КЫРГЫЗ ТИЛИ 224
в) «Табият кыргыз элинин үйү да, дүйнөсү да болуп, ансыз жашоо
мүмкүн эместигин билишкен» (1-үзүндү, 4–6-саптар)
г) «… оюуларда … жаныбарлар, өсүмдүктөр даана чагылдырылган»
(l-үзүндү, 49–52-саптар)
9. «Өнөрүң болсо, өргө чап» деген макалдын мааниси эмнени бил- дирет? (2-үзүндү, 199-сап) а)кесибиңди танда
б) ишиңди улант
в) билимиңди жогорулат
г) чыгармачылыгыңды өркүндөт
10. Төмөндөгү цитаталардын кайсынысы эки үзүндүгө тең таандык жалпы ойду туюндура алат? а) «Ар бир жасалган буюм көркөм көчөт менен кооздолот» (2-үзүндү,
179–180-саптар)
б) «… ар кандай өсүмдүктүн ширеси боёк катары колдонулган».
(2-үзүндү, 146–147-саптар)
в) «Инь-ян» белгисин кыргыз оюуларынын ар бир композициясынан
тапса болот». (1-үзүндү, 84–86-саптар)
г) «Түркүн оюулар менен кооздолгон үйдө … эч качан чыр-чатак
болбойт…» (1-үзүндү, 98–105-саптар)
Текст Ы. Кадыровдун «Кыргыз уз-усталары» деген макаласы боюнча түзүлдү сап 5 10 20 25 Көптөгөн кылымдар бою көчмөндүк
турмушта жашаган кыргыз эли бүтүндөй
тарыхын, маданиятын муундан муунга
руханий мурас катары оозеки сакталган
«Манасына», кубанычын да, кайгысын да
батырган комузуна, бүктөп койсо бир
төөлүк жүк, тигип койсо сыймыктанар
мүлкү, турагы болгон боз үйүнө
батырган. Анын ички жасалгалары,
философиялык ой жүгүртүүлөрүн
камтыган оюм-чиймелери, зер буюмдары,
саймасы, кийим-кечеси да мына ушуну
ырастайт. Ата-энелер жашынан жүк түбүнө
отургузуп кыздарына ийне карматкан,
уулдарына камчы жасатып, ар өнөргө
машыктырган. Баланын талант шыбагасын
ойготууга түрткү берип, кол өнөрчүлүккө
ышкысын арттырган. Улуу муундагы усталар
жана уздар
улам кийинкилери үчүн өзүнчө үйрөнүп
калуунун мектеби болуп, бул жөрөлгө
колдон колго өткөн. Ошентип, эчендеген
кылымдарды карытып, атадан уулга,
энеден кызга, кайын энеден келинге
таберик катары өтүп, муундан муунга