45 50 55 60 65 70 75 80 85 Бекназар оттун төмөн жагына сыңар
тизелеп отура калды:
– Кулак сизде.
Не кылган менен Абил бий алда
нерседен кооптуудай, ичи түтпөй турган
өңдүү. Ал Бекназарды дагы бир кадалып
тиктеди.
– Бузулар үйдөн эң биринчи ырк
кетет. Атасынан адилдик кетет, баласынан
намыс кетет, катыны айыңчы, келини
ууру болот. Бирин-бири сыйлашуудан
калат, биригип үй тутунуу милдетин
унутушат. Баатыр, мына ушуну
ойлонушубуз зарыл.
Мына, аталыктын көзү өттү, эми көрүп
алабыз, ордодо дагы ит тартыш чыгат.
Дагы кудай уруп чабыш башталат.
Тигинтип бир жактан орус сыгып
келатат. Башсыз, көзсүз, терс карашып
жатканыбызда бир күнү, же хандан
келип, же орустан келип канавайран
түшүрүп чаап кетсе, анда эмне болобуз?
– Абил бий тарамыштуу арык колу
менен сакалынын учун кармалап, ичинен
тооба келтиргенсип койду.
Абил бий жылмайган болду:
– Ордо баарыбызга тең, баатыр.
Бекназар унчуккан жок. Абил бий
анын жүзүн, а түгүл оозунан чыккан
демине чейин байкап, маани берип,
ушул сүйлөшүүдөн жакшылыкты да,
жамандыкты да күтүп отурду. Бекназар
жүзбашы дайыма бирге болуп, ысыкты,
суукту бирге көрүп,
жигиттердин көбүнө алынып кетип,
кийинки күндөрдө паңсатка анча
ийилбей, тоңмоюн болуп бараткан эле.
Эмне? Мунун бир айталбай жүргөн
кинеси, алалбай жүргөн акысы барбы?
Алымкул аталыктын киши колдуу болушу
булардын ортосун ого бетер суутуп
кетти. Эч пайдасы жок дайым эле бузула
берген ордодон такыр көңүлү калып,
ордого жакын киши деп, мурда эле
кыртышы сүйбөгөн Бекназар паңсатты