1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


Окуучу жаштартардын дене тарбиясын уюштуруунун негиздери



бет20/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25
2.4. Окуучу жаштартардын дене тарбиясын уюштуруунун негиздери


Жогоруда белгиленген жагдайларды эсепке алуу менен окуучу жаштардын дене тарбиясын уюштурууну мамлекет өз кепилдигине алат жана окуу-тарбия процессинин расмий мазмунун жана күтүлүүчү натыйжаларын алардын жаш курагын, жыныстык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен бирдиктүү нормаларды жана талаптарды иштеп чыгат.
Бардык билим берүү уюмдары тибине жана менчик формасына карабай мамлекеттик жалпы орто билим берүү жана адистик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык окуучулар менен дене тарбия сабактарын (негизги) жана сабактан сырткары (кошумча) формаларын уюштурууга милдеттүү. Окуу жайдын администрациясы дене тарбия процессин уюштуруу үчүн ар бир окуу жылдын алдында окуучунун физикалык даярдык деңгээлин жана ден соолугунун абалын аныктоого, алардын жыйынтыгына таянып окуучуларды негизги, даярдоочу же болбосо атайын медициналык группаларга бөлүштүрүүгө милдеттүү. Окутуу жана дене тарбия процесстерин уюштуруу үчүн билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп берген материалдык-техникалык база түзүлүп, тийиштүү каражаттар менен камсыздалынышы шарт.
Дене тарбия сабактары мамлекет бекиткен расмий окуу программасынын негизинде өткөрүлөт. Окуучунун жаш жана жыныстык өзгөчөлүктөрү эске алынат, спорттун классикалык жана улуттук түрлөрүн кеңири колдонууга, сергек жашоо образын калыптандырууга басым жасалат. Атаандаштык ишмердүүлүгүнө негизделген, жарандык-патриоттук сезимдерди тарбиялоо максатын көздөгөн, мектептен баштап республикалык деңгээлге чейинки массалык-спорттук иш-чаралардын туруктуу системасы түзүлөт. Аларды уюштуруу жана каржылоо билим берүү уюмдарына жана башкаруу органдарына милдеттендирилет жана мындай иш-чараларга коомдук уюмдар кеңири тартылат.
Инсандын дене тарбиясындагы окуучунун жеке ишмердүүлүгүнүн максаттуу уюштурулушу да колго алынышы зарыл. Ага байланыштуу окуучунун ишмердүүлүгү даяр билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүү менен чектелбестен, анын таанып билүү, сынчыл-көз караш менен чыгармачыл аракетте болуу, физкультуралык-саламаттыкты бекемдөө максатын көздөгөн иш-аракеттерге активдүү катышуусуна, ынанып өздөштүрүшүнө тийиштүү социалдык жана педагогикалык шарттарды түзүү аркылуу ишке ашырылат.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет