КЫРГЫЗ ТИЛИ
160
Бїбїсара Бейшеналиева
Кыргыз элинин улуу балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жыл-
дын 17-майында Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында дыйкандын
үй-бүлөсүндө туулган. Бүбүсара 1936-1941-жыдары Ленинград шаарынын
Хореографиялык окуу жайында окуган. Окууну бүтүргөндөн кийин Кыргыз
мамлекеттик опера жана балет театрында иштей баштаган. 1947-жылы
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, 1954-жылы Республиканын эл
артисти наамын алган.
Бүбүсара Бейшеналиева алгачкы кыргыз балеттеринде бийлеген. Анын
чоң сахнадагы биринчи ролу – «Селкинчек» балетиндеги Зайнуранын
ролу. Бүбүсара аны 13 жашында Москвада өткөн кыргыз искусствосунун
биринчи декадасында аткарган. Андан кийин көптөгөн эсте каларлык
образдарды жараткан. Алардын арасында Чолпондун, Айдайдын, Рай-
монданын, Жульеттанын, Франческонун жана башкалардын образдары
бар. Бүбүсара Бейшеналиева көптөгөн өлкөлөргө, алардын арасында
Румынияга, Чехославакияга, Канадага, Азия менен Африканын көптөгөн
өлкөлөрүнө барып, бийик өнөрүн көрсөткөн.
Бүбүсара Бейшеналиева – кыргыз хореографиясынын негиздөөчүсү.
Кыргыздар ага «Ысык-Көлдүн ак куусу» деген ат койгон. Азыр улуу ба-
леринанын аты менен Бишкек шаарындагы искусство институту аталган.
1. Бїбїсара Бейшеналиева … хореографиялык окуу жайында окуган.
а) Бишкек
б) Ленинград
в) Аламүдүн
г) Таш-Дөбө
2. Кыргызстандын эмгек сиўирген артист наамын …-жылы алган.
а) 1941
б) 1954
в) 1947
г) 1926
3. Кыргыз искусствосунун биринчи декадасы … өткөн.
а) Москвада
б) Ленинградда
в) Бишкекте
г) Аламүдүндө
4. Бїбїсара 13 жашында … ролун аткарган.
Достарыңызбен бөлісу: