ТИРКЕМЕ 239
190 195 200 205 210 215 220 225 Бир тарабы ачык кубаныч билдирип,
«бекназарлап» ураан кыйкырып, түндү
башына көтөрө башташты, бир тарабы
күүлдөп, өз ара талаш куруп, сөздүн
акырына карашып, жай толкуду.
Ушулардын баарын байкап, Абил бийдин
кайта ичи тарып кетти. Бирок сыр
бербеди.
Бекназар колго таазим кылды. Те
жигиттердин четинен кимдир бирөө
«бекназарлап»
кыйкырды. Бекназар үн чыккан жакка
серп таштап, ким экенин тааный алган
жок, бозомтук таңкы шоола ичинде кара
атчан ат ойнотуп камчысын булгалап
турганын гана көрдү. – Жигиттер! – деди Бекназар, кайрат
толгон бийик үнү чууну шарт жарып
өттү.
– Паңсаттын каалоосун уктуңар. Эгер
ушундай чалкеш заманда сарытаман
атыңардын
күчүн, башыңардын баасын мага ишенип,
мени ээрчип, мага жол койгуңар келсе,
анда аскер ишиндеги мен ойлогон ойго,
мен баштаган, мен бүтөргөн бүтүмгө,
ким гана болбосун киши киришпесин!
Биринчи шартым ушул…
Бул эскертүү так өзүнө айтылып
жатканын Абил бийдин аяр көкүрөгү
кантип түшүнбөй өткөрөт? Эски айлакер
мостойду. Нечен ордо шумдуктарына
катышып көргөн куу ушу
азыр кичине алданып турганын туйду.
Бирок анын сергек акылы бу жанкечти
жүзбашы менен азырынча мамилени
жамандыкка айланткысы келбей, бардык
ызасын, заарын жашырып кадимкисиндей
жакшы жымыйып турду.
230 235 240 245 250 255 260 265 Бекназардын көкүрөгүндө зарде бар,
ал амалды бирөөлөргө кызмат кылыш
үчүн эмес, бирөөлөрдүн үстүнөн бийлик
жүргүзүш үчүн ала турган кишилерден
эле. Абил бий муну жактырчу. Эскертүү
өзүнө
катуу тийсе да, унчукпай калып калды.
Бекназарды колдоп, үндөр күүлдөп,
арттагы атчандар улам теминип келишип,
орто тарып кетти. – Жигиттер! – деди Бекназар дагы.
– Алты ай бою түзүктөп бел чечинбей,
көйнөгүбүз этибизге катты…
Жапырт коштоду үндөр.
– Бой жазышыбыз керек. Мына эми
улам тоого өйдөлөгөн сайын айлыбыз
кезигет, бириндеп калып отурабыз. Окко
учкан курдаштарыбызды, туугандарына
угузуп, ариетин кылып, анан үй-үйүбүзгө
тарап кетебиз. Ошол бойдон кабарсыз
кетишпейли. Ар айылдан бирден жигит
мени менен байланышын жоготпой
жүрсүн. Бул зарыл. Бардык жамандыкка
камдуу туралы. Андан наркысы бара-бара
көрүнө жатар.
Баатырлар! Эң акыркы шартым бул…
Дагы кандай шарт? Күүлдөгөн үндөр
тым боло түштү. – Менин сөзүм эки кылынбасын!
Сөзүмдү эч ким жыра тартпасын! Алдыма
жулкунуп эч ким ат бастырбасын! Көпчүлүк дагы дуулдап коштоду.
Бекназар каракашка аргымакты акырын
теминди:
– Тарткыла!
Ушердеги эки күндүк өргүүдө тыныга
түшкөн аргымак элире баш көтөрүп,
алчактап биринчи болуп топтон суурулду.