Ош мамлекеттик университетинин жарчысы



Pdf көрінісі
бет12/39
Дата03.03.2017
өлшемі2,34 Mb.
#5512
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   39

 
Кайрадан Кокон ордосунда... 
1862-жылдын  февралында  Мала  ханга  каршы  козголоң  уюштурулуп,  кыргыз  бийлери: 
Алымбек,  Кыдыр,  Касым,  Кудайназар  жана  башкалар  Мала  ханды  өлтүрүп,  анын  жээни  — 
Сарымсактын  уулу  15  жашар  Шах  Муратты  такка  олтургузушкан.  (Караңыз:  Мулла  Нияз 
Мухаммед. Тарих-и Шахрухи. История владетелей Ферганы. —Казань, 1885.—108-бет.). Алымбек 
баш увазирдик орунду ээлеген. Ташкент беги Канат Шаа, Рүстөмбек баш болгон экинчи топ такка 
Кудаярды  кайрадан  отургузууну  көздөшкөн.  Канат  Шаа  Бухарага  качып  кеткен  Кудаяр  менен 
байланыш түзүп, аны Ташкентке чакырып, хан деп жарыялап жиберген.  
Ошол  кезде  ичкилик  кыргыз-кыпчак  уруусунан  чыккан  белгилүү  мамлекеттик  ишмер, 
1862-жылга  чейин  Маргалаң  вилайетинин  акими  болуп  турган  молдо  Алымкул  Кудаяр  тарапка 
өтүп  кеткен.  Анын  аракети  менен  Кыдыр,  Ырсалы  сыяктуу  кыргыз  бийлери  алгач  бийликтен 
четтетилип,  кийинчерээк  тындым  кылынган.  Ал  эми  июль  айында  алдоо  жолу  менен  ордого 
чакырылган Алымбек датканы  Алымкул Чотон   аттуу   кыргыздын  колу  менен   өлтүрткөндүгү 
изилдөөлөрдө  белгиленет.  (Караңыз:  Бейсембиев  Т.К.  “Тарих-и  Шахрухи”  ...—123—124-беттер.) 
Г.А.  Колпаковский  1862-жылы  25-июлда  Батыш-Сибирь  генерал-губернаторлугуна  жиберген 
билдирүүсүндө:—“айтылуу  Алымбек  кара-букаралардын  колунан  өлдү”,—деп  бекеринен  айткан 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 62 - 
 
эмес.  (Караңыз:  Боотаева  Б.  Кыргызы  между  Кокандом...—62-бет.).  Кийинки  тастыктоолордо 
Чотон  баатырдын  Алымбекти  өлтүрүүгө  катышпагандыгы  жөнүндө  баатырдын  урпактары 
тарабынан санжыра таризиндеги маалыматтар да пайда болууда.)  
Ал  кезде  Алымбек  датка  пайгамбар  курагында,  тагыраак  айтканда  63кө  эми  эле  чыккан 
болучу.  1858-62-жылдарда  болуп  өткөн  Алымбек  уюштурган  бул  саясий  аракеттерде  Курманжан 
анын  эң  жакын  кеңешчиси,  пикирлеши  болуп,  айрым  бир  чечимдерге  өзүнүн  ойлорун  да 
кошкондугу  маалым.  Бир  нече  жолку  кооптуу  учурларда  Кокондон  алган  кабарлардын 
натыйжасында  күйөөсүн  эскертип,  өлүмдөн  алып  калгандыгын  изилдөөлөр  тастыктайт.  Бирок, 
кыргыз  мамлекетин  түптөйм,  эч  болбоду  дегенде  Кокон  тактысын  ээлеп,  кыргыз  элинин 
биримдигин камсыз кылам деген Алымбектин стратегиялык максаттары ишке ашпай калды...  
Курманжан  датканын  ишмердигинин  биринчи  доорун  жыйынтыктап  жатып  (1832-1862), 
анын  ал  мезгилде  жан  шериги  Алымбектин  пикирлеши,  абройлуу  кеңешчиси  жана  жардамчысы 
боло  алгандыгын  белгилөө  зарыл.  Курманжандын  акылын  жана  саясий  сезимталдыгын  Алымбек 
датка  терең  баалаган,  анын  кеңешине  көп  убакта  макул  болгон.  Курманжандын  жөндөмүнө 
ынанган  Алымбек  кийинчерээк  Анжиян  вилайетиндеги  чарбалык  милдеттерди  бүтүндөй  аялына 
ишенип,  калтырып  турган.  Алымбек  менен  30  жылга  жакын    ыстыкоомат  кылган  мезгилде 
Курманжан  датка  акырындык  менен  Фергана  өрөөнүнүн  чыгыш  жагындагы  элет  элинде 
таанылып,  саясий  жана  коомдук  ишмер,  ири  тарыхый  инсан  болуп  чыга  келген.  Уруулук  талаш-
тартыштар, жер-сууга, жайыттарга, жайлоого  байланышкан түрдүү чарба маселелерин чечип алуу 
үчүн  ондогон  адамдар  Курманжандын  кабыл  алуусунда  кезек  күтүп  тургандыгын  көрүүгө  болор 
эле. 
 
Экинчи доор - Курманжан датка саясий ишмер 
 
Курманжан  датканын  саясий  ишмердиги  деп  аталган  экинчи  олуттуу  доор  1862-76-
жылдарды  камтыйт.  1862-жылы  Алымбек  датканын  бөөдө  өлүмү  Курманжан  айымды 
муңкураткан  эмес.  Эл  кызы  эсептелген  айым  белин  бекем  бууп,  жетим  калган  уул-кыздарын 
тумшуктууга чокутпай аман-эсен асырап, ээсиз калган элине баш-көз болуп, аларды уюштурууга 
да чамасы келген.  
 
Эл биримдигин жана тынчтыкты камсыздоо 
1862-жылы  эле  Кудаярды  экинчи  жолу  такка  олтургузуу  мезгилинде  Кудаярга  жардам 
берген  Бухара  эмири  Сейит  Музаффар  Эд-дин  Ошко  чейин  аскерлери  менен  келген.  Курманжан 
аларды өгөй уулу Жаркынбай  (кай  бир изилдөөлөрдө кайниси) жана башка балдары, тургундары 
болушуп, Оштон кастарлап тосуп алышкан. 
Бул  келүүнүн  негизги  максаты  Алай  тараптагы  кыргыздардан  Кокон  хандыгына  таяныч 
издөө  болуп,  ал  1862-жылы  өлгөн  Алымбектин  ордун  басчу  адамга  датка  деген  наам  ыйгаруу 
аркылуу  ишке  ашмак.  Алгач  бул  наамды  Курманжандын  кеңеши  боюнча  ошол  кезде  Ош 
вилаятынын  акими  болуп  турган  Жаркынбайга  сунуш  кылышкан.  Бирок,  Жаркынбай  бул 
даражаны  алып  жүрүүдөн  караманча  баш  тартат.  Мындан  биз  Жаркынбайдын  Курманжандын 
аброюн  жана  сөөлөтүн  сыйлагандыгын,  Алымбектей  улуу  инсандын  жесири  тирүү  кезинде 
жөнөкөй адам эсептелген өзүнүн датка наамын алуусу уят, намыс деп түшүнгөндүгүн байкайбыз. 
Жаркынбайдын  бул  чечимин  Алымбектин  туугандары  Осмон,  Өмүрбек,  Акимбай  жана  башка 
бийлер  туура  көрүшөт.  Бийлик  үчүн  кырылышкан  ордо  адамдарынан  айырмаланган,  түпкүрүнөн 
кашкөй, тоолук бийлердин бул жоругу Музаффарды ого бетер таң калтырат. 
Ошентип,  Кокон  бийлигине  таяныч  түзүү  жана  кыргыздардын  каныкесин  өз  жаатына 
тартуу  максатында  Музаффар  менен  Кокон  ханы  Кудаяр  Курманжанга  "датка"  деген  наамды 
ыйгарууга  аргасыз  болушкан.  Ислам  дининин  Орто  Азиядагы  түркүгү  болуп  саналган  Бухара-и 
Шарифтин  шайх-уль-Исламынын  ыйык  фатвасы  (шарыятка  ылайыкталган  бүтүм,  чечим)  жана 
Музаффардын өзүнүн буйрукнаамасы боюнча Курманжан эми “датка” аталат. “Датка” деген наам 
түпкүрүндө  бухаралык    чин  болгон.  Фарсиче  "дохкох"  деген  сөз  "адилеттүүлүк"  деген  маанини 
берип, мындай наам алган адам эң оболу тигил же бул вилаеттын диний көсөмү болуп саналчу. Ал 
элден чыккан араздашууларды шарият жолу менен чечип, арыздарды жана даттанууларды кароого 
тийиш эле. Бир эле учурда датка хандын вилаеттеги өкүмдар өкүлү, акими, аскер башчысы катары 
да  таанылган.  Кокон  хандыгынын  тартиби  боюнча  датка  наамы  мамлекетте  он  гана  кишиге 
берилип, жылына миң теңге жана 200 батман буудай ыйгарылып турган.  

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 63 - 
 
Дворяндык  тарыхчы  М.А.Терентьев  датка  титулун  генералга  тете  баалаган.  (Караңыз: 
Терентьев  М.А.  История  завоевания  Средней  Азии.-Т.1.-СПб.,1906.-248-б.;  Т.2.-412-б.)  Ал  эми 
Кокон хандыгынын тарыхын жакшы билген изилдөөчү А.Кун болсо датка титулунун жергиликтүү 
маанидеги  генерал-губернатордукка  тете  административдик  кызмат  орун  экендиги  жөнүндө 
пикирин  жазган.  (Кун  А.Л.  Очерки  Кокандского  ханства.//Известия  РГО.-Отд.2.-Т.12.-
СПб.,1896).  Белгилүү  казак  агартуучусу  Ч.Валиханов  “датка”  наамы  ранг  боюнча  табелде 
хандыктагы  төртүнчү  даражадагы  кызмат  орунга  туура  келерин  ырастаган.  (Караңыз: 
ВалихановЧ.Ч. Собр.соч.-Т.3.-Алма-Ата.-1985.-379-б.) 
Салт боюнча Борбор Азиядагы үч хандыктын ар биринде бир эле учурда 10 адам  “датка” 
наамын  алып  жүрүүгө  тийиш  болгону  менен,  XIX  кылымдын  ичинде  бул  салт  бузулуп,  датка 
наамын  алуучулар  саясий  чечимдер  менен  ишке  ашырыла  баштады.  Тарыхый  маалыматтарга 
караганда  кыргыздардын  арасынан  1804-1876-жылдар  ичинде  «датка»  намын  алгандар  
төмөнкүлөр  болгон:  Ажыбек  же  Аспердин  (саруу)  Таластан,  Алымбек  (адыгине)  Алайдан, 
Кедейбай  (саруу)  Аксыдан,  Сарымсак  (багыш)  Аксыдан,  Шер    (кутлук-сейит)  Аксыдан,  Медет 
(саяк)  Жумгалдан,  Гаиб  (мунгуш)  Алайдан,  Бозой  (ичкилик)  Бадахшандан,  Маргалан  менен 
Коженттин  чөлкөмдөрүндө  жашаган  ичкилик  кыргыздарынан  Молдо  Тойчу,  Шапак,  Сейитбек, 
Болот, Касым, Тилла, Каракул, ал эми Чүйдө жашаган кыргыздардан Айдарбек. 
Орто  Азия  жана  түрк  элдеринде  аялдан  датка  даражасын  алып  жүрүү  дегеле  тарыхта 
болгон  эмес.  Курманжанга  аял  да  болсо  мындай  наамга  ээ  болуу,  анын  тарыхтагы  ордунун  өтө 
жогору экендигин дагы бир жолу ырастап турат. Ушул окуядан кийин Курманжан «датка» аталып, 
хандыктын  саясий  иштерине  аралашкан,  ордодо  жолугушууларды  өткөрүп,  ханга  кеңеш  айта 
алган.  Маанилүү  саясий,  эл  аралык  маселелерди  чечүүгө  аралашкан.  Эң  негизгиси,  Алымбектен 
керээз  катары  калган  эл  биримдигин  камсыздоо  идеясын  уланткан.  Албетте,  бул  кырдаалда 
кыргыз мамлекетин түптөөгө шарт да, күч да болбогондугу чындык. Ошондой болсо да урууларды 
чатакташтырбай,  тоолук  кыргыздардын  намысын  ылдый  түшүрбөй, Кокон  хандарынын  эзүүсүнө 
керек  болсо  жапырт  көтөрүлүп,  тыштан  келген  коркунучтарга  каршы  бирдикте  күрөшүүнү 
уюштуруу Курманжан датканын колунан келет болучу.  
1860-жылдардын  биринчи  жарымында  Орусия  империясынын  Борбордук  Азига  карата 
саясий-колониялык  экспансиясынын  күчөшүнө  байланыштуу  Кокон  хандыгында  абал  татаал  эле. 
Жогор  жакта  белгиленгендей  Кокон  ордосуна  саясий  ишмер  Алымкулдун  келиши  Фергана 
кыргыздарынын жандыктагы саясий аренага көтөрүлүүсүнүн эң жогорку чеги болгон. 1863-жылы 
июнь  айында  Алымкул  жетектеген  кыргыз-кыпчактар  Коконду  камоого  алган.  Шахрисябзда 
башталган  көтөрүлүшкө  байланыштуу  Кокондон  чыгып  кеткен  Музаффардын  жоктугунан 
пайдаланып,  Алымкул  ордону  ээлеген.  Кудаяр  хан  экинчи  жолу  качкан.  Бийлик  кыргыз-
кыпчактарга  тийип,  1863-жылы  9-июль  күнү  Малабектин  12  жашар  уулу  Султан  Сейит  такка 
олтургузулган.  Кыргыз-кыпчактардын  жамаатындагы  эң  таасирдүү  мамлекеттик  ишмер  жана 
таланттуу  кол  башчы,  кыргыздын  чыгаан  уулу  Алымкул    Султан  Сейитке  Аталык  (регент) 
дайындалып,  иш  жүзүндө  хандыкты  башкарууну  толук  өз  колуна  алган.  Ошол  мезгилде 
Маргалаңда  бектик  кылган  Мырзакматтын  сөзү  боюнча  1863-жылы  Алымкул  Асан  бий  уулу  34 
жашта,  ал  эми  Султан  Сейит  23  жашта  болгон.  (Караңыз:  Веселовский  Н.  Бадаулет  Якуб-Бек. 
Аталык  Кашкарский.—СПб.,1898.—90-бет.)  Алымкул  лашкер  башынын  тарых-таржымалы, 
ишмердүүлүгү  Т.Кененсариевдин  изилдөөсүндө  кеңири  берилет.  (Караңыз:  Кененсариев  Т
Алымкул аталык.-Ош,1999.-72 бет.) 
Алымкул 1863-65-жылдарда Кокон хандыгынын ички экономикалык, чарба жана маданий 
иштерине көп көңүл бура алган эмес. Анткени, күндөн-күнгө күч алган Орусиянын экспансиясына 
каршы  туруп,  хандыктын  көз  карандысыздыгын  сактап  калуу  эң  биринчи  милдет  эле.  Алымкул 
административдик  жана  аскер  реформасын  жүргүзүп,  Кокон  хандыгынын  тышкы  экспансияга 
каршы  турууга  мүмкүнчүлүгүн  бекемдеди.  Сепилдерди  оңдоттуруп,  чек  араларды  чыңдады. 
Түштүк Казакстандагы бир катар согуштарга туруштук берип, кай бир салгылашууларда (мисалы 
Икан салгылашуусу) убактылуу жеңишке жетишти. Алымкул “Амир Лашкер  Алымкул” наамына 
татып,  анын  эрдиктери  жөнүндө  легендалар  түзүлдү.  Бирок,  европалык  деңгээлде  куралданган 
басып  алуучуларды  токтотууга  күчү  жетпеди.  Ошентип,  генерал  М.Г.Черняев  баштаган  орус 
армиясы 1865-жылдын башында Ташкенге кирип келди. 
1865-жылдын  жазында  Кокон  хандыгы  менен  Бухара  эмиратынын  ортосундагы  кезектеги 
жаңжалдын    башталышын    ыңгайлуу    учур  деп  санаган  генерал  29-апрелде    Ташкентке  жакын 
турган    Ниязбек  чебин    басып  алып,  шаарды  суудан  жана  эгинден  бөлүп  салган.  Ташкентти 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 64 - 
 
коргогон Алымкул лашкер башынын негизги күчтөрү менен орус аскеринин ортосунда 9-май күнү 
катуу салгылашуу болгон. Кандуу кармашта Алымкул аталыктын оор жарадар болушу жана өлүмү 
кокон  күчтөрүнүн  чегинүүсүнө  алып  келген.  Баш  аламан  түшкөн  шаарга  14-15-июнь  күндөрү 
штурм жасалып, 17-июнь күнү Ташкент каратылган.  
Көрүнүктүү  мамлекеттик  ишмер,  таланттуу  кол  башчы  жана  кыргыз  элинин  ичкилик 
кыпчак  уруусунан  чыккан  белгилүү  тарыхый  инсан  Алымкул  аталык  1865-жылы  10-май  күнү 
Ташкенттеги  Шейхантаур  мүрзөсүнө  коюлган.  Алымкул  менен  кошо  Ташкентте  жүргөн  Султан 
Сейит  хан  эмне  кылаарын  билбей  карбаластап  калган  учурда  кошуундун  негизги  сокку  уруучу 
күчүн  түзгөн  Фергана  кыргыздары  менен  кыпчактар  жаш  ханды  таштап,  кыргыз  кол  башчысы 
Бекмаматтын  жетекчилиги  астында  Коконго  карай  жөнөгөн.  (Караңыз  Мухаммед  Салих  Кори 
Ташкенди.  Новая  история  Ташкента.
/Рукопись  №  7791  Института  востоковедения  АН 
Узбекистана.
//Ташкент, ташкентцы и Россия.—Ташкент,1965.—147,151,154-беттер.). Натыйжада 
Ташкентте  эки  жаамат  түзүлгөн.  Оруска  жүз  бурган  жаамат  шаарды  орус  аскерине  өткөрүп 
берүүнү ойлогон. Ал эми Кокон амирлигинде калууну көздөгөн жаамат кокон аскерлеринин тарап 
кете элек бөлүктөрүнөн шаарды коргоп калуусун суранышкан.  
Султан  Сейит  Бухара  эмиринен  жардам  сурап  кайрылганы  менен,  көп  узабай  ал  эмирдин 
атайын  жиберген  тыңчыларынын  колунан  каза  тапкан  (Караңыз:  Наливкин  В.  Краткая  история 
Кокандского  ханства.—Казань,  1886.—202-бет.)  Хансыз  калган  Кокон  мамлекетинин  тактысына 
эми  Кудаяр  үчүнчү  жолу  умтулган.  Бухара  эмиринен  жардам  сурап,  ага  байлыгынын  төрттөн 
бирин өткөрүп бермекчи болгон. Ал эми Ташкенттен Фергана өрөөнүнө келишкен кыргыз-кыпчак 
кошуунунун  төбөлдөрү  Кокондон    30  чакырым  түндүгүндөгү  Сарай  деген  жерде  бир  аз 
кеңешүүдөн  кийин  Ыкын  мырза  деген  кыргыз  аскер  башчысынын  сунушу  менен  Кокон 
амирлигинин негиздөөчүсү Шахрух бийдин (1709-1722) үчүнчү уулу Шады бийдин урпактарынын 
бири  16  жашар  Кудайкул  бекти  хан  көтөрүшкөн.(Караңыз:  Бобобеков  Х.  Тарихимиздаги  конли 
излар
.//Мерос.—Ташкент,1991.—270-бет.)  Кудайкул  Кокондо  кур  сатчу  жана  аны  менен  Ыкын 
мырза  жакшы  тааныш  эле.  Кудайкул  тарыхта  Белбакчы  хан  деген  ат  менен  да  белгилүү.  Тез 
аранын  ичинде  Кудайкул  Кокондон  алдырылып,  кыргыз-кыпчак  кошууну  шаан-шөкөт  менен 
ордого кирген. Баймат кыпчак миң башы дайындалып, Ташкентке жүрүш жасоого даярдык көрүлө 
баштаган.(Караңыз:  Наливкин  В.  Краткая  история  Кокандского  ханства.—Казань,  1886.—202—
203-беттер.) 
Жаңы хан орустарга каршы күрөшүү үчүн элге 100 миң дилде каражат чогултууга буйрук 
берип коюп, кыргыз-кыпчак кошууну менен 14 күн Кокон шаарында тургандан кийин Ташкентке 
карай  жөнөгөн.  Аңгыча  Бухара  эмири  менен  Кудаяр  хан  Кожентке  кирди  деген  кабар  угулган. 
Ушуга  байланыштуу  кыргыз-кыпчак  кошууну  кайрадан  Коконго  кайтууга  мажбур  болуп,  бир 
аздан  соң  ордодон  артиллерияны  алып  чыгып  кеткен.  Көчмөндөр  Маргалаңда  турганда  бош 
калган шаарды кокондуктар эми өзүлөрү тоноп киришкен. Хан ордосу катуу таланган. 1865-жылы 
15-июль  күнү  эмир  Музаффар  Коконго  кирген.  Ошол  күндөрү  бир  нече  жолу  кыргыз,    кыпчак 
кошууну  Коконго чабуул койгон,  бирок, шаарды ала алган эмес.  
Алдаяр  бектин  башчылыгындагы  эмир  Музаффардын  жакшы  куралданган  армиясынын 
чабуулунун астында кыргыздар жана кыпчактар Фергананын чыгышына карай Ош аркылуу Мады 
кыштагына  чейин  согуш  менен  чегинип  келишкен.  Кудаяр  хандын  башчылыгындагы  экинчи 
жолку  жазалоо  отряды  менен  сентябрь  айында  болгон  кагылышта  кыргыз-кыпчактардын 
кошуунунун  басымдуу  көпчүлүгү  талкаланып  калган.  Аман  калган  7000дей  атчан,  400дөй  жөө 
сарбаз  жана  30  замбиректен  турган  артиллерия  Белбакчы  ханды  коштоп,  кыргыз  Ыкын  мырза, 
Алымкул өлгөндөн кийин кокон аскерине башчылык кылган кыргыз паңсаты Бекмамат, Ташкент 
вилайетинин  мурунку  беги  Мырза  Акмат  кушбеги,  кашкардык  Бузурук  хандын  эки  ата  өткөн 
тууганы Катта Төрө болушуп Кашкарды карай жөнөп кетишкен болучу.  
Алардын  артынан  12  миңдей  жеңил  куралданган  кол  менен  кууган  Кудаяр  хан  Сопу-
Коргон  ченде  качкындарга  жеткен  да,  кармашта  Белбакчы  хан  менен  кыргыздардын  бир  бөлүгү 
Чоң-Алай  тарапка,  ал  эми  кыпчактардын  жана  кыргыздардын  3-4  миңдей  тобу  Терек-Даван 
аркылуу Кашкар тарапка ооп кеткен. Замбиректери менен кача албай калган сарбаздар жана 800гө 
жакын жоокерлер колго түшкөн. Кудаяр хан жеңиш менен ордого кайткан.(Караңыз: Куропаткин 
А.  Исторический  очерк...//ВС.—1878.-—№  1.—Ч.1.—115—117-беттер.).  Ошентип,  Кудаяр  хан 
1865-жылы үчүнчү жолу такка олтурган. 
Мындай  татаал  абалда  Курманжан  датка  тактикалык  чегинүү  жасоого  мажбур  болду. 
Кокон  аскерлерине  каршылык  көрсөтүүнү  токтотуп, Курманжан  датканын  кеңеши  менен  кыргыз 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 65 - 
 
бийлери жоон топ өкүлдөрүн ордого жөнөтүшмөк болушту. Курманжан датка уулу Абдылдабекти 
кошо алып, өкүлчүлүктүн башында 1865-жылдын күзүндө Коконго келген. Кудаяр хандын апасы 
Жаркынайым  (Хаким  Айым)  менен  Курманжан  те  Шералы  хандын  заманынан  бери  эле  ынак, 
сырдаш  болуп,  Кудаяр  бала  кезинде  эле  Курманжанды  жакшы  билчү.  Ошондуктан  Хан 
конокторду ызаат менен тосуп алган жана мөөр ойдуруп, экинчи жолу Курманжанга датка наамын 
тастыктаган  мыйзам  чыгартып,  кымкап  чапан  жаптырып,  баалуу  белек  бердирген.  Датка  катары 
диний  жана  жергиликтүү  бийлик  жүргүзүү  боюнча  кошумча  укуктарды  ыйгарган.  Хандын  жаңы 
жарлыгына  ылайык  Курманжан  датканын  Алай,  Ош  аймактарындагы  мамлекеттик  бийликтин 
өкүлү катарында укугу такталып кыйла кеңейген.  
Жаркынайымдын  жардамы  аркасында  уулу  Абдылдабекти  Ташкент  аймагында  орус 
аскерлери  менен  айкаштардын  биринде  көз  жумган  Жаркынбайдын  ордуна  Оштун  акими  кылып 
дайындаткан.  Ордо  айымдары  аркылуу  саясий  жактан  кайрадан  жогорку  аренага  көтөрүлгөн 
Курманжан  датка  Алымбектин  аткарылбай  калган  мүдөөлөрүн  колдон  келишинче  ишке  ашыруу 
максатында ордо адамдарын колго алып, XIX к. 60-жж. аягына чейин алар менен такай катташып, 
Кокон хандыгынан кол үзгөн эмес.  
Жалпы  жонунан  30  жыл  бийликте  турган  Кудаяр  хандын  кыргыз  таякелерине  болгон 
мамилеси  эки  жактуу  мүнөздөлгөндүгүн  тарыхый  маалыматтар  далилдеп  турат.  Жаш  кезинен 
кыргыздардын  арасында  чоңойгон  Кулаярдын  жүрүш-турушунда,  сүйлөө  манерасында 
кыргыздарга  мүнөздүү  белгилер  сакталып,  ордодо  жашагандан  зеригип,  көбүнчө  кыргыз 
нөкөрлөрү  менен  тоо  тарапта  куш  салдырып,  тайган  агыткан  аң  уулоолорду  уюштурган 
мисалдарын  изилдөөчүлөр  жазып  калтырышкан.  Көп  учурда  “чектен  чыккан  тентектиктерди” 
уюштурган  кыргыз  таякелеринин  күнөөлөрүн,  сүйүктүү  апасы  Жаркынайымдын  кеңеши  менен 
кечирип да койчу. Ал энеси Жаркынайымды өзгөчө сыйлаар эле. Ордодо кышын-жайын тигилип 
турган  ак  өргөөдө  жашачу  Жаркынайымга  дайыма  эртең  менен  ызааттап  салам  айтчу  да,  анын 
ыраазылын  алгандан  кийин  гана  ордо  ишине  кийлигишчү  дешет  изилдөөчүлөр.  (Караңыз: 
Алибеков М. Домашняя жизнь последнего кокандского хана. 
//Ежегодник Ферганской области.—
Новый  Маргелан,  1903.  —Т.  —2.—  С.79—117,  жана  башка  Кудаяр  ханга  байланыштуу 
адабияттар).  Бирок,  ордодогу  кутумдук  турмуш,  интригалар,  сартиййа  өкүлдөрүнүн  кытмыр 
кеңештери  аны  бузуп,  акырындык  менен  Кудаяр  ханда  тоолуктарга  каршы  мамиле  калыптана 
берген. 
“Хан  тагасы”  аталган  аксылык  кыргыздарга  анын  мамилеси  негизинен  түз  болучу. Кокон 
тарыхында аларга карата кескин саясат катталган эмес. Бирок, Фергананын чыгыш жана түштүк-
батыш бөлүгүндөгү кыргыздар менен 1845-жылдагы Ош көтөрүлүшүнөн баштап эле курч мамиле 
негизинен  өкүм  сүрүп  келди.  Буга  Алымбек  датканын  XIX  кылымдын  40-жылдарынын  экинчи 
жарымындагы,  айрыкча  60-жылдардын  башындагы  саясий  ишмердиги,  ичкилик  кыргыздарынын 
ана  башчысы  Алымкулдун  1863-65-жылдардагы  саясаты    чоң  роль  ойногон.  Мындай  кескин 
мамилени  хан  энеси  Жаркынайым  (Хаким  айым)  менен  көңүлү  жакын  болгон  Курманжан  датка 
көп учурда жумшартып турчу.  Бирок, Кудаяр хандын элге, негизинен элеттик кыргыздарга каршы 
саясаты  айрыкча  1867-жылы  энеси  Жаркынайым  өлгөндөн  кийин  күчөп  кеткен  жана  ага  жооп 
кылган  элеттик  кыргыздардын  кыжырдануусуна  алып  келген.  Ошентип,  Ош  аймагы  менен  Алай 
өрөөнүндө  кадыр-баркы  хан-бектерден  кем  эмес  Курманжан  ошондон  кийин  ордого  көп  барбай 
калган.  
XIX кылымдын 60-70-жылдарында Курманжандын даңкы жана аброю Ферганага гана эмес 
Орто  Азияга  тарап,  Фергана  чөлкөмүндө  Курманжандан  өткөн  таасирдүү  адам  болгон  эмес. 
Датканын  ошол  кездеги  ээлеген  орду  жөнүндө  орус  саякатчылары:  “Бухара  эмири  Музаффар, 
Кашкар  ханы  Жакыпбек,  Кокон  ханы  Кудаяр  Курманжан  даткага  ызат-урмат  менен  мамиле 
жасашкан.  Ал  тургай,  жыл  сайын  өздөрүнүн  көптөгөн  элчилерин,  белек-бечкектери  менен 
жөнөтүп  турушкан.  Датканын  балдары  эл  башкаруудагы  анын  ишенимдүү  жардамчылары  эле. 
Алай  канышасынын  тун  уулу  Абдылдабек,  кийинкилери  Мамытбек,  Батырбек,  Асанбек  жана 
Камчыбек,  ошондой  эле  небереси  Мырзапаяс  көчмөн  элдин  кадырман  уулдары  болушкан”. 
(Караңыз:  Тагеев  Б.Л.  Памирский  поход.//Исторический  вестник.1898.-Т.73.-132-б.  Текст 
Т.Өмүрзакованын Курманжан датка: Доор. Инсан. Ишмердүүлүк.- Б., 2002, деген китебинин 147-
бетиндеги котормосунан алынды. 
XIX кылымдын 60-жылдарында Курманжан датканын коомдук ишмердиги негизинен Ош 
шаарынын чегинде болгон. Ал Ошко көп келип, андагы Ак Ордодо (Ак өрөөлөрдөн турган ордо) 
адамдарды  тээ  Алымбектин  мезгилиндей  эле  кабыл  алчу.  Эл  болочогун  таасын  баамдаган 

ОшМУ жарчысы №1 
 
2012 
 
- 66 - 
 
Курманжан  датка  Ош  шаарын  ыйык  тутуп,  анын  геостратегиялык  маанисин  жакшы  түшүнчү. 
Улуу  Жибек  жолунун  бир  тармагы  мурдагыдай  эле  Оштон  өтүп,  Кокон  хандыгында  шаардын 
экономикалык  мааниси  да  жогору  эле.  Анын  үстүнө  Курманжандын  кичи  мекени  Ороке 
кыштагынын  Оштун  оро-парасында  жайгашкандыгынын  да  чоң  мааниси  болгон.  Кийинки 
маалыматтар  тастыктагандай  Курманжан  датканын  болочок  аброю,  саясий  жана  коомдук 
ишмердиги  так  ушул  ыйык  Сулайман  Тоонун  айланасында  жайгашкан  Ош  шаары  менен  тыгыз 
байланышта өнүккөн. 
Курманжан өзүнүн “датка” наамына байланышкан коомдук-саясий милдеттерди жыл бою 
үзгүлтүксүз  аткарчу.  Күз  жана  кышкысын  Ошто,  Мадыда  жашап,  жаз  жана  жайда  Гүлчөдөгү 
жайкы  резиденциясында  жана  Алай  тоолорунун  бийик  жайлоолорунда  тынымсыз  эл  арасында 
болуп,  алардын  арыз-муңун  укчу,  адилеттикти  издеген  жүздөгөн  адамдарга  кеп-кеңешин  айтып, 
маселелерин  чеччү.  Курманжан  датка  жашаган  айыл  чынында  көчүп  жүрүүчү  элеттиктерди 
тартып  турган  кандайдыр  бир  борборго  айланып  калгандыгы  эл  оозунда  айтылып,  ал  жөнүндө 
легендалар куралган. Муну изилдөөлөр тастыктап турат. 
Фергана  өрөөнүн  басып  алганга  чейин  эле  Кокон  хандыгына,  Ошко  келишкен  бир  катар 
орус  ориенталисттери  Курманжан  датка  жөнүндө  кеңири  маалымат  алышып,  аны  таанып 
калышкан. Мисалы, XIX кылымдын 60-жылдарынын экинчи жарымында бул жерлерде болушкан 
бир  катар  саякатчы-чалгынчылар:  чалгынчы  Шафгаузен-Шенберг  Д.Н.Шауфус  (1868), 
изилдөөчүлөр  А.П.Хорошкин  жана  А.Кун  (1868),  сүрөтчү  В.В.Верещагин  (1869),  табият-
таануучулар  Иванов  жана  И.И.Краузе  (1868,  69),  саякатчылар  К.В.Струве  (1870)  жана 
А.П.Федченко  (1871),  европалык  ориенталисттер    Друцкий  жана  Адамоли  (1971),  ошондой  эле 
англиялык  чалгынчы  Маджид  (1865)  өз  эмгектеринде  Ош  жергеси  жана  анын  кожоюну 
Курманжан датканы эскеришет. Мисалы, 1871-ж. Алайга келген илимпоз-саякатчы А.П.Федченко 
Курманжан датканы мындайча баалайт: "Алайда кокондуктардын бийлиги күчтүү эмес. Ал жерде 
кыргыз  аял  Мармаджан-датха  башкы  авторитет  болуп  эсептелет…  Ал  өз  алдынча  уруусун 
башкарат, эң чоң кадыр-баркка ээ: биздин жигиттер ал жөнүндө улуу урматтоо сезими менен гана 
айтышты.  Хан  өзү  аны  сыйлайт  жана  Коконго  келгенде  аны  кадырлуу  бек  катары  кабыл  алат" 
(Караңыз:  Федченко  А.П.  Путешествие  в  Туркестан.  Т.1.  Ч.II.  В  Кокандском  ханстве.
  //Известия 
Общества  Любит.  Естеств.,  Антропол.  и  Этногр. при  Московском  унив-те.  Т.  XI.  Вып.  7.  – СПб, 
1875. 96-бет). 

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   39




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет