Атты І халықаралық конференция ЕҢбектері



Pdf көрінісі
бет166/326
Дата07.01.2022
өлшемі8,57 Mb.
#19269
1   ...   162   163   164   165   166   167   168   169   ...   326
Нускалар 
Манас 
Семетей 
Сейтек 
Бардыгы 
Сагымбай 
180 378 


180 378 
Саякбай 
84 830 
218 787 
196 936 
500 553 
Шапак 
24 588 
42 338 
14 718 
81 644 
Тоголок Молдо 
53 045 
24 390 

77 435 
Багыш 
141 147 
67 704 
5 594 
214 445 
Молдобасан 
57 718 
43 102 
2 760 
103 580 
Ибраим  
3 731 
23 364 
7 839 
34 934 
Мамбет 
106 002 
52 059 
43 333 
201 394 
Шаабай 
8 368 

3 842 
12 210 
Жакшылык 

52 136 
145 959 
198 095 
Мамбеталы 
26 952 


26 952 
Ыса 

14 763 

14 763 
Жаңыбай 
19 445 
66 454 

85 899 
Бардыгы 
706 204 
сап 
605 097 
сап 
420 981 
сап 
1 732 282 
сап 
 
Ал заманыбыздын залкар жазма манасчысы атанган жана кытайлык кыргыздардын өкүлү 
болгон Жусуп Мамай атабыз тарабынан жазылган Манастын сегизилтиги 200 миңге жуук ыр 
сабынан  турат  экен.  Демек,  жакынкы  биздин  максат  –  корпустук  лингвистиканын 


161 
 
жетишкендиктерине  таянуу  менен  «Манас»  эпосунун  улуттук  корпусун  түзүү  жумушун 
колго алуу.  
«Манас» эпосунун академиялык басылышын басмадан чыгаруу иши  толук бүткөрүлбөй, 
учурда  улантылып  жаткандыктан,  улуттук  корпуска  улуу  манасчыларыбыз  Сагымбай 
Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун мурда жарык көргөн варианттары киргизилди. 
Алар төмөнкүлөр: 
Сагымбай Орозбак уулу. Манас. 1 китеп. Ф: Кыргызстан, 1978. 
Сагымбай Орозбак уулу. Манас. П китеп.Ф: Кыргызстан, 1980. 
Сагымбай Орозбак уулу. Манас. Ш китеп. Ф: Кыргызстан, 1981. 
Сагымбай Орозбак уулу. Манас. IV китеп. Ф: Кыргызстан, 1982. 
Cаякбай Каралаев. Манас. I китеп. Ф: Кыргызстан, 1984. 
Cаякбай Каралаев. Манас. II китеп. Ф: Кыргызстан, 1986. 
Cаякбай Каралаев. Семетей. I китеп. Ф: Кыргызстан, 1987. 
Cаякбай Каралаев. Семетей. II китеп. Ф: Кыргызстан, 1989. 
Cаякбай Каралаев. Сейтек. Ф: Кыргызстан, 1991. 
Буга кытайлык манасчыбыз Жусуп Мамай тарабынан жазылган нускасы (Манас. Шинжаң 
эл басмасы: 2004, 1782 б.) кошумчаланды.  
Ошентип, корпуска жүктөлгөн өйдөкү текстердин негизинде  эпосто катталган сөздөрдүн 
грамматикалык  формаларынын  толук  тизмесин  түзүү,  ар  бир  сөздүн  грамматикалык 
формаларын  ошол  сөздүн  уясына  бириктирүү,  сөздүктө  камтылган  бардык  бирдиктерди 
алфавит тартибинде жайгаштыруу, сөздүн лексикалык маанилерин түркчө которуп берүү, ар 
бир  сөз  менен  анын  бардык  грамматикалык  формаларынын  кайсы  вариантта,  канчанчы 
бетте, кайсы сапта колдонулгандыгын тастыктаган даректерин көрсөтүү иштери аткарылды. 
Демек,  мындай  сөздүк  эпостун  китеп  түрүндө  даярдалган  маалымыттар  банкы,  алфавит 
тартибинде  жайгаштырылган  сөз  аркылуу  текстке  чыгуучу  ачкычы  катары  кызмат  кылып, 
кыргыз  элинин  тарыхын,  улуттук  тилин,  этномаданиятын,  этнографиясын,  менталитетин, 
мифологиясын,  философиясын,  фольклорун,  этнопедагогикасын,  ата  мурастарын,  нарк-
дөөлөттөрүн изилдөөгө өбөлгө түзүп, көмөк көрсөтөрү анык. 
Сөздүк  түзүү  үчүн  тандалып  алынган  Сагымбай  менен  Саякбайдын  текстери  корпуска 
жүктөлгөн соң түпнускадагы ар бир бет көрсөтүлүп, ар бир сапка  катар номур ыйгарылды. 
Бул, алибетте, сөздүктөгү сөздөн текске чыгуунун төтө жолу. 
Иштин  экинчи  этабында  тексте  кездешкен  ар  бир  сөз  формасы  жалпы  тизмеде  алфавит 
тартиби  боюнча  жайгаштырылып,  бардык  тексте  колдонулган  даректерине  улам  шилтеме 
берилип  туруу  аркылуу  эпосто  колдонулган  сөз  формаларынын  алфавит  тартибиндеги 
тизмесин түзүү жана ал тизмедеги ар бир сөздүн дарегин көрсөтүү менен аяктады. 
Иштин  үчүнчү  этабында  лематизация  маселесин  чечүү  максаты  көздөлдү.  Лематизация 
деп  компьютердин  жардамы  менен  текстеги  сөздү  (=  сөз  формасын)  анын  сөздүктөгү 
турпатына  (=  лексемага,  сөзгө)  келтирүү  процесси  аталат.  Бирок,  тилекке  каршы,  кыргыз 
тили  боюнча  лематизатор  алигиче  жасалбагандыктан,  текстеги  сөз  формасын  сөздүктөгү 
турпатына  келтирүү  ишин  кол  менен  жасоого  туура  келди.  Бул  ишти  аткарууда  ар  кандай 
тыбыштык  өзгөрүүлөрдөн  улам  бир  сөздүн  ар  башка  грамматикалык  формалары  алфавит 
тартиби  боюнча  катар  жайгашпай,  жалпы  тизменин  баш-аягына  чейин  чачылып  кеткен 
учурлар арбын кездешти.  
Аларды бир уяга топтоо көп эмгекти жана убакытты талап этти. Маселен,  азап  сөзүнүн 
азабы,  азабым,  азабын  сыяктуу  формалары  азада,  азазил,  азай-,  азамат,  азан  сөздөрүнүн 
уясынан,  ак-  сөзүнүн  агып,  агыптыр  сыяктуу  формалары  адам,  адат,  адаш,  адис,  ажар, 
азан, азил, азоо, айбан сөздөрүнүн уясынан мурда келет. 
Ошентип,  текстеги  сөздү  сөздүктөгү  турпатына  келтирүүдө  бир  сөздүн  ар  башка 
грамматикалык  формалары  бир  жерге  топтолуп,  сөздүн  мааниси  түркчөгө  которулуп, 
кийинки  сапта  сөздүн  өзү  баш  тамгасына  чейин  кыскартылып,  баш  тамгадан  кийин  чекит 
коюлуп,  сөздүн  грамматикалык  формаларын  уюштуруучу  мүчө  же  мүчөлөрдүн  айкашы 
алфавит  тартибине  келтирип,  андан  соң  булардын  баарынын  колдонуш  даректери 


162 
 
көрсөтүлүп берилди.  
Буга мисал кылып аккаңкы сөзүнүн төмөнкү беренесин келтирүүгө болот: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   162   163   164   165   166   167   168   169   ...   326




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет