1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


Окутуу жана тарбиялоонун интеграциясына, биримдигине жетишүү



бет15/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   25
Окутуу жана тарбиялоонун интеграциясына, биримдигине жетишүү. Руханий-адеп-ахлактык жактан тарбиялоо, окуучулардын сабактагы, сабактан тышкаркы, мектептен тышкаркы турмуш чѳйрѳсүндѳгү бардык негизги ишмердүүлүгүн ичине алышы абзел. Бул принцип, педагогикалык процессте окутуу жана тарбиялоонун, бүтүн педагогикалык процесстин эки компоненти катары, ѳз-ара ажырагыс байланышта болушун талап этет. Билим берүүнүн мазмунунда, инсандын базалык баалуулуктарын руханий адептик, укуктук, эстетикалык, дене-бой маданиятын ѳнүктүрүүгѳ ѳбѳлгѳлѳр бар. Окутуу процессинин тарбиялык милдеттер менен интеграциясы, мугалимдин окуучунун ѳзгѳчѳлүктѳрүн таануу, ага гумандуу мамиле кылуу менен бирдикте, жүрүм-турумуна баам салып, сабактагы ыңгайлуу кырдаалдарды балдардын адептик нормалар тууралуу билимин тереңдетүү, жүрүм-турумга кѳнүктүрүү, кемчиликтерин түзѳтүү ишмердүүлүгүнѳ жараша болот. Окутуунун жана тарбиялоонун интегративдик мүнѳзү, предметтик мугалимдердин, тарбиячылардын, билим берүү мекемесинин администрациясынын жана ата-энелердин кѳз-караштарынын биримдиги аркылуу бекемделет. Окуучуларга багытталган адептик эрежелер сабакта талап кылынбаса же сабактын мазмунунда ачыкталган адептик баалуулуктар сабактан сырткаркы мезгилде актуалдашпаса, жугуму, таасири тайыз болот.

  • Руханий-адептик жана дене-бой жактан тарбиялоодо ата-энелердин, коомчулуктун биргелешкен иш аракетин камсыз кылуу. Руханий-адептик жана дене-бой жактан ѳнүктүрүү ишине катышкан бардык субъекттердин (үй-бүлѳ, коомдук уюмдар, салттуу дин уюмдары, кошумча билим берүү, маданият жана спорт мекемелери ж.б.) ѳзүнүн тарбиялык ишмердүүлүгүндѳ, улуттук тарбия идеалын, анын базалык баалуулуктарына шайкеш жүргүзүшү зарыл. Балдардын эң биринчи жана эң таасирдүү мугалимдери ‒ ата-энелер экендиги педагогикалык аксиома. Концепциянын алкагында ата-энелердин социалдык жоопкерчилигин, педагогикалык компетенттүүлүгүн өркүндөтүү дени сак, сергек жашоону тутунган адеп ахлактуу муунду тарбиялоонун негизги шарттарынын бири катары каралат. Балдардын руханий турмушунун көп кырдуулугуна жетишүү кошумча билим берүү мекемелеринин, спорттук мектептердин ишмердүүлүгүн жаӊы нукта уюштуруунун зарылдыгын жаратат. Тарбиялоо ишинин системдүүлүгүнө жетишүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмдарынын өз аймагындагы маданий, спорттук, таалим-тарбия иштерин координациялоо жоопкерчилигин арттырууну талап этет. Жогоркулар менен бирдикте мектептер элет жеринин социалдык-маданий адептик салттарынын таасирин кайтарымдуу пайдалануу үчүн этномаданий диалог куруулары шарт. “Адамдар өзү жашаган чөйрөнүн таасири астында өсүшөт жана тарбияланышат, демек, алардын жан дүйнөсүнүн калыптанышында ошол чөйрөнүн таасири чечүүчү мааниге ээ” (К.Д. Ушинский). Жалпылап айтканда тарбиялоонун субьектеринин ортосунда паритеттүү, партнердук кызматташууну активдештирүү шарт.



  • Достарыңызбен бөлісу:
  • 1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   25




    ©emirsaba.org 2024
    әкімшілігінің қараңыз

        Басты бет