Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет155/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   151   152   153   154   155   156   157   158   ...   233
Тил 
үйрөнүү
Силер эне тилиңерди билесиңерби? 
Силер кыргызча жакшы сүйлөй аласыңарбы? Орус тилиндечи? 
Тил билгениңерге байланыштуу кандайдыр бир окуяны эстеп айтып 
бергиле.
Тил үйрөнүү деген темада эмнелер тууралуу сөз кылабыз? 
2
ТИЛ ҮЙРӨНҮҮ
1-ТАПШЫРМА.
Тил – көпүрө, макта-, жатта-, улуу тил, тилдерди 
бил-, баркта-, жадыбалдай жатта-, өз-өзүнчө сакта 
деген сөз айкаштарды пайдаланып, чакан текст 
жазгыла
2-ТАПШЫРМА.
Ырдын текстин көркөм окугула
Тилдер жана энелер
Орус тили экинчи эне тилибиз, 
Ошон үчүн мактап, жаттап жүрөбүз. 
Көп элдердин ортосунда көпүрө, 
Ушул тилдин улуулугун билиңиз. 
Орус эне дагы экинчи энебиз, 
Ак эмгеги, ак сүтү бар ченегис. 
Ким барктаса өз энесин, өз тилин
Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.
Ар улуттун энеси улуу, тили улуу 
Өйдө, ылдый деп айта албайбыз эч бирин. 
Уккун мени уул, кызым, жаштарым! 
Ушул сөзүм жадыбалдай жаттагын. 
Тилди тилге, эне менен энени 
максаты:
жолдору:
пайдасы:
?


КЫРГЫЗ ТИЛИ
192
Чаташтырбай өз-өзүнчө барктагын, 
Төртөөнүн тең тазалыгын сактагын!
Б. Сарногоев
3-ТАПШЫРМА.
Өзүңөр жазган чакан текст менен
Б. Сарногоевдин ырынын текстин 
салыштыргыла. Айырмачылыктарын, 
жалпылыктарын атагыла
1. Байдылда Сарногоевдин ыры эмне жөнүндө?
2. Эмне үчүн ар башка улуттардын тилин өйдө, ылдый деп баалабаш 
керек? 
3. Акын айткандай тилди тилге чаташтырбай таза сүйлөш керек деп 
ойлойсуңарбы? Эмне үчүн? Кандай аргументтерди айта аласыңар?


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   151   152   153   154   155   156   157   158   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет