8-ТЕМА
139
5. Эгерде Ысык-Көлгө куйган
суулар сугатка кете берсе, анда эмне болот?
Кандай деп ойлойсуңар? Эгерде Ысык-Көлдүн суусун сактап калуу
программасы жок болсо, анда эмне болмок? Кандай деп ойлойсуңар?
6. «Көлүнөн безген каз оңбос,
Элинен безген эр оңбос».
«Көл таянычы – жер,
Көсөм таянычы – эл» деген макалдарды кандай түшүнөсүңөр?
Маанисин чечмелеп бергиле.
6-ТАПШЫРМА.
Тема боюнча окуп үйрөнгөн материалды
баалагыла. Баалаганыңарды түшүндүргүлө
Билгендерим мага
керек болот.
Маалыматты
иштеп чыгам.
Баарын
ыргытам.
Байчечекей
Илгери
өткөн заманда короо-короо малы, өрүш бербеген жылкысы,
сандыгына батпаган алтын-зери бар бир бай болуптур. Бай сексенге таяп
калса да бала көрбөй, «баланын ыңаалаган үнүн укпай, бул жашоодон
куу баш өтөмбү» деп кайгырып жүргөн мезгилде кебезден ак,
айдан
сулуу, гүлдөн назик кыздуу болот.
Мезгил өтөт, кызы чулдуруп сүйлөп, там-туң басып, атанын кайгыдан
карып болгон жүрөгүн жашартып, жашына жаш кошуп, көңүлүн кушубак
кылат. Күндөр айга,
айлар жылга алмашып, кыз кол арага да жарап калат.
«Кыз да болсо – туяк», – деп ата өзүн сооротот.
Күндөрдүн биринде кыз талаадан ойноп келип, «башым» деп ооруп ка-
лат. Табити эч нерсеге тартпай, жеген тамагы аш болбой,
төшөккө жатып
калат. Атасы тегеректеги табыптарды алдырат. Бирок бири да кыздын дар-
тын таппай, баштары катат. Айласы кеткен ата короо-короо малын, өрүш
бербеген жылкысын, сандыкка батпаган алтын-зерин чачып, туш-тушка
жарчы жайып, чабарман чаптырып, оорунун жайын билген табып издетет.
Келген шыпаакерлердин бирөө да
сыркоонун сырын ача алышпай,
келген жактарына кете беришет.
Амалы түгөнгөн бай:
– Карыганда тапкан жалгыз чечекейимден айрылат турбаймынбы,
кудай, – деп ботодой боздойт.
Күндөр өтө берет, кыздын адам болбосу билинип, эл-журт камылгасын
көрө баштайт. Ошол мезгилде
кайдан-жайдан белгисиз, жер кезген бир
думана пайда болот.