Руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн максаты, милдеттери жана мазмуну
Окуучу жаштарды руханий-адептик жактан өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун максаты жана милдеттери улуттук тарбия идеалынын контекстинде социалдаштыруунун негизги субъектери болгон, үй-бүлө, мектеп, салттуу диний жана коомдук уюмдардын милдети катары таризделет жана ишке ашырылат.
Руханий - адептик жактан тарбиялоонун максаты – жан дүйнөсү өз элинин түптүү руханий асыл нарктарына сугарылган, коомдук мамилелердеги ак менен караны даана ажырата билген, демократиялык коомдун баалуулуктарын жана идеалдарын урматтаган, эл-журт жана мамлекет алдындагы атуулдук парзын абийирдүүлүк менен аткара алган, коомдук активдүүлүгү, атуулдук позициясы айкын, көп маданияттуу чөйрөдө мунаса күтүп жашай билген, көтөрүмдүү, толеранттуу , адал эмгек, ак мээнет менен жашоого умтулган, ар намысы бийик, эмгекчил, чынчыл, элчил, ѳзүнүн жана башкалардын саламаттыгын сактоого, ѳнүктүрүүгѳ ыкластуу мекенчил инсандарды калыптандыруунун шарттарын аныктоо.
Бул максат өз ара тутумдаш төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу аркылуу жүзөгө ашат:
улуттук жана жалпы адамзаттык маданиятка таандык руханий адептик түшүнүктөрдү калыптандыруу;
адептик ишеним, ынанымдарды калыптандыруу;
адептик сезимдерди өнүктүрүү, тарбиялоо;
жүрүм-турумда жекече жана коомдук нарк-насилге төп келген көндүм адаттарды жана билгичтиктерди калыптандыруу
Руханий-адептик түшүнүктѳрдү калыптандыруу. Түпкүлүгүндѳ, адептүүлүк - бул адамдардын жүрүм-туруму аркылуу чындыкка айланган аракеттеги билим. Адеп, ыйман - адамдын адамча жашоо мыйзамы, адам болуу билими катары тигил же бул коомдо түптөлгөн мыйзамда каралган да, каралбаган да тартип эреже-талаптар менен нормалардын, баалуулуктардын чегин айкындоочу түшүнүктѳр системасы. Адептик нормалар дүйнѳ элдеринин социалдык тааным тажрыйбаларынын ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ ылайык айрымдарында илимий трактаттар, айрымдарында санат насыяттар таризинде ѳзгѳчѳ билим салаасы катары калыптанган. Кыргыздарда адамдын адептик билимдери «ак» менен «караны», «жакшы» менен «жаманды», «адал» менен «арамды» айырмалап таанып, «кѳзү ачылуу», «кѳѳдѳнү агаруу» сыпаты катары мүнѳздѳлгѳн. Ар бир улуттун руханий адептик билим түшүнүктѳрүндѳ жалпылыктар менен бирге, ѳзгѳчѳлүктѳр да бар. Жүрүм-турум тууралуу Европалыктардын түшүнүктѳрү, Африканын же Чыгыш элдеринин түшүнүктөрүнөн айырмалуу. Бирок, азыркы адамдардын жашоо мейкиндигиндеги чектердин азайып, алака-катыштар күчѳп бара жаткан шартта, адамдар алдында ѳзүнүн адептик түшүнүктѳрүн маданияттар аралык контекстте аңдоо зарылчылыгын жаратат.
Достарыңызбен бөлісу: |