1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


-бөлүм: Окуучу жаштардын дене тарбиясы



бет17/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   25
2-бөлүм: Окуучу жаштардын дене тарбиясы


2.1. Түйүндүү түшүнүктөр:


Дене тарбия - (физическое воспитание) – адамдын дене боюн жана физикалык сапаттарын ар тараптан өнүктүрүүнүн негизинде ден соолугун чыңдоого багытталган жана атайын уюуштурулган педагогикалык процесс. Педагогикалык процесс катары анын мазмуну дененин өнүгүүсүн (дене келбетинин белгилеринен, дене сапаттарынан, организмдин функционалдык абалынан), дене тарбия билимдерин (билим, билгичтик, көндүм) жана ар тараптуу тарбия берүү (адепке, акыл-эске, эстетикага жана эмгекке) маселелерин ырааттуу уюштурууну талап кылат.
Дененин өнүгүүсү (физическое развитие) – адам баласынын морфологиялык жана функционалдык өңүттө өсүп жетилүү процесси. Негизинен дененин салмагы, бойдун узундугу, организмдин түрдүү бөлүктөрүнүн, органдардын жана системалардын көрсөткүчтөрү жана алардын пропорциялык катышы катары колдонулат.
Дене тарбия билимдери (знания о физическом воспитании) – дене тарбия каражаттарын, ыкмаларын жана натыйжалуу формаларын мүнөздөгөн билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн курамы.
Ар тараптуу тарбия берүү (разностороннее воспитание) – дене тарбия процессинде окуучуларды адепке, акыл-эске жана эстетикага тарбиялоо.
Физикалык сапаттар (физические качества) – адам баласынын күчү, ылдамдыгы, ыкчамдыгы, чыдамкайлуулугу жана ийилчээктиги катары мүнөздөлөт.
Ден соолукту чыңдоо (укрепление здоровья) – адам баласынын саламаттыгын сактоого, коргоого, жашоо сапатын жакшыртууга багытталган, ден соолуктун жабыркалануусун алдын алууга жана коррекциялоого багытталган педагогикалык, социалдык жана экологиялык ишмердүүлүк.
Денени физикалык жактан даярдоо (физическая подготовка) – прикладдык багыттагы дене сапаттарын өнүктүрүү менен байланышкан педагогикалык процесс.
Кыймыл-аракетке үйрөтүү (обучение движениям) – расмий окуу программасында көрсөтүлгөң кыймыл-аракеттердин түркүмүн баштапкы үйрөтүү, тереңдетип үйрөтүү жана өркүндөтүү иретинде мугалимдин жетекчилиги менен уюштурулган атайын педагогикалык процесс.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет