең  салмактуулук  айрым  учурда  бузулуп  да  турган. 
Бирок,  саясий  араздашууларда  эгер  күчтөрдүн  жайгашышы  сартиййа  жамаатына  ооп  баратса, 
илатиййа  аны  тез  арада  бийлик  өкүлүн  алмаштыруу  же  өзүлөрүнө  ылайык  марионетти  бийликке 
олтургузуу  жолу  менен  тең  салмактуулукту  калыбына  келтирип  коюшчу.  Мындай  мисалдар 
Фергана тарыхында өтө көп.  
Курманжан  датканын,  анын  жолдошу  Алымбек  датканын  бабалары  Тилеке  бийдин,  Ажы 
бий, Асан бийдин аракеттери, тейиттердин Акбото бийи менен кушчулардын Кубат бийинин ролу, 
Аксылык  Нүзүп  бий  менен  кыпчак  Мусулманкулдун  ишмердиги,  айтылуу  Алымбек  датка  менен 
кыпчак уруусунун чыгааны Алымкул лашкер башынын орду, Кокондун акыркы ханы Искак Асан 
уулу  Полот  хан  менен  Алымбек,  Курманжандын  уулу  Абдылдабектин  азаттык  күрөштөрүнүн 
түпкү  себептери  Фергана  өрөөнүнүн  этно-саясий  тарыхынын  так  ушул  эзелки  салттарын 
чагылдырган. 
Мына  ушундай  ата-журттун  аурасында  туулуп-өскөн,  ата-баларынын  салттарынын 
таасиринде  инсан  катары  калыптанган  Курманжан  Датканын  өмүрүн  жана  ишмердигин  кандай 
боолоого болот? Аны улуу тарыхый инсан жана уникалдуу феномен катары баалоо гана эп. 
 
Тарыхый аренага келүү 
Түштүк  кыргызга,  Фергана  чөлкөмүнө,  жалпы  Орто  Азияга,  ал  турсун  Петербургка  да 
белгилүү, өткөн кылымдагы тарыхый инсан, кыргыз элинин коомдук жана мамлекеттик ишмери, 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 58 - 
 
"Алай  канышасы"  деген  атак  алган  Курманжан  1811-жылдын  кулжа  айында  Ош  шаарынан 
анчалык  алыс  эмес  жердеги  Орке  кыштагында  Муңгуш  уруусунун  Жапалак  уругунан  чыккан 
Маматбай аттуу орто дыйкан, колунда бардар адамдын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. 
Курманжан жаш кезинен эле элдик үрп-адатты, каада-салтты кадырлаган, келим-кетимдүү 
үй-бүлөдө  тарбиялангандыктан  өз  оюн  тайманбай  бетке  айткан,  акылы,  эси  башкалардан 
өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болуп өсөт. Анын мындай өсүшүнө атасы Маматбайдын 
да таасири зор болгон. Маматбай - накыл билги, орду менен сүйлөгөн, бирөөнүн акысын жебеген, 
кара өзгөйлүгү жок, мал жандуу, ата-тегинен динди, руханий түпкүлүктү бекем кармаган сабаттуу 
адам болгон. 
Курманжан  17  жашка  чыкканда  атасы  Маматбай  кудалашып  койгон  500  түтүндүү  Жоош 
уруусунун  Төрөкул  деген  бийинин  анча  мааниси  жок  Кулсейит  аттуу  уулуна  кызын  турмушка 
чыгарган.  Бирок,  күйөөсү  көңүлүнө  толбогон  Курманжан  мезгилинин  катаал  мыйзамына  каршы 
туруп  бир  жылдан  кийин  Алайдын  Үч-Таш  жайлоосунан  атасынын  үйүнө  келе  берет  да,  3  жыл 
чамасында  башы бош олтуруп калат. 1832-жылы Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи 
катары  жана  Кокон  бийликтерине  кызмат  кылып  «датка»  деген  наам  алган,  эл  жерге  кадыры, 
билгилиги маалым Алымбек даткага жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. 
Курманжан  датка  Маматбай  кызынын  тарыхый  ролу  жана  коомдогу  орду  өтө  олуттуу. 
Анын  96  жашка  жеткен  өмүрүнүн  76  жылы  өз  эли-журтуна  арналган  жана  ал  өмүр  жолдогу 
ишмердикти  үч  чоң  доорго  бөлүп  кароого  болот. (Караңыз:  Кененсариев Т. Курманжан  датка  — 
тарыхый инсан./Курманжан датка. // Сборник статей.-Ош,1991.-7-16-беттер.) 
 
II Курманжан датканын коомдук жана саясий ишмердиги 
 
Биринчи доор - Курманжан датка коомдук ишмер 
  
Алымбек датка жана анын Курманжанга болгон таасири 
Курманжандын  улуу  инсан  катары  калыптанышында  албетте  Алымбектин  ролу  зор. 
Анткени, Алымбек датка өмүрлүк жары Курманжан аркылуу Алымбек  болсо, Курманжан энебиз 
атагы  алыска  кеткен  Алымбектин  капшабы  менен  ири  тарыхый  инсан  катары  калыптанган. 
Чынында,  бул  эриш-аркак  эки  инсандын  тарыхый  ролу,  ишмердиги  азыркы  Кыргызстандын 
эгемендүүлүгүнүн  түпкү  маңызына  байланышып  турат.  Анткени,  алардын  тарыхый  миссиясы  эл 
биримдигинин, азаттыктын, мамлекеттүүлүктүн түпкү идеялары менен сугарылган болучу.  
Курманжандын  болочок  өмүр  шериги  Алымбектин  өспүрүм  балалыгы,  жигиттиги  Алай 
тоолорунун Жошолу айылында, бийик тоолордо өткөн. Ал жаш чагынан эле чыйрак, курч, зээндүү 
чыгып,  15-17  жаш  курагында  өз  уруусу  адыгиненин  баргы  уругуна  баш-көз  болуп,  бий  катары 
тааныла баштайт. 
XIX  к.  30-жж.  башында  Мадалы  хан  Алай  чөлкөмүндө  Кокон  хандыгынын  таасирин 
күчөтүп, эркиндикти сүйгөн алайлыктарды ооздуктоо үчүн жергиликтүү ак сөөктөрдү өз тарабына 
тартып,  аларга  түрдүү  наамдарды  ыйгарып,  бийликке  аралаштыра  баштаган.  Алымбек  Асан  бий 
уулунун эл ичиндеги кадырын эске алып, 1831-ж. Мадалы хан ага “датка” наамын берген. Мына 
ушундан  баштап  Алымбек  Кокон  хандыгынын  саясий  турмушуна  активдүү  аралашып,  өмүрүнүн 
акырына  чейин  анын  ишмердиги  хандыктын  социалдык  жана  саясый  тарыхы  менен  тыгыз 
байланышып  өттү.  Алымбек  хандыктагы  ар  кандай  саясий  оюндарды,  төңкөрүштөрдү,  бийлик 
үчүн болгон тынымсыз күрөштөрдү көрүп, саясатка каныкты, бардык окуяга активдүү аралашып, 
ордодо көрүнүктүү таасирге ээ болду. Бирок, анын ишмердигинин кредосу бабасы Тилеке баатыр 
менен Ажы бий сыяктуу чачылган кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча мамлекет түзүү же 
эч  болбоду  дегенде  Кокон  хандыгынын  курамында  номиналдуу  өз  алдынчалыкта  турган  ээлик 
түзүү  болучу.  Атүгүл  Кокон  хандыгын  ээлеп,  кыргыз  насилинин  аброюн  көтөрүү  максаты  да 
тымызын бар эле. Ишмердигин бул өзөктүү максаты, Алымбектин ичинде дайыма купуя сакталып 
турчу.  
 Алымбек  датка  алгач  1831-жылы  датка  наамын  алуу  менен  бирге  Ош  чөлкөмүнө  бек 
болот.  1832-ж.  32  жаш  курагында  Мадали  хан  аны  Анжиян  вилаетинин  башкаруучусу,  акими  
кызматына  дайындайт.  Аталган  вилаетке  Анжиян  аймагы,  Эки-Суу  арасы,  Ош  чөлкөму,  Ноокат 
менен  Араван,  Өзгөн  менен  Кара-Кулжа,  Алай  тоолору  жана  Ак-Талаа,  Жумгал,  Тогуз-Торо, 
Куртка  аймактары  толук   кирген.  Алымбек  датка  акырындык  менен  мамлекеттик  түзүлүштүн 
маани-маңызын,  башкаруу  системасынын  өзгөчөлүктөрүн,  хан  бийлигинин  татаал  сырларын 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 59 - 
 
үйрөнүү  менен  саясий  тажрыйба  топтогон.  Ал  Кокон  хандыгынын  коомдук-саясий,  чарбалык 
турмушундагы  кыргыздардын  татыктуу  ордун  табууга,  хан  ордосунда   ролун  көтөрүүгө  көп  күч 
жумшады.  Эң  негизгиси  мүмкүнчүлүккө  жараша  ыңгайы  келгенде  кыргыздардын  көз  каранды 
эместигин камсыз кылууга, өз алдынча бирдиктүү жана түптүү мамлекетин түзүүгө жол издеди. 
Курманжан  датканын  мамлекеттик  жана  коомдук  ишке  аралашышы  1832-жылы  Алымбек 
даткага    турмушка    чыккандан    башталды.    Алымбек  менен  Курманжан  29  жыл  эриш-аркак 
ыстыкоомат  кылышты.  Көп  жылдар  бою  өмүрлүк  жолдошу  Алымбек  датканын  таасирдүү 
кеңешчиси,  жардамчысы  катары  көрүнүп,  атүгүл  насаатчысы  болууга  да  жетише  алган.  Анын 
1832-62-жылдардагы  өмүрүн  коомдук  ишмердик  доору  катары  санаса  болот.  Бул  мезгилде  Алай 
чөлкөмүн жана анын тургундарын башкарып, эли-журту үчүн чоң-чоң коомдук иштерди жасаган. 
Алымбек  датка  ордодо,  Кашкарда  саясий  маселелер  менен  алектенип  жүргөн  мезгилдерде  анын 
милдетин  да  кошо  аркалаган.  Акырындап  датканын  ордун  жоктотпой  эл  бийлөөнүн  сырын  
үйрөнгөн. Жеринен дээринде бар, жөн билги зайып көп өтпөй көпчүлүктүн көңүлүнө толуп, калк 
башкарууга  көзү каныккан. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы Кокон хандыгы гана эмес, 
коңшу Бухара эмиратына, атүгүл алыскы Орусия серепчилерине да дайын болгон.  
Тарыхта  белгилүү  болгондой  XIX  кылымдын  40-жж.  башында  Кокон  хандыгында  саясий 
кырдаал  курчуп,  Мадалы  хан  өлтүрүлүп,  анын  ордуна  Бухара  эмиринин  адамы  Ибрагим-Хаял 
коюлгандыгы  белгилүү.  Мындай  кырдаалда  Кокон  мамлекетин  өз  алдынча  сактап  калуу 
зарылдыгын  сезген  кыргыз  төбөлдөрү  мураскер  издеп,  аксылык  Нүзүп  бий  башында  турган  топ 
Таласта Ажыбай датканын үйүндө жашап жаткан 1770-1798-жылдары Кокон хандыгын башкарган 
Нарбото бийдин кичүү иниси Ажы бийдин уулу 50 жаштагы Шералыга токтошот. 1842-жылы жай 
мезгилинде  Шералыны  Аксынын  Карасуу  айылындагы  Кара-Күп  деген  жерге  (Ал  айыл 
Шералынын  аялы  Жаркынайымдын  атасы  Токтоназар  бийдин  кыштоолорунун  бири  болучу) 
көчүрүп  келишет  да,  2-3  ай  ордо  турмушун  жол-жобосу  менен  тааныштырып,  кат-сабатын 
жойгондон кийин күзүндө Сафед-Буланда курултай чакырылып, Шералы ак кийизге салынып, хан 
көтөрүлгөн. Натыйжада кыргыз кошуундарынын күчү менен Кокон ордосу ээленип, Шералы Ажы 
бий уулу - хан, Нүзүп бий, ага регент-миңбашы орунду ээлеген. Бул окуяларга Алымбек датка да 
активдүү катышкан. 
1842-ж.  Курманжан  күйөөсү  Алымбек  датка  менен  бирге  биринчи  жолу  Кокон 
хандарынын  ордосуна  келет.  Ошондо  Курманжан Шерали  хандын  кыргыз  аялдары  Жаркынайым 
(саруу)  жана  Соноайым  (багыш)  менен  таанышып,  хандыктагы  көйгөйлүү  маселелер  боюнча 
кеңешкен, ынтымакты чыңдоо, үзбөй кабарлашып турууга убадалашкан. 
Бирок көп өтпөй хан ордосунда кыпчак бийи Мусулманкулдун таасири күчөп, кыргыздар 
мамлекеттик  бийликтен  четтетиле  баштайт.  Шералы  такта  отурганы  менен  саясий  бийлик  толук 
Мусулманкулдун  колуна  өтөт.  Кыргыз  төбөлдөрү  анын  ичинде  Алымбек  датка  да  бийликтен 
четтетилет.  Мусулманкулдун  башкаруусунда  өлкөдө  зомбулук  күчөп,  алык-салыктар  көбөйүп, 
элдин эзилүүсү күч алат. Бул Мусулманкулга каршы элдик чыгуунун өбөлгөсүн жараткан.  
Мусулманкулдун зомбулугуна нааразы болгон Кокон хандыгынын чыгыш жагындагы Ош 
жана Алай тоолорундагы кыргыздардын Мады чебинин жанында чогулган тобуна Алымбек датка 
баштаган  Сейитбек  датка,  Болот  датка  жана  башка  кыргыз  бийлери  жетекчилик  кылган. 
Көтөрүлүшчүлөр  Ошту  жана  ага  жакын  аймакты  кокондуктардан  тазалашкан.  Бул  окуя  1845-ж. 
болгон.  Ошол  эле  жылы  Исфара  акими  кыргыз  Сатыбалды  жана  Рахматулла  менен  бирдикте 
күрөш  дагы  уланган.  Мусулманкул  Ошко  жазалоочу  аскер  баштап  келип,  көтөрүлүштү  айоосуз 
баскан. Бул жөнүндө алдын ала кабар алган Алымбек датка Курманжандын кеңеши менен Алайга 
качып,  ажалдан  аман  калган.  Ошто  тартипти  жөнгө  салуу  үчүн  Мусулманкул  бир  топ  кармалып 
калгандыктан, Кокондо дагы бир козголоң уюшулуп, Шералы хан өлтүрүлүп, козголоңчулар Алим 
хандын  уулу  Мурад-бекти  хан  көтөрүшөт.  Мусулманкул  согуш  менен  кайрадан  ордону  ээлеп, 
Шералы  хандын  бойго  жете  элек  14  жаштагы  баласы  Кудаярга  андан  улуу  өз  кызын  аялдыкка 
алып берип, хан көтөрөт да, регент-миңбашылык мансабын колго алат. 
 
Мамлекеттүүлүк идеясын көтөрүү 
Кудаярдын  энеси  бөлөк  агасы  кыргызга  жээн  Малабек  Алымбек  датка  менен  көңүлү 
жакын болгон.  Алардын күч алышынан чочулаган Мусулманкул Алайга жүрүш жасаары туралуу 
кабар  угулуп,  кырсыктан  алысыраак  болуш  үчүн  Алымбек  датка  Көгарт  ашуусу  аркылуу 
Нарындын төрүндөгү Ак-Талаа,Тогуз-Торо, Ат-Башылык туугандарына келет. Алар даңкы чыккан 
Алымбек  датканы  кучак  жайып  тосуп  алышкан.  Алымбек  тынымсыз  тополоңдун  алкагы  боло 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 60 - 
 
баштаган  Кокон  хандыгында  жашоодон  көрө  өз  алдынча  тоо  кыргыздарынын  ээлигин  түзүү 
керектиги жөнүндө Теңир-Тоолук туугандары менен кеңешкен. 
Ошол  жылдары  Алымбек  датка  Ош  шаарынын  маанисин  көтөрүүгө  да  көңүл  бөлгөн. 
Себеби,  кыргыз  элин  бириктирүүдө,  эгер  колдон  келсе  кыргыз  ээлигин  түзүүдө  Ош  шаарынын 
бай-такты  шаар  катары  маанисин  жогорулатууну  зарыл  деп  эсептеген.  Тарыхый  булактарда  Ош 
шаары  эзелтен  эле  кыргыз  урууларынын  саясий  борбору  катары  эсептелип,  бул  жерде  кыргыз 
бийлеринин айдоо жерлери, соода түйүндөрү, мечиттери, вакфтык үлүштөрү болгондугу маалым. 
(Караңыз:  Военные  действия  против  Кокандского  ханства.//ВС.—1876.—№  2.—2-бөлүк.—211-
бет;  Терентьев  М.А.  История  завоевания  Средней  Азии.-СПб.,1906.—Т.2.—366-бет;  Абаза  К.К. 
Завоевание Туркестана.-СПб., 1902.—238-бет.)  
Ошого  байланыштуу  Алымбек  датка  вилайеттин  борборун  Анжияндан  Ошко  көчүрүп 
келип,  азыркы  Алай  мейманканасы  турган  чөлкөмдө  Ак  Ордо  тургузгандыгы  (бир  нече  ак 
өргөөлөрдөн  куралган  ордо)  эл  арасында  айтылып  келет.  Так  ушул  жерде  Алымбек  менен 
Курманжан хан, бектерди, алыс-жакындан келген ызааттуу конокторду кабыл алышкан. Ал жерде 
мамлекеттик  жана  чөлкөмдүк  маанилүү  маселелер  талкууланып,  ири  чечимдер  кабыл  алынган. 
(Караңыз: Абытов Б. «Ош: факты, события и личности».  –Ош, 2000). 
Алымбек  датка  кийинки  жылдары  Кокондон  сырт  саясий  окуяларга  да  катышкандыгы 
маалым.  1847-жылы  ал  Кашкардагы  “жети  кожонун  козголоңуна”  чакырылып,  кожолордун 
башчысы  Катта  төрөнүн  армиясына  кол  башчылык  кылган.  Кашкарды  камаган,  бирок  Кытай 
богдыханынын  армиясына  туруштук  бере  албаган  20  миңден  ашуун  козголоңчулар  Фергана 
тарапка  качып,  Алымбек  Алайга  кайтып  келген.  (Караңыз:  Боотаева  Б.  Кыргызы  между 
Кокандом, Китаем и Россией.—Бишкек: Илим, 1995. —50,60-беттер.)  
Көп узабай ордодо Мусулманкулдун зомбулугуна каршы дагы козголоң уюштурулуп, бир 
топ  кармаштардын  натыйжасында  1856-жылы  Мусулманкул  өлтүрүлүп,  Кудаяр  өз  алдынча 
бийлик жүргүзүүгө жетишкен. Так талашуу эми Кудаяр хан менен анын аталаш агасы Малабектин 
ортосунда  жүргөн.  Ошол  эле  учурда  Кудаяр  ханга  каршы  толкундоолор  башталган.  Алардын 
кыймылдаткыч  күчтөрү  негизинен  кыргыз  элети  болучу.  Көтөрүлүшкө  катышкан  адамдардын 
саны  4-6  миң  адамга  жеткендигин  изилдөөлөр  кабарлайт  (Караңыз:  Взаимосвязи  киргизского 
народа с народами России, Средней Азии и Казахстана (конец XVIII —XIX вв.).— Ф.,1985.—181-
бет.).  
Бул саясый жанданууда айрыкча алайлык кыргыздар активдүү болушкан. Көтөрүлүшчүлөр 
Маргалаңды, Коконду камап, 1858-жылы ноябрь айында Саманчыга жакын жерде Кудаяр хандын 
аскерин  Алымбек  датка  баштаган  бир  топ  кыргыз  бийлеринин  жардамы  менен  Малабектин 
кошууну  жеңет  да,    Кудаяр  хан  Бухарага  качат.  Тактыны  Малабек  ээлеп,  көмөк  көрсөтүшкөн 
кыргыз  бийлерин  —  Алымбекти  Анжыянга  кайрадан  аким,  кийинчерээк  өзүнө  баш  увазир, 
Сейитбек датканы Кожентке аким, Молдокасымды Ноо чебине комендант, Алымбекке көңүлдөш, 
Маргалаңдын  мурунку  беги,  кыргыз-кыпчак  Өтөмбай  бийди  Ташкентке  аким  дайындаган. 
(Караңыз:  Наливкин  В.  Краткая  история  Кокандского  ханства.—Казань,  1886.-188—89-беттер; 
Галицкий  В.,  Плоских  В. Старинный  Ош.—Фрунзе,1987.-46—47-беттер.)  Ошентип,  XIX  к.  50-жж. 
аягында Кокон хандыгынын саясий турмушунда олутуу роль ойногон Алымбек датка, ордодогу эң 
жогорку  бийлик  -  вазирлик  мансапка  жетип,  дээрлик  4  жыл  бою  (1858-1862-жж.)  хандыктын 
тагдырын чечип турган.  
Алымбек  датканын  акылман,  алысты  көрө  билген  көсөм,  кылдат  саясатчылдыгы  60-жж. 
башында  Россия  империясынын  колониалдык  аскерлери  Чүй  өрөөнүнө  кирип  келишкенде 
көрүнгөн.  1860-ж.  Верный  чебинен  чыккан  орустар  менен  салгылашуу  үчүн  Малабек  хан 
Ташкенттен  чоң  аскердин  башында  Канат  Шааны,  Ферганадан  “Анжиян  кошууну”  деп  аталган 
отряддын  башында  Алымбек  датканы  жөнөткөн.  Алымбек  Нарын  аркылуу  Чүйгө  багыт  алат. 
Жолдо  кыргыздардан  колун  толуктап,  аскери  12  миңге  чейин  жетет.  Алымбектин  кошуунунун 
курамында Жангарач баштаган солто, сарыбагыш манаптарынын, алардын ичинде Шабдандын да 
жигиттери болгон. 
Алымбек  Чүй  өрөөнүндө  Алымбек  датка  Ташкент  беги  Канат-шаа  жетектеген  кокон 
аскерлери  менен  жолугушат.  Бул  жерде  бири-бирине  баш  ийгиси  келбеген  эки  төбөл  башкы  кол 
башчылыкты  талашышат.  Натыйжада,  азыркы  Казахстандын  Узун-Агач,  Кара-Кастек,  Каскелең 
өзөндөрүндөгү салгылашууларда  Алымбек кошуунун кармашка  кийирбей коюп, кокон армиясы 
чегинүүгө мажбур болгон. Алгач Кара-Кастекке койгон чабуулунун мизи кайтарылган соң, Узун-
Агачта  экинчи  чабуул  кылууну  буйруган  Канатка  Алымбек  кескин  каршы  чыккан.  Кокон 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 61 - 
 
ордосунун  тарыхчысы  Мулла  Нияз:  “Алымбек  кыргыз  менен  Канат  Шаа  тажик  кошуунга 
башчылык  кылууну  талашып,  чатак  башташты.  Жаңжалдан  улам  Алымбек  анжыян  колу  менен 
кыргыздарды майдандан алып чыгып кетип, салгылашуунун сыймык же маскаралык алып келүүчү 
тагдырын  колунан  чыгарды...”,—  деп  жазат.  (Караңыз:  Бейсембиев  Т.К.  “Тарих-и  Шахрухи”  как 
исторический источник. —Алма-Ата,1987. —122-бет.) 
Алымбектин мындай чечиминин түпкү максаты, бүткүл кыргыз урууларын бириктирип, өз 
алдынча мамлекет куруу же кокон ордосун толук ээлөө болгон деп ойлойбуз. Ошондуктан, ал орус 
бийликтери  менен  ушул  мезгилден  баштап  эле  ымала  түзүүнү  көздөгөн.  Анын  биринчи  шарты 
орус аскери менен согушпоо экендигин жакшы түшүнгөн. Орусияга жүз буруп турган Чүй, Ысык-
Көл  кыргыздарынын  манаптарынын  пикирлери  да  эсепке  алынган.  Узун-Агач  салгылашуусунун 
алдында  эле  Жангарач,  Байтик,  Шабдан  жана  башкалар  менен  жолугушкан  Алымбек  үчүн 
кармашта Канат Шаанын жеңилиши  ынгайлуу эле. 
Узун-Агачтагы  “күнөөсү”  үчүн  Алымбек  куугунтукталып,  ордого  келбестен  Алайда 
калган. Ал адыгине менен мунгуштардан кошуун жыйнап Коконго жүрүш жасайын деп ойлогон, 
бирок  ага  шарт  болгон  эмес.  Ошондуктан,  аркалык  туугандарынан  жардам  издөө  жана  бир  топ 
саясый  иштерди  жүргүзүү  үчүн  1861-жылы  жазында  кайрадан  Нарын  чөлкөмүнө  жөнөп  кеткен. 
Алымбектин  тоолук  кыргыз  туугандарынын  арасында  аброюнун  өсүп  бара  жаткандыгынан 
кооптонгон  Мала  хан  жарашуу  үчүн  аны  ордого  чакырган,  бирок  Алымбек  хан  жиберген 
адамдарды  өлтүртүп,  алардын  артынан  келген  кошуунду  да  талкалап  таштаган.  Жай  айларында 
Датка  Үмөтаалы,  Ажы,  Төрөгелдиге  жолугуп,  аларды  Коконго,  белгилүү  деңгээлде  Орусияга  да 
каршы үгүттөгөн. (Караңыз: Кененсариев Т. Кыргызстандын ХIХ кылымдын 50-70-жылдарындагы 
саясый  өнүгүүсү. – Б.: 2009.-127-28-беттер.)  
1861-жылдын  июлунда  Ала-Тоо  округунун  башчысы  Сибирь  корпусунун  командирине 
“Алымбек  менен  Мала  хандын  душмандык  мамилеси  жөнүндөгү  маалыматтар  ырасталып 
жаткандыгын”  билгизген.  Орусия  менен  мамиле  түзүүнү  пландаган  Алымбек  тоолук  кыргыз 
урууларын  бириктирип,  өз  алдынча  феодалдык  ээлик  же  мамлекет  түзүүгө  аракеттенгендигин 
Батыш Сибирь генерал-губернатору А.О.Дюгамелдин 1861-жылдын 8-июнунда согуш министрине 
жазган каты бышыктайт. “Алымбек кара-кыргыздардын арасында калып, Ысык-Көл менен Кичи-
Бухара аралыгында өз алдынча башкаруучу болуу оюнда бар окшойт, — деп жазат А.О.Дюгамель, 
—  ошондуктан  биз  менен  жакшы  мамилеге  өтүүнү  көздөйт  шекил...”  Генерал  А.О.Дюгамель 
Жети-Суу  областынын  башчысы  Г.А.Колпаковскийге  эгер  Алымбек  Орусия  менен  мамилеге 
кирсе,  аны  кубаттагыла  деген  көрсөтмө  берген.  Муну  тышкы  иштер  министри  А.М.Горчаков  да, 
Александр  II  да  жактырган.  (Караңыз:  Өзбекстандын  борбордук  мамлекеттик  архиви.-715-ф.-1-
оп.-25-иш.-94-98-барактар). 
Түндүк кыргыздарын өз таасирине тарткан датка 1861-жылы күзүндө Фергана чөлкөмүнө 
кайтып  келген.  Бир  катар  сүйлөшүүлөрдүн,  кеңештердин  жана  акыл  калчоолордун,  айрыкча 
Курманжандын  жүйөөлүү  пикирлеринин  таасири  менен  Алымбек  датка  Теңир-Тоодо  өз  алдынча 
мамлекет  куруу  иши  али  эртерээк  экендигин  түшүнөт  да,  анын  ордуна  азырынча  Кокон  ордосун 
ээлеп, кыргыздардын саясий аброюн кайрадан көтөрүү чечимине келген. 

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   39




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет