Бишкек 2019 кыргыз тили


Мектептеги билим берүү жөнүндө маалымат



Pdf көрінісі
бет137/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   133   134   135   136   137   138   139   140   ...   233
Мектептеги билим берүү жөнүндө маалымат 
менен таанышкыла
Мектеп – (араб тилинин «мактаб» деген сөзүнөн алынган) жаш 
муундарды окутуп-тарбиялоого негизделген билим берүү мекемеси. Мек-
тептин пайда болушу адамзат коомунун жаралышы, андагы өндүрүштүк
2
МЕКТЕП – БИЛИМ
УЯСЫ


КЫРГЫЗ ТИЛИ
172
мамилелердин татаалданышы жана эмгектин коомдогу бөлүштүрүлүшү 
менен түздөн-түз байланыштуу, башкача айтканда, эң алгачкы коомдордо 
эле адамдар балдарды тарбиялоо ишин атайын бул ишке жооптуу киши-
лерге тапшырышкан. Байыркы Грецияда мектеп деп философтордун өз 
окуучулары менен эркин темадагы баарлашуусун түшүнүшкөн. Байыркы 
Римде болсо мектеп деген сөз азыркы маанисине жакын колдонулуп, 
билим-тарбия берүүчү мекемени түшүндүргөн. Кыргызстандын мектептик 
билим берүүсү да өз тарыхына ээ.
Кокон хандыгынын тушунда Кыргызстанда ислам дининин негизде-
рин окутууга багытталып, мектептер (башталгыч билим берүүчү) жана 
медреселер (орто жана жогорку билим берүүчү) болгон. Кыргызстан 
Россия падышачылыгынын карамагына өткөндөн тартып, көчүп келген-
дер тарабынан негизделген шаар-кыштактарда орус-тузем башталгыч 
мектептери, бирин-экин гимназиялар ачылып, аларда жергиликтүү элдин 
балдарынын арасынан да тилмечтерди, катчыларды даярдоо иши кол-
го алынган. Кыргызстандын азыркы мектептик билим берүү системасы 
негизинен совет бийлигинин тушунда түзүлүп, жетилген. Кыргызстан 
өз эгемендүүлүгүнө ээ болгон күндөн бери (1991, 31-август) мектептик 
билим берүү жаатында чоң өзгөрүүлөр болуп өттү. Билим берүүнүн көп 
түрдүүлүгүн камсыз кылган, айрым предметтерди тереңдетип окутуучу 
мектеп-гимназиялар, лицейлер, автордук, жеке менчик мектептер пайда 
болду. Азыркы мектептик билим берүү базар мамилелеринин мезги-
линдеги инсандын билимге болгон керектөөсүн толук канааттандырууга 
багытталган. Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсү баштал-
гыч жалпы (1–4 класстар), негизги жалпы (5–9 класстар), орто жалпы 
(10–11 класстар) билим берүүчү болуп, үч баскычты өз ичине камтыйт. 
Мектептик окутуу 6–7 жаштан тартып башталат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   133   134   135   136   137   138   139   140   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет