ТИРКЕМЕ
225
55
60
65
70
75
80
85
90
95
баамдоо,
кандай материалдан кандай
буюмду жасоого боло тургандыгын
аныктоо, материалдарды көркөм иштетүү
ыкмаларын билүү сыяктуу уз-усталардын
билги-туюмдары кийинки муундарга
эмгектик тарбия берүүдө да баалуу.
Алсак, кыргыз боз үйүнүн өзү эле анын
турак жайлык маанисин эсепке албаганда
да эмне деген архитектура да,
эмне деген
математика!?
Кыргыз оюмдарында белгилүү бир
философиялык түшүнүк камтылганы
айкын. Шырдактагы, ала кийиздеги
оюмду, туш кийиздеги сайманы, зер
буюмдардагы оюм-чиймелерди
чечмелесе, алардын маңызынан өзүнчө
эле бир чоң философиялык ойду окууга
болору жашырын эмес. Ал түгүл
элибиздин карапачылык өнөрү
менен чий
буюмдарын, таш чегүүчүлүгү менен
кайышчылыгын, мүйүзчүлүгү менен шири
идиштерин эле алсак, алар көөнөрбөс
үлгүгө айланып, тарых, сүрөт жана
этнографиялык музейлердин баалуу
экспонаттарынан болуп келе жатат.
Кыргыз элинин бул материалдык
маданияты
эчактан эле көптөгөн
элдердин көңүлүн буруп келген жана
ушул мезгилге чейин эч кимди кайдыгер
калтыра элек. М. П. Рындин,
А. Н. Бернштам, К. Антипина жана
башкалар кыргыз кол өнөрчүлүгүн
изилдөөгө кыйла өмүрлөрүн арнашкан.
Элдик көркөм кол
өнөрчүлүктү өнүктүрүү, көргөзмө, кароо-
сынактарды уюштуруу жөнүндө өкмөттүн
көптөгөн токтомдору чыккан.
Кезегинде
Кыргыз Республикасынын аймагына 14
жолу экспедиция
уюштурулуп, жүздөгөн чеберлердин
өнөрчүлүк ыкмалары иликтенген. Ошого
карабастан кийинки кылымда ата-
бабаларыбыздын бул мурасын аздектеп
күтүп алуу солгундап, кыйла бөксөргөн,
тозгон. Бүгүнкү күндө кол өнөрчүлүккө
бүтүндөй өмүрүн арнаган уз-усталарды
табуунун өзү кыйындап баратат. Ал түгүл
кийинки
мезгилде дээринде шыгы бар,
Достарыңызбен бөлісу: