1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


Атуулдукка, мекенчилдикке, адамдын укуктары менен эркиндигин, милдеттерин сыйлоого тарбиялоо



бет10/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   25
Атуулдукка, мекенчилдикке, адамдын укуктары менен эркиндигин, милдеттерин сыйлоого тарбиялоо:

  • Өзүн Ата Мекендин алдында “парз”, атуулдук милдет түшүнүгүнүн чегинде аңдап, баалай билүү жана алардын мекенчилдик салттарын азыркы шартта улантуу, өнүктүрүүнүн саясий-социалдык маанисин түшүнүү;

  • Ата-бабалары тарабынан түптөлгөн эне тилинин, руханий - маданий нарктарын, адат салттарынын алып жүрүүчүсү жана жаӊы шарттарга ылайык өнүктүрүүчүсү катары парзын жогорку даражадагы жоопкерчилик менен аткаруу;

  • Ата Журтунун, элдин тарыхый эрдиктери, замандаштарынын каарман ишмердиги менен сыймыктануу, коомдо жана мамлекетте болуп жаткан өзгөрүүлөр үчүн тарыхый жоопкерчиликти туюу;

  • Кыргыз мамлекетинин улуттук символдору (туу, герб, гимн) менен сыймыктануу жана аларды ыйык тутуу;

  • Кыргыз мамлекетинин гүлдөп өнүгүүсү, мекендештеринин бейпил жыргал турмушу үчүн коомдогу терс, ыплас көрүнүштөргө (коррупция, трайбализм, талап-тоноочулук, баңгичилик, аракечтик, кайдыгерлик, өзүмчүлдүк, келишпестик ж.б.) каршы күрөшүүдөгү активдүүлүк;

  • Өзүн Кыргызстандын көп этностуу жамааттарынын кылымдап калыптанып келген, ынтымак ымалада жашоо салттарын улантуучу, өнүктүрүүчүлөрүнүн бири катары тарбиялоо;

  • “Этноцентризм” илдеттеринен четте болуу, чыдамкайлык, кечиримдүүлүк, башка улуттун өкүлдөрү менен мунасада жашай билүү, ар кандай кырдаалда өзүнүн эмоционалдык абалын башкара билүү ж.б.


Адептик сезимдерди жана аӊ-сезимди тарбиялоо:

  • «Ак» жана «кара» деген сөздөр “жакшылык” менен “жамандык”, “нарк”, «салт”, “жорук-жосун”, “адат”, “жол-жобо”, «жѳн билгилик» сыяктуу адептик түшүнүктөрдү руханият, элдик адеп өӊүтүнөн ачыктай билүү;

  • Эне тилге болгон сүйүүсүн, ал тилде сүйлөө жана жазуу маданиятынын өрнөгү менен тастыктоо;

  • Адеп нарктуулуктун, жакшы таалим-тарбия алгандыктын көрсөткүчү катары, ата-эненин кадырына жетүү, улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөтүүнүн чыныгы үлгүсүн көрсөтүү;

  • “Эл менен сен адамсыӊ, элден чыксаӊ жамансыӊ” - деген социалдык этикалык эреже салттын маанисин тереӊ аӊдоо, эл менен эл болуп, элдин мүдөөсү менен жашоого умтулуу;

  • Демейки турмуш-тиричиликте, коомдук жайларда бардык нерсенин жолун, жөнүнө жараша сылыктыктын, ак пейилдиктин, кеӊ пейилдиктин, көтөрүмдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн, калыстыктын, чынчылдыктын, убада шертке бекемдиктин үлгүсүн көрсөтүү;

  • Ата-бабаларынын руханий мурастарын, адептик салт эрежелерин өздөштүрүп, жашоо турмушунун эрежесине айландыруу жана аларды өзүнөн кийинки муундарга өткөрүп берүүгө ынтызарлык;

  • Кыргыздардын улут жана мамлекет катары, бакубат өнүгүшүнө кедергисин тийгизип келген «жарма патриотизм», жердешчилик, куру намысчылдык, кайдыгерлик, камырабастык, ышкоолук, жалкоолук, оӊой оокатка умтулуу, ысырапкорчулук, жемкорлук сыяктуу илдеттердин маанисин түшүнүү жана андан арылууга умтулуу;

  • Компьютердик оюндардын, телекөрсөтүү жана жарнамалардын, адамдын моралдык - психологиялык абалына тийгизе турган негативдүү таасирлерин түшүнүү жана аларды тандап, иргеп колдонуу зарылдыгын түшүнүү;



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет