Вестник КазНУ. Серия филологическая, №1(135).2012 321 бейкапар, мектеп деп аталган жалгыз жаман кепеде мугалимибиз баш болуп, демибизди ичибизге катып, биз дагы, калың элдин кичи- некей учкунунун учкуну, көң‰л‰б‰здө Ленини менен эң жакын к‰йөрманы болуп коштошуп жаттык». Ч.Айтматов «Саманчынын жолу» повес-
тинде коштошуу эпизоду аркылуу жакын,
ынак, с‰йгөн кишилердин бири-биринен
ажырашуусун, ат‰г‰л «уста майданга кетерде
балкасы менен коштошот» дегендей Касым-
дын комбайны менен коштошкондогу аяныч-
туу көр‰н‰ш‰н да жазуу менен, 1941-жылдагы
элдин башына т‰шкөн каардуу согуш тары-
хынын азап-тозогун баяндайт, согуш отун ту-
тандыруучуларга к‰чт‰‰ сезим менен наалат
айтат: «Мындай карасам, согушка кетип бара жаткандар тандалгандай не бир солкулдаган, чырактай жигиттер экен. Улам аты чык- каны менмин деп, биз жакты жалт-жалт карашат. «Субанкулов Касым» - дегенде ичим ысый т‰ш‰п, тамагым буулду. «Менмин» - деди Касым. Алиман ошол учурда колумду сыга кармап: «Энеке – деп шыбырап жи- берди. Аныкын деле билип турам, билген ме- нен чарам кайсы: көпт‰н кереги кыстаганда элден сырткары ким турат. Алда, Алиманым ай, ошого көз‰ жетип эле турса да, с‰йгөн‰нө мындай жакын, мындай ысык ынакты көрө албадым. Алимандын коштошконун азыр эс- тесем, азыр жанымды садага чапкым келет». Улуттук турмуштун олуттуу проблема-
ларын чагылдырган Ч.Айтматовдун «Г‰лса-
рат» повестинде кыргыз элинин жашоо тур-
мушу: «Ат адамдын канаты» дегендей, элдин
жаныбарлар менен, табият менен жакындыгы,
аларга болгон с‰й‰‰с‰, достугу даңазаланат.
Бул чыгармада совет доорундагы адам жана
табият маселеси көтөр‰л‰п, Танабайдын жа-
ныбар Г‰лсарыга болгон мамилеси, аягында
аны акыркы сапарга аздектеп узатуусу, кош-
тошуусу айтылат. Жазуучу өз‰н‰н чыгармала-
рында кыргыз м‰нөз‰н нагыз элдин турму-
шуна таянып жараткандыгы белги뉉. Чы-
нында эле кыргыздар өзгөчө табият, жаныбар-
лар менен жакын болгон. Мисалы, кыргыз эли
эгерде итинин өлөр‰н байкап калса, кошто-
шуу маанисинде өл‰м‰ майлуу-с‰тт‰‰ болсун
деп оозуна май салып койгон, балдарына буту
сынып же канаты кайрылып калган чымчык-
тарды айыктырып, достошуп, коштошоордо
шилекей алмашып учуруп жибергиле деп ‰й-
рөткөн.
Кыргыздардын тарыхында кишинин өлөр
алдындагы айтып кеткен керээзи аркылуу
1937-жылдагы репрессия тууралуу маалымат
берген, э뉉 төрт жыл Чоң-Ташта катылган
тарыхтагы жашыруун сырдын бети ачылган.
Кыргыз элинин чыгаан уулдары К.Тыныста-
новдун,
Ж.Абдрахмановдун,
Т.Айтматов
ж.б.лардын кайда көм‰лгөн‰ белгисиз сыр
бойдон калган эле. 1938-жылдагы Кыргыз-
стандын чоңдорунун баарынын атылып, кайда
көм‰лгөнд‰г‰ тууралуу жашыруун сырды
1992-жылы Б‰б‰йра Кыдыралиева деген аял
атасынын өлөр‰ндө табыштап кеткен керээзин
орундатып, ачып чыгат.
1963-жылы Б‰б‰йра эженин атасы катуу
ооруп жатып балдарын чогултуп алып мынтип
айткан экен: «Балам, эми ким билет. Жаман айтпай жакшы жок. Сенин эсиңде бардыр ...баягы иттер улуп, сасык жыттар, дөңдөн чыккан шоолалар... Заман оңолуп кетсе бир ыгын таап, шейит кеткендердин сөөг‰н агар- тып, акырын айтып, ошол сыздаган бала- бакырасы, ага-тууганы болсо, таяке, жээн- дерине мен ‰ч‰н айткын, аталардан калган салт бар, кыйыр иш кырк жылда билинет деген. Заман дагы эле жакшы эмес, бирок чоңойдуңар, ‰й-б‰лөңөр бар. Эптеп бул сырды ыгы келгенде айт». Б‰б‰йра эже көпкө чейин
эч бир ыгын таба албай ж‰р‰п акыры айтып
чыгат. Аягында Чоң-Таштагы кирпич заво-
дуна көм‰л‰п салынган ж‰з отуз сегиз адам-
дын сөөг‰ табылып, алардын ар бири кайра-
дан аздектелип көм‰л‰п, ал жер шейит кеткен
аталардын урматына Ч.Айтматовдун демил-
геси менен «Ата-Бейит» делип аталып калды.
Мына ошентип, аталардан калган «керээз
орундатуу» салты тарыхый кылмыштын бетин
ачты. (Р.Абдыкулова, 2009: 2-8.)