32
жана денеге залал келтирүүгө болгон тыюулар башка да нормативдик-укуктук акты-
ларда жана жоболордо каралган (КРнын “Билим берүү”, “Мугалимдин кадыры жөнүн-
дө”, жалпы билим берүүчү мекемелер жөнүндөгү типтүү жобо, Балдар иштери боюнча
Комиссия жөнүндөгү типтүү жобо, Жалпы билим берүүчү мекемелердин жана мектепке
чейинки мекемелердин педагогикалык жана жетектөөчү кызматкерлерине карата Ква-
лификациялык талаптар).
КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык билим берүү мекемелеринин
кызматкерлеринин кызматкерлери “окуучуларга карата физикалык жана моралдык
зомбулукту колдонбоого” милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Адми-
нистративдик кодекстеринде чоңдорго, ошондой эле балдарга да тиешелүү болгон,
зомбулуктун тигил же бул формасы үчүн жоопкерчиликтин ар түрдүү нормалары ка-
ралган. Кыргызстандын мыйзамдары тарабынан эмоционалдык зомбулук үчүн да
жоопкерчилик каралган (коркутуу, ырайымсыз мамиле жасоо же жеке кадырды систе-
малуу түрдө кордоо жолу менен адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө же өзүнө кол салууга алып
барган). Ошол эле жосун, күнөөкөрдөн көз каранды тарапка карата жасалган жосун
(мугалим - окуучу, же окуучу жана мектеп администрациясы, качан окуучу көз каранды
абалда болгондо) кылмыштын квалификацияланган курамы болуп саналат.
Мектептеги зомбулук үчүн мугалимдер да, ошондой эле кылмыш курагына жет-
кен(16 жаш жана белгилүү бир учурларда 14 жаш) же административдик (16 жаш)
жоопкерчиликке жеткен курактагы окуучулар да тартылат. Эгер укук бузуучу кылмыш
же административдик жоопкерчилик курагына толо элек учурларда, ал Эрезеге жете
электер менен иштөө инспекциясына жана үй-бүлө жана балдарды коргоо боюнча бө-
лүмгө каттоого тургузулат, алар аны менен алдын-алуучу иштерди жүргүзүшөт. Кыргыз
Республикасынын Кылмыш кодексинин 65-беренеси, билим берүү мекемелериндеги
зомбулукка түздөн-түз тиешелүү, анда мындай деп айтылат: эрезеге жете элек өспү-
рүмгө, көзөмөл жасоого милдеттүү, педагог же билим берүүчү мекеменин башка кыз-
маткерлери тарабынан өспүрүмдү тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди аткар-
боо же тиешелүү түрдө аткарбоо жазалоону шарттайт.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесине ылайык
(28.07.2015-ж. абалга карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен) эрезеге жете элек
өспүрүмгө көзөмөл жасоого милдеттүү ата-эне же бул милдеттер жүктөлгөн, педагог
же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо де башка бир мекемелердин, эрезеге жете элек
өспүрүмдү тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбагандыгы же жакшы аткарбагандыгы
үчүн, эгер бул жорук ырайымсыз мамиле кылуу менен байланышса, элүүдөн эсептик
көрсөткүчтөн жүз эсептик көрсөткүчө барабар көлөмдөгү айып пул түрүндөгү, же эки
жылга чейин оңдоочу иштер, же эки жылга эркинен ажыратуу же эркинен эки жылга
ажыратуу менен белгилүү бир кызматтык орундарды ээлөө укугунан ажыроо укугун
менен же үч жылдын беш жылга чейин белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү
укугунан ажыраткан жазалардын түрү колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесине ылайык
(28.07.2015-ж. абалга карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен) эрезеге жете элек
укук бузуучуга коомдук иштерди аткаруу жүктөлүшү мүмкүн, мөөнөтү кырк сааттан жүз
жыйырма саатка чейин, эрезеге жете элек өспүрүм аткара ал турган, анын окуудан ки-
йинки же негизги жумушунан кийинки бош убактысында аткарылат. Жазалоонун бул
түрүн аткаруунун узактыгы он төрт жаштан он алты жашка чейинки тараптарга күнүнө
эки сааттан ашпашы керек, ал эми он алты жаштан он сегиз жашка чейинкилер – күнү-
нө үч саатка чейин аткарышат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 80-1 беренеси менен
(28.07.2015-ж. карата абалы боюнча өзгөртүүлөр жана кошумчалоолор менен
)тартипти
33
бузганэрезеге жете элек өспүрүмгө карата айып пул төлөөнүн төмөнкү тартиби жана
көлөмү бекитилген:
(1) Айып, он алты жашка чыккан, эрезеге жете элек өспүрүмгө карата колдонулат.
Айып жыйырмадан тартып отузга чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн көлөмүндө бекити-
лет.
(2) Айып, эрезеге жете элек соттолгон өспүрүмдүн өз алдынча акча табуу мүмкүн-
чүлүгү болгон учурда же айып коюла турган мүлкү болгон учурда, дайындалат.
Эрезеге жете элек өспүрүмдөргө дайындалган айып пул, соттун чечими боюнча
анын ата-энеси тарабынан же башка мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан төлөнүшү мүм-
күн.
Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо
жөнүндөгү” мыйзамында (2003-ж.) түздөн-түз балдарга тиешелүү болгон, үй-бүлөдөгү
зомбулук жөнүндө түшүнүк берилет жана үй-бүлөдөгү зомбулуктан балдарды коргоо
каралган.
Окуучуларды жана билим берүү мекемесинин кызматкерлеринин коопсуздугу жа-
на зомбулуктан коргоо маселелерин мыйзамдык жана нормативдик жөнгө салынганы-
на карабастан, алардын көпчүлүгү күн сайын сабак учурунда, танапис учурунда, спорт
менен машыгууда жана билим берүүчү мекемелеринде өткөрүлүп жаткан башка иш-
чаралар учурунда түрдүү мүнөздөгү зомбулуктун аракеттерге кабылышат.
Кыргыз Республикасында балдарга карата зомбулукту жоюу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Кыргыз Республикасынын калкын
социалдык коргоонун өнүгүшүнүн стратегиясы” бекитилген
24
, анда зомбулукка кабыл-
ган балдарга жардам берүүчү атайын социалдыккызматтардын системасын түзүү
өзүнчө белгиленген.
Кыргыз Республикасынын 8 министрлиги жана мекемелери, коопсуз билим бе-
рүүчү мейкиндикти түзүүнүн зарылдыгын таанып, 2013-жылы Кыргыз Республикасы-
нын билим берүү мекемелериндеги зомбулуктан окуучуларды коргоо боюнча мекеме-
лер аралык өз ара аракеттешүү жөнүндөгү Атайын токтомду иштеп чыгышкан жана кол
коюшкан. Протокол эгер эмоционалдык, психологиялык, физикалык, сексуалдык зом-
булук, окуучулардын муктаждыктарына маани бербөө, аларды эксплуатациялоо – фак-
тылары байкалган болсо, ар бир мамлекеттик органдын жооп кайтаруу алгоритмин
аныктайт (Билим берүү министрлиги, Ички иштер министрлиги, Социалдык өнүктүрүү
министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек, миграция жана жаштар ми-
нистрлиги, Омбудсмен, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери боюнча жана КРнын
Өкмөтүнүн алдындагы этникалык мамилелер Мамлекеттик агенттиктери). Атайын про-
токол зомбулуктун курмандыктары жана күбөлөрү болгон балдардын көрсөтмөлөрүн
тааныйт, мектеп психологдорунун жыйынтыктарына, жарандык сектордун баланын
мектепте ур-соккуга алынгандыгынын белгилери менен келиши тууралуу маалыматта-
рына таянат. Зомбулуктун бардык фактылары зомбулуктун даражасына жараша клас-
сификацияланышат (1-4 даражалар), ошого жараша мамлекеттик органдар тарабынан
белгилүү бир жооптук аракеттер жасалат.
КРнын Омбудсмени тарабынан демилгеленген жана “Баланын укуктарын кор-
гоочулар лигасы” коомдук фонду тарабынан Билим берүү министрлиги, Ички иштер
министрлиги, Социалдык өнүктүрүү министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги,
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Омбудсмен, жергиликтүү өзүн-өзү башка-
руу иштери боюнча жана КРнын Өкмөтүнүн алдындагы этникалык мамилелер Мамле-
24
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы №755“«2012-2014-жж. Кыргыз Республика-
сынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө” токтому
34
кеттик агенттиктери менен биргеликте, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) түздөн-
түз колдоосу менен ишке киргизилип жаткан “Зомбулуксуз мектеп” тарбиялык иштер
программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде
зомбулуктан коргоо боюнча билим берүү процессинин катышуучуларынын, жалпы би-
лим берүүчү мектептердин окуучуларынын, ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) өз
ара аракеттешүүсүнүн тартиби жөнүндөгү КРнын билим берүү мекемелеринде Типтүү
Жетекчилик көрсөтмө (мындан ары Жетекчилик Көрсөтмө) иштелип чыккан жана беки-
тилген.
Бул жетекчилик көрсөтмө жалпы билим берүүчү мекемелерде зомбулук фактыла-
ры аныкталган учурларда билим берүү процессинин катышуучуларынын, жалпы би-
лим берүүчү мекемелердин кызматкерлеринин, окуучуларынын, ата-энелердин (мый-
замдуу өкүлдөрдүн) өз ара аракеттешүү эрежелерин, механизмдерин жана тартибин
аныктайт.
Балдарга жана өспүрүмдөргө карата ырайымсыз мамиле кылууну жана зомбулук-
ту токтотуу максатында КРнын Билим берүү жана илим Министрлиги тарабынан 2015-
жылдын 2-апрелиндеги №327/1 буйругу менен, Билим берүү мекемелеринде Баланын
укуктары тууралуу Конвенцияны сактоого, коопсуз билим берүүчүлүк чөйрөнү түзүүгө,
мектеп окуучуларынын билим алуучулук жана тарбиялык деңгээлин жогорулатууга ба-
гытталган иш-чаралардын планы бекитилген.
Алматадагы Юнесконун Кластердик бюросунун колдоосу менен “Кыргызстандын
мектептеринде балдарга карата зомбулукту азайтуу” модулу иштелип чыккан.
2014-2015-окуу жылына карата укук бузуулардын алдын-алуу боюнча мекемелер
аралык буйруктун алкагында саламаттыкты сактоо органдары тарабынан билим берүү
мекемелериндеги врачтар жана мугалимдер үчүн “Суицидалдык жүрүм-турум жана
анын превенциясы” аттуу окуу-методикалык колдонмосу боюнча иштер жүргүзүлүп жа-
тат.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Ом-
будсмендин Аппараты менен кызматташтыкта Кыргызстандын мектептериндеги зом-
булуктун жайылышы жана анын динамикасын масштабдуу улуттук изилдөө жүргүзүл-
гөн
25
.
Алынган жыйынтыктар, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени тарабынан демил-
геленген, “Зомбулуксуз мектеп” тарбиялык иштер программасын иштеп чыгууда жана
апробациялоодо колдонулган. Акыркы төрт жылдын аралыгында “Баланын укуктарын
коргоочулар Лигасы” коомдук фонду ЮНИСЕФтин колдоосу менен жана Билим берүү,
Ички иштер, Социалдык өнүгүү, Саламаттыкты сактоо, Эмгек, миграция жана жаштар
министрликтери жана Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун иштери боюнча мамлекет-
тик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы этникалык мами-
лелер Мамлекеттик агенттиги менен бирге бул программаны 38 пилоттук жалпы билим
берүүчү мектептерге киргизип келүүдө. Бул мектептерде кызматкерлер жана окуучулар
үчүн тренингдер өткөрүлгөн, зомбулуктун болушу тууралуу маалымдоонун механизм-
дери жана аларга жооп кайтаруунун алгоритмдери иштелип чыккан жана ишке кийи-
рилген, конфликттик кырдаалдарды чечүү үчүн педагогдор менен балдардын каты-
шуусу менен жараштыруу кызматтары түзүлгөн, зомбулукту токтотуу боюнча маалы-
маттык стенддер жасалгаланган, кызуу линия телефондору, ишеним почтасы иш алып
барууда. Программанын алкагында “Зомбулуксуз мектеп” программасы боюнча класс-
тан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү боюнча методикалык колдонмо, “Зомбулуксуз
мектеп кызматы” практикалык жетекчилик көрсөтмө иштелип чыккан.
25
Кыргызстан мектептеринде зомбулуктун жайылуусун жана динамикасын изилдөө боюнча жыйынтык маалымат.
ЮНИСЕФ, 2011-ж.
35
“Зомбулуксуз мектеп” программасынын ишке кийирилиши менен окуучулар конф-
ликттик кырдаалдарды өз алдынча чечүү көндүмдөрүнө, жамааттык иш алып баруу
көндүмдөрүнө, бири-бирин активдүү колдоо жана урматтоо көндүмдөрүнө, өз көз ка-
рашын билдирүү көндүмдөрүнө үйрөнүштү. Мектептерде мугалимдер жана окуучулар
менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан изилдөөчүлүк иштер, ролдук оюндар, сурамжы-
лоолор, ата-энелер чогулушу, класстык сааттар эмоционалдык чыңалууну чыгарып
таштоого, ишенимдүү жүрүм-турумду иштеп чыгууга жардам берет, өзүн тарбиялоо
көндүмдөрүнө үйрөтүшөт, ар бир баланын инсандыгын, алардын индивидуалдык өзгө-
чөлүктөрүн эске алуу менен жана аларга туура келген мамилелерди жасоо менен, ур-
маттоого багытталган. “Зомбулуксуз мектеп” долбоорунун алкагында ички иштер, са-
ламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын,
коомдук уюмдардын, окуу жайлардын, ата-энелер коомчулугунун өз ара аракеттешүүсү
бекемделген, ал балдар менен өспүрүмдөргө карата зомбулукту азайтуу боюнча иш-
мердүүлүктөгү комплекстик мамилени ишке кийирүүгө мүмкүндүк берди. Программага
катышкан пилоттук мектептер, программаны өз аймактарында жайылтуу боюнча ре-
сурстук аянтча болуп калышты
26
.
Республиканын мектептеринде педагогикалык жамааттын өкүлдөрү, эрезеге жете
электер менен иштөө боюнча инспекторлорунун, ата-энелердин жана жогорку класс-
тын окуучуларынын катышуусу менен 1759 Алдын-алуу кеңештери түзүлгөн, 1650 ал-
дын-алуучу бөлмөлөр иштөөдө.
Бардык жалпы билим берүүчү мекемелерде маал-маалы менен ички иштер ми-
нистрлигинин, саламаттыкты сактоо органдарынын, үй-бүлө жана балдарды колдоо
боюнча бөлүмдөрүнүн, эрезеге жете электердин арасында укук бузууларды жана ка-
роосуз калууну алдын-алуу боюнча бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда
сүйлөшүүлөр, класстык сааттар, лекциялар, талкуулар, окуучулар, алардын ата-
энелери, жаштар жана коомчулук менен жолугушуулар өткөрүлөт.
Балдарга карата коркунуч жаралуусу тууралуу же зомбулук көрсөтүлгөн фактылар
тууралуу маалыматтарга ыкчам чараларды көрүү үчүн түрдүү шаардык кызматтардын
өкүлдөрүнөн турган, атайын мекемелер аралык командалар Бишкекте уюштурулган.
2011-жылдан тартып шаарда зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан
балдарга жардам берүү Борбору иштеп келет, ал акысыз социалдык, психологиялык
жана юридикалык кызматтарды көрсөтөт.Борбордун базасында ишеним телефону иш-
тейт, балдар жана чоӊ кишилер зомбулуктан коргоону үчүн жардам алууга жана адис-
тердин кеңешин алуу үчүн ага кайрыла алышат. 2014-жылы БУУнун (ЮНИСЕФ) Бал-
дар фондунун колдоосу менен бул сыяктуу Борборлор Каракол шаарында жана Түп
айылында ачылган.
Социалдык педагогдор, класс жетекчилер, психологдор социологиялык, психоло-
гиялык диагностикалык методикаларды, тесттерди, сурамжылоолорду колдонуу менен
балдардын кызыкчылыктарын, алардын муктаждыктарын, кыйынчылыктарын жана
көйгөйлөрүн, конфликттик кырдаалдарды, жүрүм-турумдагы артта калууларды, үй-
бүлөлөрдүн типологиясын аныкташат. Алар үчүн ошондой эле окуучуларды диагности-
калоонун жыйынтыктары менен тааныштыруу жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган
балдарга жардам көсөтүү боюнча пландуу жетекчилик көрсөтмө берүү жүргүзүлө, анын
ичинде төмөнкүлөр да бар:
а) татаал турмуштук кырдаалга кабылган бала менен иштөө боюнча педагогдун
аракеттери;
б) мугалим жана окуучулар ортосундагы мамилелерди уюштуруунун психология-
лык-педагогикалык эрежелери;
26
«Зомбулуксуз мектеп» программасы тууралуу кененирээк маалыматтарды Балдардын укуктарын коргоочулардын
лигасынын сайтынан караңыз: http://crdl1.kloop.kg/?page_id=26
36
в) ата-энелердин жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө педагогго эмнени би-
лүү керек;
г) үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан травманы башынан кечирген балдар
тууралуу ата-энелер эмнени билиши керек.
Социалдык коргоо министрлигинин демилгеси менен балдарды ырайымсыз ма-
милелерден жана зомбулуктан коргоо үчүн он мекеме жана Бишкек менен Ош шаар-
ларынын мэрияларыөзгөчө чаралардын планына кол коюшкан. 528 штаб түзүлгөн,
алардын курамына саламаттыкты сактоо, билим берүү, ички иштер министрлигинин,
социалдык өнүктүрүүнүн, бийликтин жергиликтүү органдарынын өкүлдөрү киришкен.
Штабдар тарабынан үйлөрдү кыдыруу уюштурулган, анын жыйынтыгында үй-бүлөнү
татаал турмуштук кырдаалдан чыгаруу боюнча жеке иштердин 3 638 планы жана ба-
ланы жеке коргоо боюнча 967 план түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде зомбулукту азайтуу боюн-
ча иште негизги көйгөй болуп улуттук мыйзамдарда “Зомбулуксуз мектеп” деген түшү-
нүктүн жоктугу (кайсыл аракеттер, жоруктар зомбулук болуп, ал эми кайсылары кыл-
мыштуу болуп эсептелери тууралуу так көз караштардын жоктугу), укук жана коргоо
тууралуу калктын жетиштүүмаалымдалбагандыгы, мектептерде зомбулукка каршы ту-
руу боюнча иш-чараларды натыйжасыздыгы, анын аркасында педагогдордо конфликт-
терди конструктивдүүчечүү жөндөмдөрүнүн жоктугу, мектептеги зомбулуктун алдын-
алуу боюнча атайын программалардын, атайын курстардын жоктугу саналат.
Балдарга жана өспүрүмдөргө карата зомбулукту жоюу боюнча негизги багыттар:
мектеп зомбулугу тармагында балдарды коргоо боюнча нормативдик-укуктук ба-
заны өнүктүрүү;
2020-жылга чейин Кыргызстандын окуган жаштарын тарбиялоо Концепциясын
кийрүү;
2014-2015-жж. жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын-алуу
боюнча Мамлекеттик мекемелер аралык программаны ишке ашыруу;
өлкөнүн бардык жалпы билим берүүчү мектептерине “Зомбулуксуз мектеп” пи-
лоттук Программасын кийирүү;
балдарга жана өспүрүмдөргө карата зомбулук маселелери боюнча дипломго че-
йинки жана дипломдон кийинки деңгээлдер үчүн окутуунун дисциплиналар ара-
лык программасын иштеп чыгуу жана кийирүү;
жагымдуу билим берүүчү чөйрө түзүү, окутуунун демократиялык методикаларын
кийирүү боюнча педагогикалык жамааттар үчүн окутуучу программаларды өткө-
рүү;
мектеп окуучуларында талаштарды конфликтсиз чечүү көндүмдөрүн, татаал
кырдаалдардагы жүрүм-турум көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча окуу программа-
ларын кийирүү;
балдар жана өспүрүмдөр арасында зомбулуктун алдын-алуу боюнча коомчулук-
ту, ата-энелерди жана окуучуларды агартуу программаларын иштеп чыгуу;
зомбулук маселелери боюнча видеофильмдерди, клиптерди жана роликтерди
чыгаруу.
37
Билим берїї мекемелеринин иштљљ тартиби
Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин ички документтери (жобо-
лор, буйруктар, жетекчилик көрсөтмөлөр) окуу-тарбиялык ишмердүүлүктү жана тартип-
ти жана коопсуздукту кармап туруу боюнча чараларды жөнгө салат. Алар окуучулар
үчүн билим берүү мекемесинин аймагындагы жана бөлмөлөрүндөгү, сабактардагы жа-
на машыгуулардагы жүрүм-турум эрежелерин аныктайт, куралды алып жүрүүгө, түрдүү
мүнөздөгү зомбулуктук аракеттерди жасоого тыюу салат жана тартипти бузуу үчүн
санкцияларды карайт. Окуу жайдын кызматкерлери үчүн эмгек тартибинин эрежелери
окуучунун инсандыгына физикалык жана (же) психологиялык зомбулук менен байла-
нышкан, тарбиялоо ыкмаларын колдонууга тыюу салат. Кызматтык жетекчилик көр-
сөтмөлөр окутуучунун милдеттемелерине окуучулардын ортосундагы жана окуучулар
менен билим берүү мекемесинин кызматкерлеринин ортосундагы мамилелерди гума-
низациялоо жана гармонизациялоону, окуучулардын укуктарын жана кызыкчылыкта-
рын коргоону, аларды адам укуктарын коргоо духунда тарбиялоону кошуп келет. Мек-
тептердин уставдары тартипти бузгандар (зомбулук көрсөткөндөр) үчүн жазалоонун –
мектептен чыгарууга чейинки түрдүү формаларын камтыйт.
А бирок билим берүү мекемелеринин тигил же бул документтеринде көбүнчө
зомбулуктун (анын түрлөрүнүн жана формаларынын) жумушчу аныктамасы
27
жаназом-
булук окуяларынын алдын-алуу, аныктоо, каттоо, зомбулук фактыларын талдоо, тар-
биялык жана дисциплинардык чараларды көрүү жана бардык катышуучуларга (жабыр-
лануучуларга, күбөлөргө жана зомбулук көрсөткөндөргө) жардам берүү боюнча кыз-
маткерлердин, мугалимдердин жана окуучулардын аракеттеринин регламенти жок бо-
луп келет.
Иш жїзїндљгї практикалар
Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде зомбулук болгон фактылар тууралуу
маалымдоонун натыйжалуу (конфиденциалдуулукту жана коопсуздукту кепилдеген)
механизмдери практикалык колдонууга ээ эмес; зомбулук болгондугу тууралуу окуялар
аныкталган күндө да, эреже катары, катталбайт, ал эми көрүлгөн чаралардын натый-
жалуулугу системалуу түрдө көзөмөлдөнбөй келет. Көп эле учурда, зомбулук болгон
окуялар этибар алынбайт, зомбулук көрсөткөндөр жазасыз калышууда, ал эми жабыр
тарткандар мурдагыдан да чоӊ жана шумдуктуу кодулоолорго кабылып келүүдө.
28
27
Окуучулар үчүн жүрүм-турум эрежелеринде тыюу салынган аракеттер, көбү зомбулук менен байланышкан ара-
кеттер, саналат. Билим берүү мекемесинин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салган документтерде, эреже
катары, окуучуларга карата тыюу салынган зомбулук аракеттеринин, анын ичинде тыюу салынган дисциплинардык
чаралардын тизмеси берилбейт.
28
Кыргызстан мектептеринде зомбулуктун жайылуусун жана динамикасын изилдөө боюнча жыйынтык маалымат.
ЮНИСЕФ, 2011-ж.
Бул кайгылуу окуяны иликтөөгө Бойго жете элек балдар менен иштөө боюнча
инспекторлор да тартылган, бирок күнөөлүүлөр табылган жок...
Мугалимдерге ишенбестен жана алардын жардамына таянбастан, зомбулукка
кабылган, көптөгөн балдар зомбулук фактылары тууралуу маалымдашпайт.
28
38
Кыргызстанда статистикалык маалыматтар үй-бүлөдөгү жана мектептеги зомбу-
лук маселелеринин масштабын чагылдыра албайт. Мындай жыйынтыктарга, бул ма-
селе боюнча базалык изилдөө жасаган, балдарды коргоо Борбору келген. Сурамжылоо
жаңы конуштардын мектептеринин окуучуларынын - 600 баланын жана 100 ата-эненин
арасында жүргүзүлгөн.
Окуучулар арасындагы зомбулук фактыларына тиешелүү даражада маани бер-
бестен, билим берүү мекемесинин кызматкерлери өздөрү көп учурда балдарга карата
түрдүү зомбулуктук аракеттерге жол беришет, ур-соку менен жазалоону жана психоло-
гиялык зомбулукту тартипти кармап туруунун чаралар катарында колдонушат.
39
Көп
учурларда үй-бүлөдөгү же мектептеги зомбулук окуялары жашырылат жана
ошондуктан
статистикалык маалыматтар маселенин чыныгы масштабын чагыл-
дыра
албайт.
Балдардын
көпчүлүгү (64% эркек балдар жана 62% кыздар) жардам сурап кайры-
луу
ушактаганга, сөз ташыганга барабар деп эсептешет, муну сурамжылоого ка-
тышкан
балдар алсыздык катары эсептешет. Кыздардын 32% көчөдөгү зомбулук-
тун
– мектептеги, курдаштар арасындагы, кошуналар арасындагы зомбулуктун
баарына
белгилүү болушунан кооптонушат. Балдар баарына белгилүү болуп ка-
лышынан
азыраак кооптонушат 10,8%. Болжол менен окуялардын жарымында
балдар
, аларга карата жасалган көчөдөгү зомбулук тууралуу айтуудан уялышат
жана
өздөрүн ыңгайсыз абалда сезишет (30% кыздар, 26,2% балдар).
Ишеним
жок жана ишенбейм деп сурамжылоого катышкандардын (“баары бир эч
нерсе
өзгөрүлбөйт”) 18,5% эркек балдар, жана 12% кыздар билдиришкен. Маалы-
маттардын
ачылып, билинип калышынан корккондор 10% кыздар жана 9,2% эркек
балдар
. Коркууга кошумча, кайда барып кайрылуу керектигин билбегендик жатат.
Маалыматтарга
караганда респонденттердин 7,7% жана 6% тиешелүү түрдө,
аларгакарата
көчөдөгү зомбулук жасалган учурларда кайда барып, кимге кайры-
ларын
билбегендиктерин тастыкташты.
Зомбулукка
кабылган балдарды аныктоонун дагы бир көйгөйү баланын укуктарын
коргоо
ыйгарым укуктуу органдарынын начар потенциалы болуп саналат. Зомбу-
лук
жасалган учурларда сурамжылоого катышкан балдар жана алардын ата-
энелери
же досторуна, же мугалимдерге кайрылышат, же болбосо эч кимге кай-
рылышпайт
.
“Бул болсо милиция, социалдык коргоонун аймактык башкармалыгы, психологдор
жана
социалдык педагогдор сыяктуу ыйгарым укуктуу органдар зомбулук
маселелерин
чечүү үчүн тиешелүү авторитетке ээ эмес”, - деп изилдөө жүргүзгөн
мекемеде
түшүндүрүштү.
29
Ата-энелердин мындай аракеттери дайыма эле канааттандырылбайт – билим бе-
рүү мекемесинин жетекчилиги, эреже катары, мугалимдер тарабынан жасалган зомбу-
лук тууралуу фактыларды четке кагышат. Педагогдор же окуучулар тарабынан жасал-
ган зомбулукту жашыруу билим берүү мекемесинин жетекчилигинин окуу жайдын
имиджине, аброюна зыян келтирүүнү, көзөмөлдөөчү органдардын көңүлүн бурдурууну,
болгон окуя үчүн жоопкерчиликти алууну каалабагандык менен түшүндүрүлөт. Билим
берүү мекемелерин. Анын жетекчилерин жана кызматкерлерин баалоонун учурдагы
системасы зомбулук болгон фактыларды каттоо жана эсепке алуу маселесинин ачык-
тыгына көмөктөшпөйт – ар бир окуя жетекчиликтин жана педагогикалык жамааттын ка-
нааттандырбаган ишинин жыйынтыгы катары каралат жана административдик айып-
тар үчүн себеп болот.
Практика көрсөткөндөй, зомбулукка кабылган балдар менен, мугалимдер болгон
окуяны талкуулашат, чатакташкан тараптарды жараштырууга аракет жасашат, зомбу-
лук көрсөтүүчүгө дисциплинардык чараларды, ал эми жабырлануучуну, эгер алар би-
лим берүү мекемесинде бар болгон болсо, социалдык педагогго же психологго жөнө-
түшөт. Бул учурда жетекчилер да, мугалимдер да, психологдор да, социалдык педа-
гогдор да дайыма эле зомбулуктун катышуучуларына натыйжалуу психологиялык жар-
дам көрсөтүү көндүмдөрүнө ээ болушпайт.
Достарыңызбен бөлісу: |