Бишкек 2019 кыргыз тили


Дарыгер апасына мүрөктүн суусу гана жардам берет деп айтат.  7



Pdf көрінісі
бет111/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   107   108   109   110   111   112   113   114   ...   233
6. Дарыгер апасына мүрөктүн суусу гана жардам берет деп айтат. 
7. Мүрөктүн суусуна сугарылган арча жашарып, өлбөс даракка айланат.
8-ТАПШЫРМА.
Ак кайыңды ыр боюнча кандай элестеттиңер? 
Ак кайың
Жарашыктуу жаштайың 
Жадыраган жаз сайын.
Жаш күнүмдөн тең өскөн
Жакшынакай ак кайың.
Бутагыңа коноюн,
Кыштын жолун тороюн.
Жаштыгыңды менден ал, 
Аккан сууң болоюн…
А. Осмонов
9-ТАПШЫРМА.
Сапаттык сын атоочторду пайдаланып, арча 
менен кайыңды сүрөттөп бергиле
Арча
Кайың


137
1-ТАПШЫРМА.
Ысык-Көл жөнүндө эмне билесиңер? Эмне үчүн 
Ысык-Көл Кыргызстандын бермети деп аталат? 
Ысык-Көл жөнүндө кандай уламышты окугансыңар? 
2-ТАПШЫРМА.
Ысык-Көл жөнүндө уламыш менен таанышкыла. 
Суроолорго жооп бергиле 
Бир кезде азыркы Ысык-Көлдүн ордунда кооз шаар турган экен. Күн-
дөрдүн биринде ал шаарда жашаган кыздар тоого отун тергени барышат. 
Алар отун терип жүргөн маалда катуу жер титирөө болот. Шаар жайгаш-
кан кокту сууга толуп, тургундардын баары набыт болот. Кыздар кайра 
келгенде шаардын ордунда чалкайган көл турат. Алар катуу кайгырган-
дыктан күнүгө көлгө келип, өздөрүнүн тууган-туушкандарынын тагдыры 
тууралуу өксүп ыйлашат. Алардын көз жашынан улам көл туздуу болуп 
калган экен. Ошол себептен ал эч качан кышкысын тоңбойт. 
y
Илгери Ысык-Көлдүн ордунда эмне болуптур? 
y
Эмне себептен шаар суунун астында калыптыр? 
y
Тургундардан кимдер тирүү калыптыр? 
y
Көлдүн суусу эмне үчүн туздуу жана ачуу болуп калыптыр? 
Ысык-Көлдүн эң терең жери 668 метр, узундугу 178 чакырым, туу-
расынын эң жазы жери 60 чакырым. Ысык-Көлдүн тескей жагы бийик 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   107   108   109   110   111   112   113   114   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет