Бишкек 2019 кыргыз тили


жеткен бийин (https://www.youtube.com/



Pdf көрінісі
бет124/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   120   121   122   123   124   125   126   127   ...   233
жеткен бийин (https://www.youtube.com/
watch?v=UONUYz2KgfE) көргүлө. Силер кайсы 
мүмкүнчүлүгүңөрдү пайдаланбай жатканыңарды 
4–5 мисал менен жазгыла
Үлгү: Менин … жакшы эмес. Менин … бул өтө начар. … болбош керек, 
бул жарабайт. … кантип болсун? 
7-ТАПШЫРМА.
«Тумар» бийчилер тобунун Украинада ийгиликке 
жеткен дагы бир бийин (https://www.youtube.
com/watch?v=SdG1a9aOdfA) көргүлө. Аларды 
ийгиликтери менен куттуктап, куттуктоо 
жазгыла
Үлгү: Урматтуу … мүчөлөрү, мен сиздердин … көрдүм. Мындан сырт-
кары … сахналарында … желегин … келгениңиздерди окудум. 
Сиздердин … мага абдан жакты. Сиздерди … менен куттуктайм 
жана сиздерге … каалайм. Дайыма … жүрүңүздөр. 
Сиздерди урматтап … облусунун, … районундагы … мектептин 
окуучусу … .


9-ТЕМА
155
ƒ
„
Текстти окугула. Негизги мазмунун түшүнүүгө аракет кылгыла. 
Текстке ат койгула
***
Талаага ташталган туткундардын көпчүлүгү жан чыдагыс азапта Сары- 
Өзөктүн аптабын көтөрө албай өлүп кеткен. Тирүү калса беш-алты тут-
кундан бирөө же экөө калган. Ачкадан, же чаңдан өлсө бир жөн го, 
өлгөндөр төөнүн кам териси күндүн кактоосунда улам кургаган сайын 
кысылып отуруп, мээни баш сөөктөн сыгып чыккыдай абалга жеткирген 
азаптан өлгөн. Күн ысыган сайын темирдей куураган шири жылаңач 
башты чемгер салгандан бетер кысат. Ал аз келгенсип, эки күн өткөн 
соң жылаңач куйкадан жаңы чач да баш багат. Азияттыктардын тикендей 
тик өскөн кайраттуу чачы шириге сайылып, аны тешип өтө албаган соң 
кайра кайрылып куйкага сайылат. Мунун кыйноосу ширинин азабын ого 
бетер күчөтөт. Ошентип бара-бара туткундар эс-акылын жогото баштайт. 
Беш күн өткөндөн кийин туткундардын кимиси тирүү калганын билүүгө 
айдар көкүлдөр келет. Кыйноого түшкөндөрдүн бирөөнү тирүү тапса, 
максатына жеткендей ыраазы болушчу. Тирүү калганды кыйноосунан 
бошотуп, суу берип, акырындап ал-күчүнө киргизип алышчу. Бирок ал 
эми адам эмес, эс-акылдан айрылган маңкурт кул – мындай кулдар эс-
акылы ордунда он кулдан артык бааланат. Эгер кагылышта манкурт кул 
өлсө, анын кунун соо туткундун кунунан он эсе артык кун алышчу. 
Маңкурт деген эс-акылдан ажыраган бир сөлөкөт: өзү ким, эл-жери 
кайда, ысмы ким, ата-энеси ким, кайда, качан чоңойгон, эчтеме эсинде 
калбайт, эчтемени билбейт, кыскасы, өзүн адам элем деп эсептебей ка-
лат. Өзүн-өзү таануудан калганы менен манкурттун чарба-тиричиликте 
бир топ артыкчылыгы бар. Өзү аягы айры, башы кара, бир макулук 
болгон соң, айдаган жакка кыңк этпей басат, айткан ишти кыңк этпей 
аткарат. Качам – коём, каяша кылам деген ой түшүнө да кирбейт. Кул 
ээсин ар качан түпөйүлдөткөн нерсе кулдардын көтөрүлүшү болчу эмес 
беле. Кулдардан маңкурттун айырмачылыгы – ал каяша кылуу, каршы-
лык көрсөтүү деген сезимден ажырап калган. Ошондуктан аны дайым 
көзөмөлдөп, кароол коюунун, бөтөнчө андан чочулоонун эч кереги 
жок. Маңкурт итке окшоп ээсин гана ээрчип калат, ээсин гана тааныйт. 
Башка эч жанды тааныбайт да, билбейт, ошол үчүн башка бирөө менен 
сүйлөшпөйт. Анын бар болгон ою – кара курсак. Башка эч камы жок. 
Бирок тапшырылган ишти жан-дили менен өчөшкөндөй берилип аткарат. 
Адатта маңкурттарды эң балит, оор же болбосо макоо жан да чыдай 
алгыс бир калыпта созулчу узак жумуштарга коюучу. «Жоо кыйнаса, төө 
кайтартат» дегендей Сары-Өзөктүн мелмилдеген кенен, ысык, бук кылар 
тынчтыгында айылдан алыс жайытта жайдыр-кыштыр төө кайтарчулар 
маңкурттар болгон. Мындайда ал жалгыз өзү көп төөчүлөргө татыйт. 
Курсагын гана тойгузуп турса болду, жапайы болуп кеттим дебейт, зе-
риктим дебейт, жайдыр-кыштыр төө артында жүрө берет. Ээсин көрсө, 
итинен бетер кубанат. Үстүндө эски-уску кийим болуп суукта үшүбөсө, 
курсагы тоюп турса, башка эчтеме сурабайт да кейибейт…
(Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан)




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   120   121   122   123   124   125   126   127   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет