Бишкек 2019 кыргыз тили


-ТАПШЫРМА. Берилген сөздөр менен сүйлөмдөрдү түзгүлө



Pdf көрінісі
бет106/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   102   103   104   105   106   107   108   109   ...   233
9-ТАПШЫРМА.
Берилген сөздөр менен сүйлөмдөрдү түзгүлө
Сейрек кездешүүчү, ак илбирс, байырлайт, мекендейт, сактоо, эл аралык. 
10-ТАПШЫРМА.
Текстти окугула. Эки жөнөкөй жана үч көйгөйлүү 
суроо түзгүлө. Жооп бергиле
Ак илбирс
Азыркы учурда жер жүзүндө 3 миңден 7 миңге чейин гана ак илбирс 
калган. Анын ичинен 300дөй илбирс Кыргызстандын аймагын байырлайт. 
Алар да жылдан жылга азайып баратат. Ак илбирс жайы, кышы мөң-
гүлөргө жакын тоолор менен токойлордо жашайт. Өтө сейрек кездешүүчү 
илбирс Тянь-Шань тоолорун мекендейт. Кыргызстанда 2012-жылдын 
22–23-октябрында ак илбирсти сактоо боюнча Эл аралык форум болду. 
Иш чараны өткөрүүнү Германиянын канцлери Ангела Меркель колдогон. 
Ак илбирс дүйнөнүн 12 мамлекетинде бар. Ушуга байланыштуу форумга 
12 өлкөдөн эксперттер келишти: Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан
Кытай, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан. 
Жок болуп бараткан ак илбирстерди коргоо керек. Форумда бул маселеге 
жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруу маселелери 
талкууланды. Жыйындын соңунда ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык 
программа кабыл алынды. Мындан аркы иш аракеттер бекитилди. Ошон-
дой эле Бишкек декларациясына кол коюлду. 
11-ТАПШЫРМА.
Туурасын, катасын (√) белгилегиле
т
к
Жер жүзүндө 3 миңге чейин гана ак илбирс калган.
( ) (√)
Кыргызстандын тоолорунда 3 миңге чейин ак илбирс бар.
( ) ( )
Илбирстер мөңгүлөрдү мекендешет.
( ) ( )
Илбирсти сактоо боюнча иш чараны Ангела Меркель 
өткөргөн.
( ) ( )
Глобалдык программа ак илбирсти сактайт.
( ) ( )


8-ТЕМА
131
«Ак илбирстин тукуму» тасмасы 1984-жылы тартылган.
( ) ( )
Кожожаштын ролунда – Мурза Гапаров.
( ) ( )
Форумга 12 өлкөдөн эксперттер келишти.
( ) ( )
Жок болуп бараткан ак илбирстерди коргоо керек.
( ) ( )


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   102   103   104   105   106   107   108   109   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет