Бишкек 2019 кыргыз тили


-тыным. Бүбүсараны эстеп жүрүүгө автор кандай жүйөлөрдү келтирди?



Pdf көрінісі
бет127/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   123   124   125   126   127   128   129   130   ...   233
1-тыным. Бүбүсараны эстеп жүрүүгө автор кандай жүйөлөрдү келтирди? 
ΙΙ
Мен болсо Бүбүсара Бейшеналиеваны биринчи мерте иш үстүнөн 
кандайча болуп көрдүм эле, адегенде ошону айтып берсемби дейм. 
Албетте, мен аны буга чейин, студент кезимде эле билчүмүн, сахнадан 
эчен курдай көргөм, атпай кыргыз журту, дегеле өнөр баркын билген 
адамдар аны канчалык урматтаса, мен да ошончолук урматтачумун. 
Бул 1959-жылы жай айында болгон иш. Чакан делегация менен Кыр-
гызстандан Кронштадттын аскерий деңизчилерине мейманга бара турган 
болуп калдык. Ал жерден бизге делегациянын мүчөсү катары Бүбүсара 
Бейшеналиева кошулмакчы экен. Бирок Ленинградга келип түшкөнүбүздө 
анын айтылуу «Чолпон» балети боюнча фильмге тартылып жатканы, анды-
ктан биз менен бирге болууга чолоосу тийбей турганы анык болду. Бул 
балет ал кезде кыргыз опера жана балет театрынын башкы спектакли 
эле, эл аваз кылып, абдан ооматы жүрүп турган чагы эле.
Бүбүсара Бейшеналиева чолоосу жоктугунан биздин делегация менен 
чогуу боло албай турганын укканыбызда абдан өкүндүк. Бирок аңгыча 
болбой эле биз токтогон мейманканага ал өзү келип калды.
Көрсө, оңдой берди болуп, бир-эки күнгө колу бошой калыптыр, биз 
менен бирге жүрүп, Кронштадтка барарын, андан соң студияга кайтарын 
айтты. Буга баары кубанып калды. 
2-тыным. Автор Б. Бейшеналиева жөнүндө кайсы окуяны эскерет?
Кыргызстандан барган делегациянын курамында кимдер бар экен? 
Кыргыз опера жана балет театрынын башкы спектакли – айтылуу 
«Чолпон» балети жөнүндо эмнелерди айтып бере аласыўар?
ΙΙΙ
... «Ленфильм» студиясында болуп, биз үчүн эми бүгүн кымбат табе-
риктей болуп калган ошол айтылуу фильм кандайча тартылганын адеп 
өз көзү менен көрдүм. Окуянын эң кызык жери – Айдайдын бирде 
суук жезкемпир болуп, кайра андан көз тойбос көзөл болуп кубулган 
учуру тартылып жаткан экен. Эмеле жылдызы жайнап, ажарына акылы 
төп келип, жүзүнөн сүйкүмү төгүлө, көптүн бириндей болуп биздин 
арабызда жүргөн Бүбүсара Бейшеналиева кулис артына кирип кетип, 
бироокумда кайра чыкты да, камеранын алдына келип, баш оту менен 
таптакыр башка дүйнөгө аралашып кетти. Көз алдымда болуп жаткан 
бул көрүнүш, арийне, мен суктанып, таңданбай коё албай турган анык 


9-ТЕМА
159
кереметтин өзү эле. Бүбүсаранын өмүрү мага ошондо эс тандыргыдай 
эле таасир калтырды. 
(Чыңгыз Айтматов)


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   123   124   125   126   127   128   129   130   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет