Сборник международной конференции «модернизация сознания: характер передачи образа «Әлем»


Жыйынтык.  Изилдөөнүн предмети катары алынган



Pdf көрінісі
бет43/123
Дата24.08.2023
өлшемі2,86 Mb.
#105558
1   ...   39   40   41   42   43   44   45   46   ...   123
Жыйынтык
Изилдөөнүн предмети катары алынган
 
булактардагы аял бейнесин жалпылап 
турган универсалдуулук ‒ бул аялдарга болгон түрк элдеринин жогорку деңгээлдеги сый-урмат 
мамилеси; аялзатынын акыл, парасатына берилген жогорку баа. Ал эми «Аял сулуулугу» 
түшүнүгү түрк элдеринин тарыхый булактарында универсалдуу мазмунда эмес. Байыркы жазма 
эстеликтерде аял мамлекеттик башкарууда күйөөсүнүн тең ата шериктеши, жардамчысы, 
коомдогу ордунун жогору экендиги жана үй-бүлөдө жигердүү эне, сарамжалдуу аял экендиги 
сыпатталат. Анда аялдардын ички сулуулугуна караганда сырткы сулуулугунун сыпаттамалары 
дээрлик аз. Анын себеби:
1)
байыркы жазма эстеликтердин тексттери мазмуну жагынан тарыраак;
2)
байыркы жазма эстеликтери турмуш чындыгына жакын жазылган;
3)
байыркы жазма эстеликтердин тексттеринде көркөм образ түзүлгөн эмес.
Алгачкы түрк-мусулман адабиятынын үлгүлөрү болгон Кутадгу Билиг дастанында жана 
Диванү Лүгат-ит-Түрк сөздүгөндө жаңы диндин таасири аркылуу акырындык менен башка 
социалдык түзүлүшкө өткөн түрк коомунда аялдардын ролу өзгөрө баштагандыгы байкалат. 
Ырас, Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө аялдар жөнүндө түшүнүк дээрлик өзгөргөн эмес. Анда 
эркекке кайраттуулук жана эрдик мүнөздүү болсо, аялга ички жана сырткы сулуулук: 
түшүнүктүүлүк, чыдамкайлык, тазалык жана сулуулук баалуулуктары мүнөздүү.


«САНАДАҒЫ ЖАҢҒЫРУ: «ӘЛЕМ» БЕЙНЕСІНІҢ РУХАНИ МҰРАЛАРДА БЕРІЛУ СИПАТЫ»
АТТЫ ХАЛЫҚАРАЛЫҚ КОНФЕРЕНЦИЯ
48 
Кутадгу Билигде аялзатына болгон көз караш изилдөөнүн предметине алынган башка 
булактардан таптакыр башкача. Ислам мезгилиндеги түрк адабиятынын алгачкы үлгүлөрүнүн 
бири болгон Кутадгу Билигде динге негизделген ишенимдин натыйжасын көрүүгө болот. 
Күйөөсү өмүр шериги болгон аялды сүйүп, урматтап, түшүнүп мамиле кылуусу керек. Үйлөнө 
турган аялдан изделген сапаттар ‒ аялдардын ички сулуулугу ‒ акылмандуулугу, ата теги, адеби, 
аялдардын сырткы сулуулугу болсо ‒ бул эркектерге жамандык алып келүүчү кырсык катары 
кабыл алынган.
«Манас» эпосунда аял затынын ички сулуулугу менен сырткы сулуулугу жогорку дең-
гээлдеги гармония, айкалышуу менен берилген:
1)
эпос жазуу эмес, оозеки формада түзүлгөн;
2)
эпос фольклордук поэтикалык стилде айтылат;
3)
аял бейнеси көркөм салыштыруулар, троптун түрлөрү аркылуу түзүлгөн.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   39   40   41   42   43   44   45   46   ...   123




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет